ШАКИР Олжобай: Бери кара!

Жозеф АДДИСОН

(1672-1719), англис жазуучусу

* * *

Өзүңдү чайпалбас эрктүүлүккө үйрөтүү баарынан татаал, баарынан оор.

А түзөңдөгү көлмө чайпалбай тынч турган себеби, айланасын былк этпес кыртыштуу дөң курчап турат.

* * *

Таңгалбагыла, окуп-чокуган адамдын баары акылдуу болуп кетпейт, тескерисинче, көп учурда мансапка жүткүнүп, кекирейме мүнөз күтүп калышат.

* * *

Көкөлөгөн кооз сөз сүйлөп чечен көрүнгөндөргө караганда, үндөбөй отургандык – акылы тетиктердин көптү туюндурган ишараты.

 

* * *

Дене бойго көнүгүү жасоо кандай зарыл болсо, акыл көнүгүүсүнө китеп окуу зарыл.

* * *

Мыкты китеп адамзатка автордон калтырылган таберик-мурас.

* * *

Сүйүү, достук, ал эмес бийик мүдөөлөрдү көздөп жүрүп да оомалыктан кутулбайсың.

* * *

Дүйүм тамак жайнаган дасторкон көрсөм, буктурмадан безгек, муун дарты, шишик сыяктуу далай оорулар мени аңдып тургандай элестейт.

* * *

Тамаксоолуктан качып, дене көнүгүүлөрүнүн жардамын билгенде: көп адамдар медицина көмөгүнө анча муктаж болмок эмес.

* * *

Адамга адам берген кеңештен өткөн жагымсыз нерсе жок.

* * *

Өз жайын билбегендер куру чирен келишет.