ШАКИР Олжобай: Китеп бизге акысыз сабак берген мугалим

tgtМУСУЛМАН САНАТТАРЫ

Захиреддин МУХАММЕД БАБУР

(1483-1530), самарканддык акын

Жек көрүнүп жашаганча даңкталып,
Жер жазданып жаткан жакшы баркталып.

* * *
Шаар капкасын жаап коюш заматта,
Душман оозун жабуу кыйын адатта.

* * *
Бир-бирине жүрөктөрүн арнаган
Жок түгөйлөр таарынышып калбаган.

 

Алишер НАВОИ

(1441-1501), өзбек акыны жана даанышман

Ким ар кимди сага ушактап, табалайт,
Ал да элге сени ошентип каралайт.

* * *
Сөздүн күчү жанды өлтүрүп төрдөгү,
Жан киргизет жаткандарга көрдөгү.

* * *
Тилдин заары өзүнө шор жаратат,
Жүрөктөргө калтыргандан кара так.

* * *
Чын сөз дайым уккулуктуу жүрөккө шак орногон,
Бирок кыска, нуска болсо мөлт тамгансып чоргодон.

* * *
Китеп бизге акысыз сабак берген мугалим. Сырты булгаары болгону менен даанышмандыкка жол ачат. Ичинде акыл жана терең сырлар катылган китептер биз менен үндөбөстөн баарлашып, жакшылыкка үндөйт.

* * *
Дүйнөдө китептен артык жан курбу таппайсың.

* * *
Дүйнөнү чарк айланып келип да акылың жетилбегени, демек, – мончого кирип, бирок жышынбай чыккандай кеп.

* * *
Өмүрүн илимге кызмат кылууга арнаган адамдын ысымы ал өлгөндөн кийин да түбөлүк жашайт.

* * *
Сараңдар пайгамбар тукумунан болсо да бейишке чыкпайт, берешендер наадандын кулу болсо да тозокко кабылбайт.

* * *
Тулку бою адам сыягына окшогону менен бирок жандүйнөсүндө айкөлдүк сапаты жокторду адам дебе, андайлар тирүүлөй өлүк.

* * *
Чечимди көбү чыдамкайлыктын арты менен кыйчалышта табат.

* * *
Ит – кандай болбосун ит, бирок митайым, ишенимден чыккан пенде баласынан көрө ишенимдүү ит артык.

Кыргызчалаган О.ШАКИР