ШАКИР Олжобай: КЕМЧИЛИГИҢДИ ЧУКУЛАП АЙТЫП ТУРГАН КАРШЫЛАШЫҢ – КЕМЧИЛИГИҢДИ ЭЧ АЙТПАГАН ДОСКО КАРАГАНДА ТӨӨЛҮК ӨЙДӨ

Леонардо Да ВИНЧИ (1452-1519), италиялык сүрөтчүсү

Жүрөктүн жетегине ээрчибеген сүрөтчү искусство жараталбайт.

* * *

Атак-даңк эки колдун эмгегинен.

* * *

Бардык тоскоолдуктарды өжөрлүк гана жеңет.

* * *

Илим – капитан, а практика – солдат.

* * *

Тажрыйбанын аркасы менен жаралбаган илим-билим бүтүндөй жаңылыштыкка кабылары шексиз.

* * *

Сүрөт – бул көзүң көргөн поэзия, поэзия – кулак уккан сүрөт.

* * *

Сүрөт менен жаратылыш дайыма күч сынашып турат.

* * *

Кемчилигиңди чукулап айтып турган каршылашың – кемчилигиңди эч айтпаган доско караганда төөлүк өйдө.

* * *

Акылга сыяр далил табылбаган жерде дайыма ызы-чуу чыгат.

* * *

Кеңешти кимден сураш керек? Өзүн өзү жеңе билген адамдан.

* * *

Жашоону баалабаган кулпенденин жер үстүндө басып жүргөнгө да акысы жок.

* * *

Маңдай тердин даамы ачуу болот, бирок чыдамың жетип, билимиңдин үрөнүн жан үрөп сепсең, мээнеттин даамы кандай ширин.

* * *

Жөндөмү туруп, бирок ошол жөндөмүн арттырып кеталбаган адам бара-бара жатып ичер жалкоо болуп, ашкере мактанчаак болуп чыгат. Андайлардын эсин туман каптап, акыл пештөөсү начарлап, тирүү өлүккө айланат. Ошентип “алма быш, оозума түш” деп куу кекиртектин кулу болгондордун жантурпаты дат баскан темирдей чирийт.

* * *

Көз менен кулак башкалардын жансырын билүүгө качан болбосун аңчылык кыла берет.

* * *

Мен башкаларга кызмат кылуудан эч чарчабайм. Өлөрдө да жедеп чарчаганда гана көзүм жумулса дейм.

* * *

Адам үч түргө бөлүнөт: өздөрү көргөн, бирөө көрсөткөндү көргөн, анан эчнерсени көрбөгөн.

* * *

Жүзүнөн нур тамган келишимдүү жаштыктын ажары канткенде өчөт? Ашкере кооз боёктор менен чампалай бергенде.

Которгон Олжобай ШАКИР