ШАКИР Олжобай: БУГУЛАР АДАМДАРГА АҢЧЫЛЫК КЫЛГАНЫ ЖӨНҮНДӨ ИНДЕЙСТЕРДИН УЛАМЫШЫ (САУК УРУУСУ)

Индейс жомогу

Те качанкы заманда токой жаныбарларынын көбү адамдарга аңчылык кылчу экен. Висакё бир курдай сапарга чыгып, Бугуга кабылат.
Висакё:
– Кайда жол тарттың, тууганым? – дейт Бугудан.
– Аны сен сураба, мен айтпайын, – дейт Бугу үшкүрүнүп, – адамдарга аңчылыкка чыктым. Андан көрө жакын аралыктан адам баласына кезиккениң жокпу?
– Бир чакырымдай жерден кезиктирдим, – деп жооп берет Висакё.
Бугу адам издеп жүгүрүп кетет. Висакё болсо мүшөгүнө жапайы алмаларды терип, таанылып калбаш үчүн өз өңүнө ылай шыбайт да, мүшөктү жонуна артынып, жолун улайт. Көп өтпөй Бугуга кайрадан кезигет.
Бугу Висакёну тааныбайт. Висакёго эки арыштап жетип, жонуна тишин матырат. Бирок ал Висакёнун жонундагы алма салынган мүшөк болучу! Жапайы алманын даамы абыдан кычкыл болгондуктан – Бугу ошол замат оозундагы «олжодон» тишин бошотуп, ачуурканып түкүрүнөт, башын силкилдетет. Өзүнө араң келет.
Ошондон тарта жапайы алманын даамынан ачуурканып калган бугулар адамдардан оолак качып калган экен.

Которгон Олжобай ШАКИР