АБЫКАЕВ Абийирбек: АБИЙРБЕК АБЫКАЕВ: КУЙРУЧУКТАЙ КУУДУЛ ЭЛЕТТИКТЕР-IV

Керим Сатар уулу, (1936-1998)

Ата теги:  Сарбагыш-Дөөлөсбакты-Жантай-Сары-Бөрүчөк-Айкө-Боктубай-Кудайбакты- Иман-Качкынбай-Сагынбай-Сатар-Керим.

Керим жыла басып,  жылдыра сүйлөгөн, адамкерчиликтүү,  юморго бай,  сүйлөй электе эле адамды күлкүгө таркан мүнөзү бар жагымдуу адам эле.  Акырын куйкум сөзүн айтып коюп,  билмексен кишидей туруп калчу. Чындыгында,  Керимди угуп,  көрбөгөн адамдарга,  Карамолдонун залкар күүсүн айылдык комузчу черткендей, Мыскалдын ырын окуучу кыз ырдагандай эле,  анын сөздөрүнүн салмагы бир топ жоголот.   Ошондой болсо да  анын кээ бир сөздөрүнө чогуу күбө бололук.

*   *   *

Балыкчыдан теңтушу Камза экөө автобуска түшүп Быстровканы карай жөнөшөт.   Бойдок немелер жөнөй берерде винодон бастырып алышкан.  Көк-Мойноктон өтө бергенде,  Керим астынкы орунда улгайган энеси менен отурган өзү теңдүү кызды мойнунан имере тартып өөп жиберсе болобу.  Ошол жерден ызы-чуу башталып,  тиги аял автобусту кайра Балыкчыга айдатып,  экөөнү милицияга тапшырмак болот.

Автобуста бир аксакал киши ортого түшүп:

— «Битке эрегишип көйнөгүңдү отко салба» деген,  ушул экөө үчүн ушунча кишини жолдон калтырба байбиче,  жаштык мастык кылышыптыр,  кечирип кой буларды, — деп жатып автобусту кайра оң жолго салышты.

Быстровкага жеткиче автобустагылар экөөнү ит талагандай кылышты.   Камза ичинен:  «Сениби Керим,  жерге түшөрбүз,  кыз өпкөндү көргөзбөсөмбү»— деп  жинденип келатты.   Быстровкадан автобустан түшөр замат Керим Камзадан озунуп:

— Камза, сен теңтушчулукка жок ит экенсиң, — дебеспи.

Камза түшүнбөй:

— Ии, мен эмне кылышым керек эле?— деп жиндене сурады.

— Мен кызын өпкөндө, сен энесин өппөйт белең,  кыйкырбай тынч отура бермек,— дегенде Камза айла жок күлүп,  ачуусу таркаган экен.

*   *   *

Керим бир жылдары совхоздо экспедитор болуп иштеп калат.   Быстровкадан мугалимдерге,  догдурларга бекер таш көмүр берчү ал кездерде.   Көмүр жүктөп келатканда анча-мынча саткан көмүрдүн ордун толтуруш үчүн капчыгайдан таш салып аралаштырып коюп жүрөт. Бир күнү директорго арыз түшөт,  Керим алып келген көмүрдүн арасы таш болуп жатат деген.   Директор Керимди чакырып арызды окуп берсе айтат дейт:

— Аксакал, мен таш көмүр ташысам таш чыгат да,  аты эле айтып жатпайбы,  эгерде ташы жок болсо жөн эле көмүр деп айтышпайт беле, — деп директорду күлдүрүп кутулган экен.

*   *   *

Баласы Осмон совхоздо кассир болуп иштеп жүрдү.  Бир күнү бир теңтушу,  Кеке баш жазсаң боло десе:   «Үйдө эки кассир болсо,  мага акча артмак беле» –деп жатпайбы,  көрсө уулуна кошуп,  аялын  айтып жаткан тура.

*   *   *

Бухгалтерияда чогуу иштеген жигитке Керим :

— Жаке,  акча чогултуп баш жазбайлыкпы,—десе,  тиги жигит:

— Ооруп турам,  дары ичип жаттым эле, —деп  көңүлдөнбөйт.

Анда Кекең:

— Сени менен чогуу ооругандардын сөөгү чиригенине 10 жылча болду го, —деп күйгүзүптүр.

*   *   *

Ошол жигит Керимдин күйдүргү сөздөрүнө чыдабай,  бир күнү кызуулугу менен ага жулунуп барып,  бирок улуу деп сыйлаганбы, кайра токтоп калат.  Ачуусу таркап кадимки кездериндей аркы беркини сүйлөшүп отурганда Кекең:

— Ээ Жаке,  каппаса да иттин сүрү жаман турбайбы,  я?— деп  кайра безине тийиптир.

*   *   *

Үйүндөгү электр счетчиги бузулганына бир топ болгон.  Электрик балдарга айтса:

— Макул байке,  барабыз, —деп  коюп,  барбай жүрүшкөн.  Бир күнү тигилердин баштары ооруп турганын байкаганбы,  контордогу элден четке бөлүп чыгып,  Арстанбектин кулагына:

— Тополоң экөөң үй жакка барып баягы счетчикти карап,  айран-пайран ичип кеткиле, —деп шыбырап коюп,  конторго кирип кетет.

Баштары ооруп турган эргулдар,  бирдемкесин камдап койгон экен дешип,  түз эле Керимдин үйүнө келишип,  счетчикти оңдоп жиберишет.   Эч нерседен капары жок Базарбүбү эже,  тигилерге тигилер күткөн «пайраны» жок айранын берип узатыптыр.