АБЫКАЕВ Абийирбек: АБИЙРБЕК АБЫКАЕВ: КУЙРУЧУКТАЙ КУУДУЛ ЭЛЕТТИКТЕР-V

Касымбек уулу Дияз (Сарт, 1934-2005)

Ата теги: Токтооку ичиндеги солто.   Мааке-Алдаберди-Койгелди-Көккөз-Бекбоо-Касымбек-Дияз

Дияз айылга 80-жылдардын аягында шаардан көчүп келди.   Эмнегедир анын Дияз аты аталбай эле,  Сарт деген ат менен белгилүү болучу.   Өзү жапалдаш бойлуу,  тоголок,  кашка баш,  ар кандай шарттарда сөздү чукугандай таап, чагылгандай тез жооп берген шайыр адам эле. Айылга көчүп келгенден тартып,  көзү өткөнгө чейин Сарттын сөздөрү,  айылдаштарынын көңүлүн ачып келди десем жаңылышпайм.   Анда эмесе,  элде калган айрым сөздөрүнөн тартуулайын.

*   *   *

Тээ,  өткөн кылым болуп калбадыбы,  80-жылдары айылдагы дүкөндүн тегерегинде топ-топ болуп отуруп алышып,  кары-жашы аралаш арак ичмей кадыр эсе адат болуп,  эртең менен ар кай жактан башы ооруган,  көздөрүн шишик баскан адамдар чогулуп,  өткөн-кеткенди тоорумай,  бир стакан куюп бере коюп бир бөтөлкөгө жыкмай,  түштөн кийин тоюп алышып,  эки-экиден мушташмай күнүмдүк көрүнүш болуп бараткан эле.   Ошондой күндөрдүн биринде,  айылга жаңы көчүп келген Сарт өтүп баратканын көргөн топтун арасынан бирөөсү тигини чакырып,  чай чыныга толтура вино куюп:

— Алып жибериңиз,  байке, — десе:

— Ай,  ушу айылдыктар,  эмдигиче маданиятты үйрөнбөйсүңөр,  күндүн суугу ушу болсо,  көчөгө отуруп алып чай чынылап муздак вино ичесиңер,  тамак оорумду да козгомой болдуңар, —деп сунулган винону тартып жиберип,  басып кетиптир.  Тигинден дагы бир бөтөлкө үмтөтүп отурушкан эргулдар ооз ачканканга үлгүрбөй отуруп калышыптыр.

*   *   *

Бир күнү ичкиси келип,  айылдагы чоңдордон алыс барып ичип келейин деп 8 км ылдый жайгашкан Новороссийкага кирип кетет. Ал жактан орто кызуу болуп,  ушунчамда үйгө кетейин деп жолго чыгып машине тосот. Бир кезде совхоз директору өтүп барып,  Сартты таанып кайра артка айдап отургузуп алат.   Сарт ичкенин билдирбеске унчукпайт,  директор деле билсе да билмексен болуп,  унчукпай жүрүп отурушуп Сарт иштеген кормоцехке келишет.   Машине токтоп, директор менен чогуу түшкөн Сартты карап калган жумушчуларга карап ал бакылдайт дейт:

— Айлыгыбыз аз,  тамак начар,  биз менен иши жок деп деректир жокто чурулдап каласыңар,  мына көзүнө айткыла арызыңарды,  атайын өзүм барып ээрчитип келдим, —дегенде эл көзүнчө тилдемекчи болуп келаткан директор күлүп жиберген экен.

*   *   *

Көк-Ойрок совхозу Чоң-Кемин совхозунан жаңы бөлүнүп чыгып,  Кешикбаев Асылжан директор болуп келген эле.  Ал киши ага чейин Ошто иштеп келген экен.  Бир күнү ал айылдагы картошкага жардамга келген студенттердин ашканасында турса,  өтүп бараткан Сартты ошол жердегилердин бири:

— Сарт,  бери келип максым иче кет, — деп  келип саламдашып жатса дагы бири:

— Кандай Дияз?— деп учурашат.  Аларды угуп турган Кешикбаев:

— Бири Сарт дейт,  бири Дияз дейт, өз атың ким?

— Өзүмдүн атым Дияз.

— Анда эмнеге Сарт деп жатышат?

— Ошто үч жылча жүрүп курутуп келдим эле,  ошондон кийин Сарт деп калышты дейт.   Көрсө,  өмүрү Ошту көрбөгөн Сарт,  Кешикбаевдин өзүнө келтирип жооп берип жаткан тура.

