АБЫКАЕВ Абийирбек: АБИЙРБЕК АБЫКАЕВ: КУЙРУЧУКТАЙ КУУДУЛ ЭЛЕТТИКТЕР-III

Сартбек Сыдык уулу, (1917-2003)

Ата теги: Сарбагыш-Дөөлөсбакты-Жантай-Сары-Бөрүчөк-Атабай-Түлкү-Темиржан-Эркесары-Орозбай- Балкыбек-Чыңгыш-Супатай-Бектур-Сыдык-Сартбек

Эл ичи өнөр кенчи демекчи,  ар бир айылда,  ар убактарда сөзү,  жоругу менен элди эриктирбей эрмек болуп,  айыл турмушун кооздоп,  келген ой-чабыты күчтүү адамдар болуп келген. Андай адамдар жөн турмушта калп айтып,  бирөөлөрдү алдаган жан эмес.  Бирок кээ бирде “илхомдору” келгенде,  ойго келбегендей окуяларды чындай  чубуртмайлары бар. Ошондой адамдардын бири ыраматылык Сартбек байкем эле.   Эл арасында таптаза кийинип, чыкчыйып отуруп алып,  аңгемелерин баштаар эле.   Намазаалы атам:  “Бул Сартбек,  сен  чеченсиң,  себеби, чечен деп калпты чындай,  чынды калптай айта билген кишини айтабыз”,— деп азилдешип жатканын нечен уккам.

Эмесе Сартбек байкемдин өз оозунан уккан тамашаларынан сиздерге тартуу кылайын.

— Илгери Совет мамлекетинин жолдомосу менен Оштун бир айылына барып,  айыл кеңешинин төрагасы болуп иштеп калдым, — деп баштады Сартбек байкем аңгемесин.  – Бир күнү колхоздун Раиси келип: «Сельсовет аке,  эртең токойго барып тамаша кылып келбейликпи», —деп  калды.   Макул болуп,  эртеси бир топ колхоз активтери менен Арсланбап токоюна жөнөдүк.  Токойго барганда,  машинелеринен үч метрдей жоон чынжыр алып чыгып,  бир учун шынаа менен өсүп турган даракка кагып бекитип,  бир учун ортосун жарака кылып,  жаракаларды жыгач шынаалар менен тиретип ачып койгон кесилген жоон жыгачка кагып,  жаракага жарты чакадай бал төгүп коюшту.

— Мунуңар эмнеңер?— деп таң кала сурасам:

— Сельсовет аке,  тамашаны анан көрөсүз, — деп коюшту.

Нарыраак барып козуга бата тилеп союшту.  Эт бышып алдыга тартылар мезгилде ачуу бакырык угулуп,  баарыбыз чуркап барсак, баягы жаракадагы балды жейм деп келген килтейген аюу,  колу менен жыгач шынааларды жылдырганда жарака жабылып,  аюунун манжаларынан кыпчып калган экен.   Ошентип ал жолу аюунун тамашасын көрүп келдик.

Кийинки дем алышта баягы Раис келип,  дагы тамаша көрүп эс алып келүүгө чакырды.   Бул жолкусунда ошол тараптан бир эшек таап келишип бакка байлап,  үстүнө бир чака желимди жаба төгүп салышты.

— Мунуңар эмнеңер?— деп  суроомду узатсам:

— Сельсовет аке,  жудаа тамашаны анан көрөсүз, — деп коюшту.

Бая күнкүдөй нарыраак барып,  бата тиленип козу союлду. Бир эт бышым болуп калганда  кыйкырык чыкты.  Чуркап барсак,  бир маймыл эшекке секирип минип алып,  желимге жабышып,  кайра түшө албай кыйкырып жаткан экен.   Мына ошентип Раис  үкөм кызык тамашаларды көргөздү эле, —деп  кара сакалын сылап,  андан ары сөзүн башкага бурду.

Чиркин,  бу жылкы баласы башкача болот экен.   Бир жолу жолдошторум  менен тээ,  ак мөңгүлөрдүн этегинде мергенчилик кылып жүргөн элек.   Эми ал тоолордун бийиктигин мындан бил,  так чокусуна чыкканда колуңдагы саат абанын суюктугунан токтоп калат экен.   Бир теке жарадар болуп,  кыр ашып кеткенинен ошол жакка жыгылды го деп болжолдоп,  бир жолдошум артынан кетип жок.   Бир топко келбегенинен эмне болду деп тынсызданып издеп барсак,  аты тайгаланып,  илгери жер титирегенде пайда болгон мөңгүнүн жаракасына түшүп кетиптир.

Миң аракеттенсек да,  атты чыгара алган жокпуз.   Ошол бойдон кийинки жылы баягы жакка дагы барып,  баягы ат өлгөндүр деп карасак,  силерге калп мага чын,  өлмөк түгүл баягы ат жылтырап семирип алган экен.   Көрсө,  көгөндөр кышкысын мөңгүнүн жаракасына кыштайт тура,  жалаң көгөн жеп атып семириптир жарыктык.   Дагы бир жолу жаздоодо  таң ашырып койгон атым чылбырын үзүп,  таба албай калдым.   Жайлоого көчүп кеттик.   Күзүндө баягы жерге көчүп келсек баягы атым жүрөт.   Сууга тийип чоюлган кайыш тизгин ээрдин кашына чалынган бойдон.

Ат семирип,  өскөн жүнү булгаары капталган тердикти тешип чыккан экен. Көрсө,  оозу жердеги чөпкө жетпей,  жалаң ышкындын башын терип жеп жүрүп семирген экен, —дегенде,  Намазаалы чоң атам:

— Кайран Сакем,  кайран Сакем мына чечен деп мен сени бекер жерден айтпайм да, — деп  карсылдап күлгөнү эсимде.

