ШАКИР Олжобай: ЛАО-ЦЗЫ: БИЛИМИ ЖОК ТУРУП БИРОК БИЛЕРМАН КӨРҮНГӨН АДАМ – ООРУКЧАН

Бардыгын жеберине жеткире түшүнөм деген адамдын билими тайкы.

* * *

Баарына жөндөмдүүмүн, баарын түшүнөм деп түр көрсөткөн адамдын жөндөмү да, билими да болбойт.

* * *

Үн катпаган адамдын билими терең, бакылдаган адамдын билими тайыз болот.

* * *

Билимге терең каныккан адам кан төгүүгө барбайт.

* * *

Башкаларга үн-сөзсүз, ишаратсыз таасир эткен адамга эчким теңдеш болалбайт.

* * *

Билимдүү болсо да бирок билимдүүсүнбөгөн адам – баарынан бийик. Билими жок туруп бирок билерман көрүнгөн адам – оорукчан. Өзүн алдын ала оорулуу санаган адам, демек – куландан соо.

* * *

Акылдуулар илимдүү болбойт, илимдүүлөр акылдуу болбойт.

* * *

Баардык илим-билимдин жолун өздөштүргөн адамдын жаны эчбир дартка кабылбайт.

* * *

Билимим жетпесе, билбегенимди билбейм деп айтам.

Которгон Олжобай ШАКИР