ШАКИР Олжобай: Чындыкка караганда катачылыкты оңой табасың

Иоганн Вольфганг ГЕТЕ
(1749-1832), немис акыны

Жай иштесең, тыныгуусуз тырбаңдайсың.

* * *

Оюңда эмне болсо ага толгон-токой далил кыпчып буйтаңдатпай, дайыма түз айт. Канчалык көрүнгөн далилди келтирсең, барыбир айткан-дегениң көп сөзгө айланып, сага кулак түргөндөр пикириңди да, далилиңди да укпайт.

* * *

Чындык карама-каршы эки пикирдин ортосунда дешет. Ишенбейм! Экөөнүн ортосунда балээден башка эч нерсе жок.

 

* * *

Эгер өлүмдү таптакыр жоюуга мүмкүн болсо, ага эч бир жан каршы чыкмак эмес. А өлүм жазасын таптакыр жоюуга мүмкүн десекчи? Мүмкүн болгон күнү деле акыры аны барибир калыбына келтирүүгө аргасыз болобуз.

* * *

Эч качан жаңылбаган адамдар да бар, себеби алар эч качан бир нерсе кылгылары келбейт.

* * *

Билимсиз кезде эмес, билимдүү болгон сайын билимиңден шектене бересиң.

* * *

Ким өтө билимдүү болсо, ага көпчүлүк карама-каршы чыгары турган иш.

* * *

Арким өзүнө керектүү кепти гана кулагына куят.

* * *

Арким өзүнүн жарытпаган акылы менен башкаларды да өзүндөй тарбиялаганга кыйын.

* * *

Адамдар кантип өзүн өзү тааныйт? Четте карап турбай, билегин түрүнүп ишке шымаланганда гана. Ишти баштап көр, өзүңдүн ким экениңди дароо билесиң.

* * *

Биринчи топчусун туура эмес бүчүлөгөн адам, кийинкилерин да туура эмес бүчүлөйт.

* * *

Лирика майда-чүйдөсүнө чейин аз-аз жөнөкөй болууга тийиш.

* * *

Жаштык – бир заматта айыккан оорудай.

* * *

Бизди бийикке чыккан тепкичтер эмес, бийиктик азгырат. Ага төмөндөн өйдө карайбыз да, бийикке жетчү жол түз болсо не дейбиз.

* * *

Айрым китептер окурман бирдеңке алсын үчүн эмес, болгону автору көнүгүү иретинде жарыкка чыгарган дөдөмөлдөр.

* * *

Чындыкка караганда катачылыкты оңой табасың

* * *

Айрым акындар дайыма өздөрүнүн таманын өздөрү соргон аюга окшош.

* * *

Көпчүлүктөн өткөн итиркейимди келтирген нерсе жок.

* * *

Башкаруучу болуш оңой, башчы болуш кыйын.

* * *

Жашообуздун поэзиясы – ырым-жырымдар.

* * *

Бактылуу адам укмуштун укмушуна да таңгалбайт.

* * *

Чынчыл болууга убада берем, бирок адилеттүү болууга эмес.

Кыргызчалаган О.ШАКИР