*   *   *

Ошол жерде тургандардын бири Сарттын солто экенин айтат.  Өзү солто,  солтонун санжырасын жакшы билген Кешикбаев :

— Жети атаңызды айтыңызчы,  солтонун кайсы уулунан тарайсыз?— десе:

— Атам Касымбек, Касымбектин атасы Эралы, — деп келип,  андан аркысын билбеген Сарт: — анын атасы Турдунияз,  анын атасы Турганаалы,  анын атасы Жумабай, — деп оозуна биринчи келген кошуна-колоңдорун санап жетиге жеткирет.   Санжыраны жакшы билген Кешикбаев:

— Солтонун мындай уулдары бар экенин уккан эмес экемин, — деп  ийнин куушуруп,  басып кетиптир.

*   *   *

Сарт кормоцехке жумушчу болуп иштеп жүрдү.  Жумушка күндө кечигип келет.   Фуражер болуп иштеген ыраматылык Орнаалы бир күнү:

— Ай жезде,  жумушка кечикпей келбейсиңби,  күндө эле кечигип басып жүрөсүң, –десе:

— Эшек минген кишинин шашкан,  шашпаганы баары бир экен, — деп эшегине шылтаптыр.

*   *   *

Жазында Сартты сакмалга жиберишти.  Минип барып келгенине бир кара атты беришти.  Бир күнү эле баягы аттын чекесин көк сыр менен боёп алганын көргөн теңтуштары:

— Ай Сарт,  атыңдын башын сырдап,  кайдагы элде жок нерсени чыгаргансың, — дешсе,  анда ал:

— Бул атты  атканага кошсом бир күнү такасы бар болуп калат,  бир күнү такасы жок келет,  бир күнү жоор болуп келет,  бир күнү жоору айыгып келет,  бир күнү жорго,  эртеси кашаң,  эми кубулуп көрчү деп,  ушинтип боёп койдум, –дептир.

Көрсө, көп аттын ичинен өз атын тааныбай, аягында калганын алып минип кетип жүрүптүр.

*   *   *

Бир күнү ошол атын арткы бутунан аркандап коюптур.  Аны көргөн кошуна кайниси Камбар:

— Жезде, атыңды жаңы метод менен аркандагансың го, —десе:

— Арканым кыска болсо,  арткы бутунан аркандасам өз боюндай жерди ашык оттобойбу,  ага айылда жүргөн силердин мээңер жетмек беле, —дептир.

*   *   *

Найман деген балбан агабыз бар эле.   Өмүр бою трактор айдады.   Колдору барбайып чоң,  анан күйгөнбү  же дагы бир нерсе болгонбу,  айтор ак-ала болуп,  жуулбаган сыяктуу болуп турчу.  Бир күнү кормоцехтин ашканасында тамактанып жатканда,  Сарт экөө катар отуруп калышат.  Сарт анын колун билегинен кармап:

— Оо,  бул  сенин колдоруң Асылташтын бутундай эле бар экен, —дебейби.  Отурган эл,  ал анын билегинин жоондугун айтып жаткан го дешкен, Найман өзү да ошентип ойлоп:

— Эмнеге?—десе,  Сарт:

— Асылташ бутун жайлоого чыгарда бир жууйт,  жайлоодон түшкөндөн кийин бир жууйт, — дегенде эл дуу күлдү.

*   *   *

Бир күнү чөп туурап жатышып,  чөптү түртүп сугунтуп  жаткан айрынын сабы сынып кеткенби  же буту тайыганбы,  айтор,  Сарт иштеп жаткан чөп туурагычтын ичине кулап кетет.   Чогуу иштегендер тездик менен чөп туурагычты өчүрүшүп,  чөптүн арасынан Сартты сууруп чыгышат.  Үрпөйө түшкөн жумушчулар эсине келе электе Сарт сайрап жатат дейт:

— Мен мендигимден аман калбадымбы,  Асылташ куласа эмдигиче өлүп калмак.

*   *   *

 

Айлыбызда Зоотбек деген дуңгул кара жигитибиз бар.  Бир күнү айылдын четинде белине чейин чечинип алып чөп чаап жүрүп,  күн ысыганда чөптүн арасындагы арыкка көлөкөлөп уктап кетет.  Бир кезде дүбүрт чыкканынан тура калса, эшекчен Сарт өтүп баратыптыр.   Тиги тура калганда эшек үркүп,  Сарт жыгылып калат.   Зоот тигини колтуктап тургузуп,  чаңын күбүшүп жатса,  Сарт тилдеп жатат дейт:

— Кебетең менен кара жерге кир,  жок дегенде бир айда бир мончого түшүп алсаң боло,  кебетеңди карачы негрдей болуп,  жада калса эшек үркүп калыптыр, — деген экен.

