ШАКИР Олжобай: КОНФУЦИЙ ИЛИМ-БИЛИМ, ТАРБИЯ ТУУРАЛУУ

Бийик адамдын билими дээринен; андан ылдыйкылар окуп-чокуп билимге жетет; андан соңкулары өз билимсиздигине көзү жетип окуп-чокугандар; а окуп-чокууну каалабагандар – эң пас адамдар.

* * *

Ой калчабай окуй берген адашып тынат, ой калчап, бирок окууну каалабас жан – осол болуп сынат.

* * *

Адамдын айныгыс үч жолу бар: биринчи, эң жакшысы – акыл пештөө; экинчиси, эң жеңил – башканы тууроо; өтө азаптуу үчүнчүсү – тажырыйба жыйноо.

* * *

Ким эч нерсе билбесе, ал маңбаш. Андай адам тобокел ишке да баралбайт.

* * *

Ой чабытымды бирөөлөргө мактанбай кеңейтүү, чарчоону билбей билим артынан түшүү, чын ыкласыман башкаларды туура жолго салуу – мен үчүн түйшүк эмес, ыракат.

* * *

Үрүл таңда акыйкатты таанып, күүгүмдө өлүмгө даярдансаң болот.

* * *

Илимдүү адам чечкиндүү жана бекем болалбайт, анткени анын жүгү оор, сапары алыс. Мойнундагы жүгү – адамгерчилик, бул эмне жеңил бекен? Өлүп-талып сапары карыйт, бул эмне карыш жер бекен?

* * *

Бир курдай керээлдин кечке ичпей-жебей, түнү бою уктабастан ой калчадым, бирок эч нерсе таппадым. Шол убактым илимге коросо кандай жакшы эле.

* * *

Акылга эш болбогон билим билим эмес, билимге эш болбогон акыл акыл эмес.

* * *

Түркөйлүгүн түшүнүп билимге умтулган адамга нускалуу жол көрсөткөндөн качпа. Көксөгөн ыйык мүдөөсүн так түшүндүрө албаган адам жардам сурап келсе, боорго түртпө. Чаташкан түйүндүн бир учугун таап, экинчи учугун табууга ынтаа койгон адамга сөзсүз жөлөк бол.

* * *

Билгениңди билем деп сана, билбегениңди билбейм деп сана, – ошонун өзү билимдүүлүк.

* * *

Байыркы адамдар өздөрү өрнөктүү болсун үчүн билимге умтулса, азыркылар башкаларды таңгалтырыш үчүн гана билим алышат.

* * *

Кыйынчылыкты жеңип чыгалбаган адамды агартып-көгөрталбайм, дилгирсиз жанды билимге тартпайм, чаташкан түйүндүн бир учугун таап, экинчисин табууга ынтызарланбаган адамга кайталап айткым келбейт.

* * *

Таап алган буюмду колуңдан жулдуруп жиберчүдөй окуп-чоку.

* * *

Болгон дитин билимге бурган идиректүү адам байгерчилик менен чүйгүн тамакка жетүүнү ойлонууга кенедей бош убактысын коротпойт. Анткени ага мунун баары маанисиз.

* * *

Көсөм акылман менен анык дөөдүрдү окутуп-чокутууга мажбурлоо мүмкүн эмес.

* * *

Ким эскиге маани берип жаңылык тапса, ошол адам устаттыкка жөндөмдүү.

* * *

Устатым айтчу: «Кайсы айылда болбосун он үйдүн бирөөсүнөн колунан жакшылык келчү мага тең адам табылат. Бирок билимге умтулган жагынан мага эч кимиси теңеле албайт».

* * *

Кызматыңдан бошогон учурда оку, окуудан бошонгон кезде кызмат өтө.

* * *

Элди баш ийүүгө мажбурлоо мүмкүн, бирок билимге мажбурлоо мүмкүн эмес.

* * *

Өз үйүндөгүлөрдү жакшылыкка үндөй албаган адам өзүн тарбиялоого жөндөмсүз.

Орусчадан оодарган Олжобай ШАКИР