ШАКИР Олжобай: ЖОНАТАН СВИФТ: КИТЕП – АКЫЛ-ОЙДУН ТУКУМУ

Жан РАСИН
(1639-1699), француз драматургу жана акын

Зулумдардын тили каруусу катыганга чейин бал татып турат.

* * *

Үндөбөй кайгыргандардын күйүтү оор болот.

♦ ♦ ♦

Франклин Делано РУЗВЕЛЬТ
(1882-1945), АКШ президенти

Эгер бетиң кериктин[1] жонтерисинен жука болсо, саясатка жолобо!

♦ ♦ ♦

Жан-Жак РУССО
(1712-1778), француз жазуучусу

Улуу окуя улуу инсандарды жаратат.

* * *

Адам адам болалбай туруп философ болбойт.

* * *

Бизге эң улуу устат – тажрыйба жана сезим.

* * *

Мамлекеттин жүрөгү – мыйзам чыгаруу бийлиги, ал эми мээси – аткаруу бийлиги.

* * *

Мамлекетти башкалардан көзкарандысыз абалда кармай турган жападан жалгыз мүмкүнчүлүк, бул – айылчарба. Арийне, дүйнөлүк башка байлыктарга ээлик кылып, өлкөнүн соода тармагы дүркүрөп, бакубаттыкка жеткен күндө да, акыры башкалардын азык-түлүгүнө көзкарандылык жаралат. Андыктан толук көзкарандысыздык дегенди айылчарба деп түшүнүш керек.

* * *

Артыкчылыктын бардык түрүн жеке адамдардын колуна берген, бул – эл, бирок ошол артыкчылыктын жүгүн жеке адамдар эмес, караламан калк өзү көтөрөт.

* * *

Карапайым эл менен баарлашууну каалаган кеменгер өз тилинде эмес, элге жеткиликтүү тилде сүйлөөгө тийиш. Тил бул – көп маанилүүлүк, анын ичинде элге жугумдуу тилде сүйлөө – баарынан кыйын.

* * *

Аялдык касиет – назиктик, сезимталдык жана сабырдуулук.

♦ ♦ ♦

Шота РУСТАВЕЛИ
(1172-1216), грузин акыны

Жарабай турса керекке,
Акылдан эмне береке?

* * *

Жандай дос кимге табылбайт, –
Башынан шору арылбайт.

* * *

Карамүртөздөр суук кабардан да жагымдуу ыракат алат.

* * *

Дарыгерге дайын болбой оболу,
Дарттан жанды айыктырган болобу?

* * *

Жазмышты эстүү тоготпойт,
Эссиздер гана шолоктойт.

♦ ♦ ♦

Ганс САКС
(1494-1576), немис акыны

Аял сокур, а эркекте болсо кереңдик –
Бактысы зор ал никеге кетпейт терең жик.

* * *

Күйөө койсо калп сүйлөгөн жорукту –
Калпын коёт аны көргөн колукту.

♦ ♦ ♦

Жонатан СВИФТ
(1667-1745), англис жазуучусу

Чыныгы гений жаралганын бир эле нерседен баамдасаң болот: мээси жоктордун баары биригип, генийге каршы күрөш жүргүзө баштайт.

* * *

Адатта мөмө-жемиштердин эң жакшыларына курт жабышкандай: жакшы адамдарга да жалаа тез жабышат.

* * *

Китеп – акыл-ойдун тукуму.

* * *

Дин – жандүйнөнүн жин оорусу.

* * *

Сатира – күзгү: андан ар кимдин бейнесин көрөсүң, бир гана өзүңкүн көрбөйсүң.

♦ ♦ ♦

Мигел де СЕРВАНТЕС
(1547-1616), испан жазуучусу

Мамлекеттик кызматтагы бекерпоз чартаңбайлар кудум мээнетчил аарылар жыйган балды тооруган аарылардай: башкалар таап келген ырыскыны шимип турушат.

* * *

Ойлонбой сүйлөө – бутаны мээлебей аткандай кеп.

* * *

Бактылуу жубайлар эки жүрөккө ээ, бирок бир чечим менен жашайт.

* * *

Кеп кимден туулганыңда эмес, кандай чөйрөдө жүргөнүңдө.

Которгон Олжобай ШАКИР

[1] Керик – носорог