АБЫКАЕВ Абийирбек: АБИЙРБЕК АБЫКАЕВ: КУЙРУЧУКТАЙ КУУДУЛ ЭЛЕТТИКТЕР — VI

Райкан Абдыкеримов ( 1938-2002-ж.ж), Ата теги: Солто ичиндеги Бешкүрөң деген уруктан Мааке-Алдаберди-Койгелди-Көккөз-Бекбоо-Ачыбай-Абдыкерим-Райкан.

Райкан агай бою жапалдаш,  үйдө жүрөбү,  мектепте жүрөбү,  соо жүрөбү,  мас жүрөбү — тыкыйып кийинип,  жакасына чаң жугузбай таза жүргөн,  супер куудул Күмөндөрдүн манеринде сүйлөгөн,  тамашакөй,  шайыр,  калп айтпаган,  адамдын көңүлүн калтырбаган ак көңүл,  эң бир сонун адам эле. Айыл мектебинде 40 жылдан ашык география сабагынан билим берип жүрүп,  арабыздан эрте эле кете берди кайран киши.

Мурунку күнү канчалык ичсе дагы,  мектепте сабакка баш жазып ичип барганын көргөн жокпуз.   «Попробуй,  мени унутуп көргүлөчү»,—деп  кадимкисиндей бакылдап,  алдымдан чыга калчудай сезилет кээде.   Атаганат,  андай күн болбостур,  ошентсе да элеси кагазда калсын деген ниетте жакшы көргөн агайымдын өзү айткандай жалгыз көзүнөн жаш чыканча күлүп,  ошол күлкүсү,  сөздөрү менен арбап,  угуп отургандардын боорун эзип күлдүрүп жүргөн сөздөрүн чиймеледим.   Кызыгы,  анын ал сөздөрүн бир уккан киши кийин деле тажабай:    «Баягыңды айтып койчу»—дешип,  жаңыдан угуп жатышкансып суранып айтырышкандарына көп эле күбө болдум.

*   *   *

Бир жылдары жайкысын мектептин балдарынан өндүрүштүк бригада түзүлүп,  совхоздун ар кандай жумуштарына кол кабыш кылышып,  аны Райкан агай башкарып калат.  Ыраматылык СССРдин көп жакшы жактары болор эле.   Бирок  эң чоң кемчилиги динди жоюп,  кудайдан коркпогон эл,  ичкиликти болор-болбос жерден шылтоо таап,  карысы-жашы аралаш жетелешип ичип калышкан.   Сөздүн кыскасы,  бир күнү окуучуларды жумушка бөлүштүрүп берген соң,  бригадир достору менен отурушуп,  бир топ ичкилик ичилет.  Кызып калган кезимде:

— Үйүңө жетип ал,— дешип,  бир атка колтуктап мингизип коюшту дейт.  — Айылдын чекесинде кайын атам чепкенин жамынып,  бир таштын түбүндө отурганын көрдүм.  Арыраак жакта 5-6 кой оттоп жүргөнсүдү.   «Кой,  учураша кетейин»— деп  арт жагынан бастырып келип: «Салоом алейкум,  ата!»— десем унчукпайт.  Укпай калдыбы дегенсип,  «Салоом алейкум»— деп,  кайра айсам дагы эле унчукпайт.  Саламымды дагы кайталап эңкейип,  колумду берейин дегиче,  басымайылды тартпай мингизишкен экен,  ээр аттын капталына ооп,  тиги аксакалдын үстүнө кулап түштүм. «Кудай урган бала»— деп,  кайын атам эмес эле, анын кошунасы Айманбай аксакал дамбалын чала-була көтөргөн боюнча тура качты.  Көрсө, ал киши чепкенин кенен жамынып,  «чоң» отурган кези экен.   Уялганымдан сопсоо боло түшүп,  атымдын ээрин оңдоп,  минип алып чапкан бойдон качпадымбы,—дээр эле.

