ШАКИР Олжобай: Дин – жандүйнөнүн жин оорусу

Жонатан СВИФТ
(1667-1745), англис жазуучусу

 Жаштарга карылар, карыларга жаштар кеңкелес көрүнөт.

* * *

Аксакалдар дөңдө котолоп, качанкы жаш кездеги окуяларын эскерип отурушса, бизге дайыма азыркы эмес мурунку заманда жашагандар бактылуудай туюлат.

 

* * *

Баарыле узакка жашасам дейт, деги бир картайгысы келгендер барбы?

* * *

Жакшы китеп окуймбу, жаман китеп окуймбу, айтор ал мага тирүү жандай сүйлөйт.

* * *

Көп чындык тамаша иретинде айтылат.

* * *

Даанышман качан болбосун жалгыздыкта жүрсө да жалгызсырабайт.

* * *

Кеңеш айтсаң эчким укпайт, акча берсең, баары кол сунат. Демек, адамга акылдан мурда акча керек ко!

* * *

Саясатта жүргөн калпычылардын башка калпычылардан чоң айырмасы – бүгүн айткандарын эртең унутат.

* * *

Өзүңө өзүң жардам берсең, досторуң урматтай баштайт.

* * *

Сатира – коом күзгүсү. Андан өзүңөн башкалардын кебете-кешпири көрүнүп турат.

* * *

Кагазга биз чымындын сүрөтүн өзүнөн чоң, пилдикин өзүнөн кичине тартабыз.

* * *

Колго көзүрлөр келмейин эле карта жакшы аралашпай калыптыр деп уңулдай бермейибиз бар.

* * *

Чыныгы гений жаралганын бир эле нерседен баамдасаң болот: мээси жоктордун баары биригип, генийге каршы күрөш жүргүзө баштайт.

* * *

Адатта мөмө-жемиштердин эң жакшыларына курт жабышкандай: жакшы адамдарга да жалаа тез жабышат.

* * *

Китеп – акыл-ойдун тукуму.

* * *

Дин – жандүйнөнүн жин оорусу.

* * *

Сатира – күзгү: андан аркимдин бейнесин көрөсүң, бир гана өзүңкүн көрбөйсүң.

Олжобай ШАКИР