ШАКИР Олжобай: КӨП ДОС КҮТКҮСҮ КЕЛГЕН АДАМ БИР ДА ДОСКО ТАТЫКСЫЗ

Фридрих ГЕББЕЛЬ

(1813-1863), немис драматургу  

 

Кудай-таала бала сыяктуу: кааласа колундагысын берип коюп, кайта тартып алат.

* * *

Диндин эң жакшы жери – акыры барып динге каршы көзкараштагыларды жаратат.

* * *

Адабиятта арким өз алдынча ачылыш жасап же бирдеңке жараткысы келет. Ыр жазуу кимисинин колунан келбесе, ошол жазмакер акындардын бүйрүн көбүрөк козгойт.

* * *

Айрым лирик акындардын жүрөгүндө булбул эмес, күкүк уялайт.

* * *

Өлкө башкаргандар менен Кудай-таала биздин сокур ишенимде жашообузду каалайт.

* * *

Олжосуна ишенгендер дайыма олжолуу жүрөт.

* * *

Көп дос күткүсү келген адам бир да доско татыксыз.

* * *

Маданият – уяттуу жерибизди жалбырак менен жашыргандан башталып, жалбыракты ыргыткандан кийин бүткөн.

* * *

Күндүн бетинде да так бар, бирок ал нур менен бирге чачырабайт.

* * *

Эл эмнеге күндүн чыкканына же батканына эмес, бирөөлөр фейерверк атканына кол чабат?!

* * *

Канчалар өздөрүнүн келесоолугун далилдеш үчүн мээсин коротконуна акылым айран.

* * *

Бирөө бирөөнүн бутун тебелемейин чындыкка эч ишенбейт.

Которгон Олжобай ШАКИР