ШАКИР Олжобай: ЖОРЖ КУРТЕЛИН: ЭЧ БИР АЙБАН УРГААЧЫСЫН УРБАЙТ, АДАМДАР ГАНА УРАТ

«Милдет» дегенди оозунан түшүрбөгөндөр жетекчилик кызматка жеткиси келгендер.
Жан ЖИРОДУ

Эң жакшы музыка эле тынчтык.

* * *

Баатырлар көп, баатыр мүнөздүүлөр чанда болот.
Поль КЛОДЕЛЬ

Өзүңүздөн жашырактар менен сый болуңуз, сиз жөнүндө жаза турган ошолор.
Сирил КОННОЛИ

Эркектин аял үчүн кылгандары аялга эч бир көрүнбөйт, аял үчүн эркек эч нерсе кылбаса көрүнүп калат.

* * *

Канаттанарлык айлык таап келерибизди кошуналар баалагандай, аялдарыбыз бааласа, биз эркектер кандай бактылуу болот элек!

* * *

Эгерде ажылдаган аялыңдын жаагын жапканга амал таппасаң, саба.

* * *

Эч бир айбан ургаачысын урбайт, адамдар гана урат.
Жорж КУРТЕЛИН

Улуу адамдар идея, майда адамдар баш жазмай, орто заарлар буюм-терим жөнүндө сүйлөшөт.

* * *

Эчкачан бирөөнүн китебинин мукабасын талкуулаба.
Фран ЛЕБОВИЦ

Сотко караганда сүрөткерди кудайымдай көрөм.

* * *

Эски саясатчылар эски актерлор сыяктуу жарык чакчайган жерде жанданат.
Марколм МАГГЕРИЖ

Элдик өнөр калган жок, анткени бир да эл жок.
Андре МАЛЬРО

Аялдар менен пилдер кекчил болушат.
Гектор Хью МАНРО

Жазуучулук мээнет менен байыгың келсе, окурмандар сенин жазгандарыңды окуганда эриндери эринге тийбегендей болсун.
Дон МАРКИС

Которгон Олжобай ШАКИР