Турдаалы Айманбай уулу, (1929-1995)

Ата теги: Сарбагыш-Дөөлөсбакты-Токо-Молой-Карауста-Ыбырайым-Айманбай-Турдалы.

Турдаалы Жумагулдун бир тууган жээни,  менин бир тууган таякем,  өзү дагы,  сөзү дагы таякесине окшош эле.  Чукугандай сөз таап айтып коюп,  өз сөзүнө маашырлана бир топко каткырып калар эле. Эми анын айрым сөздөрүнөн эстей кетейин.

Айылда Турат аттуу жигитибиз бар эле.   Кичинесинен ата-энеси эркелетип:  «Тоголок» деп чакырышкандыктан өз аты унтулуп,  айылдагылар көп убакка чейин Тоголок деп чакырышчу. Ошол Тоголок бир жылдары совхоздун устаканасында иштеп калды.  Турдаалы атын такалатам деп,  Тоголокту эки-үч күн катары менен  издеп келип кармай албайт. Келсе жок болот,  болсо азыр келем деп бир жакка кетип калып келбейт.  Үчүнчү күнү дагы бир жакка жылт коё турган болгондо: «Сен Тоголок болбой эле Жалпак болсоң болмок экен,  издеген кишилер убара болмок эмес»,- дегенде турган эл дуу күлүп,  уялып калган Тоголок,  Тукеңдин атын тез эле такалап берип жолго салыптыр.

*   *   *

Совхоздун тоют цехинде көп жыл Асылташ кароолчу болуп иштеп жүрдү.  Кандайдыр бир себеп менен Асылташ ал жумуштан түшүп,  анын ордуна Турдаалынын уулу Асыл турду.  Анда Тукең айтып жатпайбы:   «Ташы кулап кетип,  Асылы калды.  » (Асыл+таш)

*   *   *

СССР кулап,  совхоз таркап,  Кыргызстанда алгачкылардан болуп биздин айылда дыйкан чарбалар түзүлдү. Жайлата жыйган чөбүбүз өрттөнүп кетип,  үлүшкө тийген койлорубузду кесүүлөшүп,  Кургак деген кыштоого багып жүрдүк.  Турдалынын бир тууган иниси,  көп жыл геолог болуп иштеп пенсияга чыккан Айнидиндин кесүүсүндө туманда бөлүнүп калып,  бир топ койду карышкыр кырып кетти.   Анда Тукең:

— Айнидин кой кайтарбай эле таш карап кеткен го, — деп жатпайбы.

*   *   *

Турдалы кудасы Куттубектен чоң чабдар  атты 14 койго сатып алыптыр.   Арабасы менен менин чөбүмдү тартып жатканбыз.

— Кымбат алып алгансың го таяке,  десем:

— 14 кой араба сүйрөп,  сенин чөбүңдү тартып бере алат беле?— деп койду, чабдарын моюнга алаканы менен чаап.

*   *   *

Филип деген орус менен айдоого жүрүп баратып токтогон “ДТ” тракторунун 4 корпустуу сокосун мелдеше кетип,  бороздон чыгара көтөргөн Найман деген балбан байкебиз бар эле.  Бир күнү сөздөн сөз чыгып,  Найман менен Турдалы уруша кетишет.   Найман:

— Азыр кармап туруп,  белиңден экиге бөлүп салам, —деп ызырынса,  Тукең:

— Ылдый жагын аялыңа алпарып бер, — дегенде,  Найман бурулуп басып кетти.

*   *   *

Турдалы кемпири Айтбүбүбү экөө айылчылап ылдый бармай болушат.  Автобус жуп жүрө турган болгондо,  Тукең сыртка заара ушатканы чыгып кетет.  Шофер жигит:

— Болуңуз ата, убакыт болду, —деп терезеден башын чыгарып шаштырса:

— Коё тур балам,  жаңы ийип келатам, —деп элди күлдүрдү.

*   *   *

Төкебек жаш келинчек алып,  Быстровканын автобазасында иштеп жүргөн.  Айылга келип бир тойдун үстүнөн чыгып, келинчегин алып келгенге үлгүрбөй калды.  Жаңы үйлөнгөн неме келинчегин ойлоп сарсанаа болдубу  же элди күлдүрөйүн дедиби,  айтор кайра-кайра:

— Аялымды автобазанын балдары тытып жатат ко, —дегенин уккан Турдаалы:

— Төкебек,  сен аял албай эле жүн алгансың го, – деди эле Төкебек жанагы сөзүн экинчи кайталагыс болду.

*   *   *

Жакын иниси Үсөнкандын келинчеги Шакен бир жумуштап келип эшикке чыга калган кайын агасына учурашып,  ал сурап:

— Аке,  кандай жатасыздар?— десе:

— Ар кандай жатабыз, балам. Кээде жеңең экөөбүз бири-бирибизди карап жатабыз,  кээде экөөбүз эки жакты карап жатабыз, —десе,  келини уялып үйгө кире качты.

*   *   *

Турдаалы тоо таяна жайгашкан кашарда мал багып туруп калды.  Бир күнү коңшу кашарда мал баккан Кеке деген жигит келип:

– Байке,  көк бээм жок,  көргөн жоксуңбу? – деп келип кетти.

— Жок балам,  көргөн жокмун, — дегенине карабай  ары өтүп бир сурайт,  бери өтүп бир сурайт.  Үчүнчү жолу:

— Байке көк бээни көргөн жоксуңбу, — деп келсе,  ачуусу келген Тукең:

— Энеңди кана урайын,  мен эмне чучук жыттанып жатамбы? Эмне эле мени тегеренесиң? — дегенде, Кеке кечирим сурап кеткенге шашты.