ШАКИР Олжобай: ЖӨЛӨНГӨН БАЛДАГЫҢ МЕНЕН ТАП БЕРБЕ

♦ ♦ ♦

Гилберт ЧЕСТЕРТОН
(1874-1036), англис жазуучусу  

Ар бир саясатчынын кабат-кабат убадасы бүтпөйт.

* * *

Ар ким абдан так, калыс маалымат алгысы келет, бирок өзүнүн гана көзкарашына туура келчүсүн.

* * *

Ичимдикти башка убакта ич, кайгы басып турганда оозго алба.

♦ ♦ ♦

Малькольм де ШАЗАЛЬ
(1902-1981), француз жазуучусу  

Эшек өзүнүн эшек тукумунан экенин далилдеш үчүн айкырат, акмактар да ошол.

* * *

Бирөөнү ишендирем десең, кулагына шыбыра. Адамдар шыбыр кепке катуу ишенет.

♦ ♦ ♦

Мечислав ШАРГАН
(т.1933-?). поляк афористи

Сапарга да, ууруга да ким менен чыгышты биле жүр.

* * *

Эркекти Теңир Обо эненин кабыргасынан жаратканда анык күчкө ээ болмок.

* * *

Канкор да өз абийирин таза деп ойлойт.

♦ ♦ ♦

Хуго ШТЕЙНХАУС
(1887-1972), поляк математиги

Башкаруу кыйын, муну билген акылдуулар дайыма келесоолорду башчылыкка түртөт. Акылдуулардын эмне үчүн жаны жай экенин көрдүңөрбү?

* * *

Кабарчы болуш үчүн эчкандай квалификациянын кереги жок, бирок гезит окуш үчүн коом, адам таануу түшүнүгүң болуш керек.

♦ ♦ ♦

Ясон ЭВАНГЕЛУ
(?-1926), грек ойчулу жана акын

Тоонун туу чокусуна чыксам эле асманга жакындайм деп ойлобо, бирок албетте, түзөңдү даана көрөсүң.

* * *

Жөлөнгөн балдагың менен тап бербе.

* * *

Кубаныч кирген босогодон кайгы да кирет.

* * *

Чөнтөгү тешиктердин философиясы – ишеним. Чөнтөгү калыңдардын ишеними – философия.

* * *

Эрин жамандаган катындын кебинен жыйынтык чыгарба.

Которгон Олжобай ШАКИР