*   *   *

Кормоцехте  иштеп айына 30-40 сомго наряд жабылып,  шаарда эткомбинатта иштеп көп акча алып көнгөн Сарт айлыгына ыраазы болбой жүргөн кезде,  совхоз директору келип калат.  Сарт ага карап:

— Сизге бир суроо берейин деп жүрдүм эле,  жашыруун болбосо канча айлык аласыз?

— Жашыруун эмес,  260 сом оклад,  колума 200төн кичине көбүрөк алам.

— Анан,  ошол акча сизге жетеби?

— Чынын айтсам, ал акча деле жетпей калат, —десе,  анда:

— Аксакал,  мына мен айына 30 сом алам,  10 сомун өзүм арак ичем,  10 сомуна кемпир экөөбүз тамак-аш алабыз,  10 сомун чогултуп үйдүн чатырында сактап жүрөм,  бир мүшөк толоюн деп калды,  акчаң жетпесе мага келип алып тур,  берип турам, —дептир.

Сөздүн маанисин түшүнгөн директор күлүп,  фуражерго:

— Бул кишинин айлыгын көбөйтүп жазып берип жүр, —деп катуу дайындаптыр.

*   *   *

Уулу Калыс үйлөнүп,  кудага бармай болушту.   Жөнөрдө баласы кайын журтума уят болбоюн деген ниетте атасына айтып калды:

— Ата,  эми барганда аракты чактап ичсеңиз,  кебетеңиз алдагы болсо,  ылжырап мас болуп ар кайсыны сүйлөп турсаңыз кудаларыңыз эмне дейт, —десе:

— Ээ балам,  менин кебетемден уялсаң мына мобу Тукашты ээрчит менин ордума,  көрдүңбү, мунун  бою да узун,  чачын капкара кылып артка таранат,  галстук да тагынат,  мас болгондо тили күрмөөгө келбей,  сүйлөй албай  калат, —деп узатышып жүргөн кошунасын көргөзөт дейт.

*   *   *

Чогуу иштешкен өзүнөн бир топ жаш кичүү Кулан,  Надырбек үчөө Токтосунду издеп үйүнө кайрылып калышат.  Токтосун үйүндө жок окшойт,  Токтосундун Токтогул деген оорулуу агасы бирге турчу.  Ошол киши чыга калып:

— Биякта эмне кылып жүрөсүңөр? — деп эле,  чоң бычак менен тигил үчөөнү кубалап жөнөсө болобу.  Жан деген кыйын да,  баягылар аң-дөңдү карабай качып баратышат.  Бир топ узап калганда Кулан:

— Тиги неме Сарт байкемди союп салды го, — деп ойлоп жүгүрүп бараткан боюнча артын кылчайып караса,  артында 60 жаштан ашып калган Сарт куйрук улаш келатыптыр, Куланга:

— Коркпогула!  Артыңарда мен бармын!»— деп коёт дейт.

*   *   *

Кайын энеси Мария апа каза болуп,  кыркын өткөзүп жаткан.  Шаардан бажасы Ашырбек жезде да жаңы эле келип,  дасторкондо чогуу отуруп калдык.  Аңгыча айылдык Эдилбек аксакал Ашырбек жездеге суроо узатып калды:

— Ашыке,  шаарда эмне кеп-сөз бар,  саясатта кандай жаңылыктар болуп жатат? Сүйлөй отур.

— Саясатта эмне жаңылык барын деле кызыкпайм,  бир жаңылыкты кулагым чалды,  өкмөт башчыбыз Апас Жумагулов үйлөнүптүр.  Аялы бул Чоң-Кеминдин Кайыңдысынан экен, —десе,  Сарт санын чаап:

— Ий,  атаңдын оозун урайын,  ошоякта жүрүп Апас көргөн аялды көрбөй тиги Сагын менен Эркинбек эмне кылып жүрүшөт (Сагын менен Эркинбек ошол учурдагы кошуна карт бойдоктор), — дегенде отурган эл күлкүдөн жыгылып калышты.

