ШАКИР Олжобай: КЕСИПКӨЙ АЯЛГА КҮЙӨӨНҮН КЕРЕГИ ЖОК, ОЙНОШ КҮТКӨНҮ ЖЕТЕТ

Альфред КАПЮ
(1858-1922), француз жазуучусу

О, Кудай, мени бир каражандын кайгысынан куткарчы, жандүйнө кайгысынан өзүм эптеп кутулармын!

* * *

Өзүң да акыры бир акыйкатсыз иш кылганга чейин жашоодогу акыйкатсыз башка иштерге сабырдуу бол.

* * *

Кесипкөй аялга күйөөнүн кереги жок, ойнош күткөнү жетет.

* * *

Эгерде түгөйлөрдүн бирөө сүйүп, бирөө сүйбөсө баарынан жаманы ошол. Агер экөө тең бири-бирин сүйбөсө, андай никедегилер бактылуу болуп калышы да мүмкүн.

Марсель ЖУАНДО
(1888-1979), француз жазуучусу

Акынга турмушка чыккан аял эң биринчи эмнени байкайт? Туалетке кирип чыккан күйөөсү суу агызганды унутуп коёрун.

* * *

Убакыттан кымбат эчнерсе жок экенин билебиз, бирок анын канчасын коромжулаганыбызды санабайбыз.

* * *

Өзүн тарыхта калтыргысы келген ар ким өзү жөнүндө капкайдагы уламышты чыгара берет.

* * *

Бир да ката кетирбейли деп чечилгенден кийин жыйырма корректор кызматка алынган. Бирок болбой эле титулдук баракчада «Британ энциклопудиясы» деп жүрөт.

* * *

Утулуп калып, «ута турган партиядан утулуп калдым» дебеген кишини шахматчы деп эсептебейм.

Уильям Ралф ИНДЖ
(1860-1954), британдык поп

Аңкоолордун эки түрү бар: «Эски экен, демек, мыкты». «Жаңы экен, демек, мыкты».

* * *

Революциянын чыгыш себеби эмнеден? Тажоодон. Бирок буга тарыхта да маани бербей келатышат.

* * *

Баланын кулк-мүнөзүнө таасир этчү ыңгайлуу учур кайсы? Кеминде бала төрөлгөнгө чейинки жүз жыл мурдагы мезгил.

* * *

Кеңири жайылган дин болуш үчүн баардык ырым-жырымды философияга жуурулуштуруу керек.

Элиас КАНЕТТИ
(1905-1994), австралиялык жазуучу

Баарын кайра баштачулар болот, бирок башы кайда – таппайт.

* * *

Анык акындар өздөрүнүн каармандарына чыгармасын жаратканга чейин эмес, жазгандан кийин жолугат.

* * *

Адам баласы ата-бабасынын акыл казынасын жыйнап келгени менен барыбир келесоо экенин көрүп атасыңарбы!

Которгон Олжобай ШАКИР