ШАКИР Олжобай: ОРАЙДА

Карачай жомогу

Бул окуя кылымдардан бери келет. Учкулан капчыгайында чогулган эл балбандардын балбанын аныктоого жыйылган экен. Балбандар көпкө алышат. Акыры Өйдөңкү-Теберд тараптан чыккан Хасан аттуу балбан баарын көтөрүп уруп бозала кылат.

Келбети келишип зоңкойгон, кара каш, кара көздүү, чарчоону билбеген неме экен ал. Бир убакта котологондордун арасынан бою зыңкыйган, жүзүнө чүмбөт жамынган бирөө чыгып, Хасан менен күч сынашарын билдирет. Бүйрү кызып турган эл жок демекпи, Тебердден чыккан балбан менен күрөшүүгө кайраты жетээр немени күрөштүрмөк болуп дуулдап калышат. Экөө ортого чыгат. Көпкө алышат, көпкө чалышат. Тирешип калышат! Акыры чүмбөтчөн неме теберддик балбанды көтөрүп уруп, далысын жер жыттатат.

 

– Эп, болбостур! Өмүрүмдө мени бүгүнкүдөй көтөрүп урган жан чыкпаган. Айтчы, атың ким? Өңүңдү көрсөтчү! Акыры башта бир өлүм дейт, башыма ажал келген күнү сага таазим кылып өтөйүн, – дептир алдыда жаткан балбан.

– Бай-бай! Эр экен! Шер экен! – капчыгай ичи дуулдап калды бак-бак.

Топ арасынан тору байтал минген бозулан атырылып келип, чүмбөт жамынган баатырдын баш кийимин сыйрып кетти. Күн десең – Күндөй, Ай десең – Айдай жаркыган Орайда сулуу турбайбы, гөтөк! Жыгылып жаткан баатыр Орайданы көрүп, эс-мас селейди. Ошол замат оозунан ашыглык ыры төгүлдү. Ажары айдай сулууну мактады. Банттуу сулуу да аяптоор байсал күтүп, алдына тартылган байталды минип качпады.

– Капчыгай ичинде болгон окуя белден ары ашпасын. Кеп капчыгай ичинде калсын. Теңир өзү келишкен бул эки жанды бири-бирине төп жараткан бейм. Мынча болду, экөөнүн башы кошулган жар болсун! – деп чуулдап ийди карылар.

Кыз да, жигит да муну эп көрдү. Бири-бирине пейилдери ооп, жар болуп калышты.

Андан бери далай суулар акты, канаттуулар кайкыды. Орайданын сулуу ажарын адамдар тургай тоо-таштар да унутуп койду, бирак анын эрдиги жашап калды.

Той-торопо шаңында анын аты гана жаңырат азыр. Орайда деген ысым айтылмайын шаңдуу майрам да башталбайт, кыздар Орайда деген ысымды ооздон түшүрбөй көшөгөгө башбагат, Орайда деген ырды созуп, кыздар турмуш босогосун аттайт.

Кыргызчалаган Олжобай ШАКИР