*   *   *

Бир жылдары кандай себеп менен экени эсте жок,  айтор,  Сарт милицияга түшүп,  15 суткага камалып калат.  Айылга келишкен шаардагы бажасы Ашырбек,  балдызы Сабыркүл тамак киргизип коёлу дешип,  Канымкүл эжесин ээрчитип алышып, Быстровкага келип түшүшөт.   Ошол учурда дежурный милийса  Сартка эки капкактуу сыр чакага ашканадан арестанттарга тамак куйдуруп,  көтөртүп алып чыгып бараткан экен.  Астынан карп-курп чыга калган бажасы менен сыр билгизбей учурашып:

— Боорсок кылалык десек айылдын дүкөнүндө тоң май жок,  Канымкүл майга жибергенинен ошонусун таап кетип баратам,  – десе,  ар жактан кемпири чыга калганын көрүп:  — Аа,  сенин барыңды билбей эле убара болуп,  Ашыкеме актанып жатпадым беле, — деп күлдүрүптүр.

*   *   *

Дүкөндө:  «Тиги шоколадды алып бер,  мындайын жебейм» — деп  чоң энесине эркелеп аткан кичинекей баланы көрүп:

— Эмки балдардын билбегени жок,  карабайсыңбы,  шоколад тандап жатканын.  Мен килтейип эле калган кезимде Асыран байкем Фрунзеге биринчи жолу ээрчитип барды.   Бир жерден бир стаканга сүзмө салдырып алып келди,  жеп көрсөм, кумшекер салып тоңдуруп коюптур,  сүзмөгө кантип кант салсын деп жебей ыргытып жибергем,  көрсө морожный экен,  – деп турган элди күлдүрдү.

*   *   *

Горбачевдун заманында  арак тартыш,  ар кайсы үйдө эле самогон,  спирт,  сапатсыз арактар сатыла баштабадыбы.  Ошондой күндөрдүн биринде Айымжан апа бир тойдон келип,  кошуналарына кешик ооз тийгизип жаткан.   Айымжан апа тойдон кеп салып,  отургандар ар кайсы кептен козгоп отурушуп,  бир бөтөлкөнү түгөтүштү.  Экинчи бөтөлөкө бузулуп,  каалоолор айтылган соң,  стакандарын алып жиберишип эле,  тып-тынч отуруп калышты.   Аягында көтөргөн Сарт оозунан стакандан ала  электе:

— Ой,  Айымжан жеңемдин тамашакөйү ай,  бир арак берип,  бир суу берип гана тамашалайт да, -дегенде ,  суу ичип алышып,  улуу кишиге суу экенин айткандан айбыгып отургандар дуу күлүп жиберишти.  Көрсө,  арак жасап саткандар адашыппы  же атайлаппы – суу куйулган бөтөлкөнү арак деп чаптап салышкан экен.

*   *   *

Жаз мезгили.   Жакын инилеринин бири Мамулут кесүүнүн коюн кайтарып чыккан.   Жайытка баратканда арыгынан басалбаган көтөрүм койдун бири баспай жатып калбаспы.

«Кечке чейин эс алып калса,  айдап кетермин» — деп ойлоп, койду жолдун четиндеги түзөңгө сүйрөп коюп,  андан ары төш таяп коюн жайып кетти.  Түш оой дүрбү салып,  баягы кой ордунда жатканын көргөн эле.  Кечинде койлорун айдап келсе,  баягы кой жок.   Ар жактан уй айдап келаткан бирөө:

— Жаңы эле Сарт байкең кой айдап өттү,- дейт Мамулутка.   Койлорун көчөгө киргизип жиберип, байкесиникине кайрылды.

— Байке!— деп үн салып,  үйгө баш бакса эч ким жооп бербейт,  андан ары улам кыйкырып,  төркү бөлмөсүнө кирсе,  чарада жаңы эле союлган арык койдун эти,  эңкейип караса кроваттын астыда баягы койдун териси жаткан экен.

— Аа,  кайран байкем, жайлаган экенсиң, — деп  күбүрөнүп короосуна барса,  байкеси ошол жакта жүргөн экен.  Билмексен болуп:  — Байке, жолдон кой кошулдубу?— десе,

— Жок, көргөн жокмун.  Эмне кой жоготтуңбу? Көк кубалап кеткендир,  — деп билмексен.

— Ай байке,  ошол арык неменин эмнесин сойдуң? Бир илим май болсо бир жөн эле го, — десе:

— Аа,  көрүп койдуңбу,  дегеле солтолорго ууру кылган жакпайт,  алып кет эми этиңди,  жеңең шаарга кетти эле,  ал билбесин,  жайында койлорумду өзүңө кошом,  ошондон бир арык коюмду кармап кал—деп камырабайт.

Солтолорго уурулук жакпайт дегени,  илгери чоң аталары мал уурдай коюп түрмөгө түшкөн жайы бар экен.