ШАКИР Олжобай: КЫЗУУ КАНДУУЛУККА АЛДЫРБАЙ, ӨЗҮҢДҮ БАШКАРУУГА ҮЙРӨНСӨҢ ГАНА БАШКАЛАРДЫ ЖЕТЕКТӨӨГӨ ҮЙРӨНӨСҮҢ

Бальтасар ГРАСИАН (1601-1658), испан жазуучусу

Чөптөрдүн же таштардын түрүн ажыратканга караганда адам аласын ажырата билүү эң маанилүү. Бул деген турмушка зарыл өтө кылдат өнөр.
* * *
Темирдин сапаты үнүнөн, адам сапаты кебинен билинет.
* * *
Кызыл тил – алтын башка арачы.
* * *
Жебе денеге, жаман сөз жүрөккө сайылат.
* * *
Айрымдар көлөмдүү китепти баалайт, арийне ал китептер акыл эмес, кол булчуңдарына керектир.
* * *
Чырсыз күн – тынч уйкудан артык.
* * *
Калп сүйлөбө, ошол эле учурда болгон чындыкты да төгүп салба. Чындыкты оозануудан мурда абдан кылдат бол, ага камырдан кыл сууругандай мамиле керек. Себеби чындык жүрөктүн толтосунда жүгүргөн кан. Абдан чоң чеберчилик менен айта турган да, айтпай турган да чындык бар. Айрым чындыкты өзүң үчүн, кээсин бирөөлөр үчүн жашырууга туура келет.
* * *
КАЛП кайда жана качан болбосун макоолордун айдагына айланып, алдыда жүргөнү жүргөн. ЧЫНДЫК болсо кечеңдеп, аксаңдаган МЕЗГИЛди жандап, артта шашпай жүрөт. КАЛП дайыма камгактай калкылдап үстүдө, ага камгактай адамдар да жабышып алат. А тек нускалуу АДИЛЕТТИК түпкүрдөгү өз тереңдигинде кала берет, ошондуктан аны аңдагандар гана баалайт.
* * *
Турмуштагы бороон-чапындын маалында жаныңды жай алдырып, бороон таркаганын күткөн оң, жеңишке ошондо гана жетесиң. Булак деле куюндун илебинен чаңдап, ал да эч кандай сенин жардамыңсыз – куюн үзүлгөндө тунат.
Башаламан учурда баарын өз жайына койгондон өтөрү жок. Башаламандыктын өз табияты – башаламандыктан кийин басылат.
* * *
Турмушка түшүнүп, адамдардын аласын ажырата билүүнүн түйшүгү бирдей. Тек, зээниңди коюп, адам мүнөзүн аңдап, маанайын сезе бил.
* * *
Адамдын изгилигин сөзүнөн эмес, ишинен баамда.
* * *
Дүйнөдө кемчонтойлор толтура, бирок алар өздөрүн кемчонтой ойлобойт, ал эмес шектенип да коюшпайт.
* * *
Тил көсөмдөрү сөз аркылуу кимдин ким экенин тааныйт, даанышман бекеринен: “Каалашыңча сүйлө, дилиңди баамдайын” дебеген.
* * *
Көшөкөрлүк жек көрүндүдөн да жаман.
* * *
Бирөө менен баарлашып же талашып-тартышууда сөз кезеги шахматтык жүрүштөй уланса…
* * *
Кызуу кандуулукка алдырбай, өзүңдү башкарууга үйрөнсөң гана башкаларды жетектөөгө үйрөнөсүң.

Которгон Олжобай ШАКИР