*   *   *

Шабдандагы ооруканада иштеп жүргөм.   Бир күнү Чоң-Кемин өрөөнүндөгү мектеп мугалимдери медкароодон өткөнү келишиптир.   Райкан агай,  Канысбек агай,  Самат деген агай,  дагы бир мен атын билбеген бир агай чогуу туруп калышыптыр.   Оорукананын чарба жумуштарында иштеген,  тигилердин теңтушу Асанбек байке тигилерди карап:

— Ой,  сокурлардын баары эмне чогулуп алгансыңар,  көз салдыралы дедиңерби,—деп  тийишип калды.  Карасам, тигилердин чындап эле бирден көздөрү соо эмес экен.  Анда Райкан агай:

— Бир башка бир эле көз жетет,  көз салдырып эмне кылмак элек,  андан көрө биз сокурлардын коомун түзгөн жатабыз,  бир көзүңдү алдырып бизге кошул, –деп азилдешип каткырышкандары али эсимде.

*   *   *

Иниси Аскер кызуу болуп келип бир кезде:

— Байке,  мобул телевизорду керилип туруп бир муштасам эмне болот,  я? –деп кычыраса,  Райкан агай:

— Эмне болмок эле,  англисче сүйлөт, –деп коёт дейт.

Антип айтканы Аскердин келинчеги Чүкүн эже анлис тилинен сабак берчү.

*   *   *

Келини Чүкүн:

— Аке,  Аскерди кайда кеткенин көргөн жоксузбу десе:

— Аскер согушка кетти, —дептир.

Көрсө,  Аскерди теңтушу Согушбектикине кирип баратканын көргөн экен.

*   *   *

Ыраматылык Мырзабек Королев айтып калчу.  Көзүмө устаканадан темирдин сыныгы сайылып калып,  борбор шаардагы ооруканадан операция жасатып келгем.  Бир күнү дүкөнгө бара калсам,  жолдон Канысбек агай менен Райкан агай токтотушту.   Ал жайымды сурашкан соң,  Райкан агай:

— Эми качан учетко отурасың? – деп калды.   Мен түшүнбөй ал эмне болгон учет десем:

— Сен дагы бизге окшоп сокур болбодуңбу,—деп жатпайбы.  — Бир бөтөлкө алып алардын коомуна мүчө болдум,— деп күлүп калар эле.

*   *   *

Мектепте бир кечеде:

Сырты дагы,  ичи дагы таптаза,

Райкан агай назик агай башкача.

Жердин шарын жөө айланып чыгыптыр,

Кырк жыл бою мектепке эки каттаса.

Айга чейин жетип калат сапары,

Пенсия алып,  эс алганга шашпаса…  — деп ыр арнадым эле.  Тилекке каршы, көп узабай сапарын башка жакка буруп арабыздан кете берди.

Оңолбек Корчу уулу, (1943-2002)

Ата теги:    Сарбагыш-Дөөлөсбакты-Жантай-Сары-Бөрүчөк-Атабай-Түлкү-Темиржан-Эркесары-Орозбай-Калчаке-Акай-Корчу-Оңолбек

Оңолбек хандан,  бектен тайманбай ойдогусун бак-бак этип бетке айткан,  тилине сала берген курч сөзүн балп эткизип айтып салып,  анын азабын таркан,  кандай гана катуу киши болсо дагы,  ар жак-бер жагына чыгып жатып,  аламын деген нерсесин алып кетчү, тилинде мээр чөбү бар эргулдардан эле.

Бир жылы кургакчылык болуп,  жаан тилеген эл айылдын башына чогулуп,  бата кылып мал союшуп,  түлөө өткөрүштү.   Оңолбек этти кармап жасакчы болду.  Элге этти тартып болуп,  кызмат кылып жүргөн жоон топ балдар бар эле,  аларга деп эт алып коюп отурса,  улам бир аял келип:

— Үйдө балам калды эле,  апам калды эле,  бир кесим эт бер,  ооз тийгизкенге, — деп  тажатышат.   Жаны кашайган Оңолбек табактагы калган этти жанынды агып жаткан чоң сууга алпарып:

— Ылдый жагынан тосуп бөлүп алгыла,  баарыңарга жетет,  жетпегениңер бир ай сорпосун ичесиңер, —деп  төгүп жиберип басып кетти.

Эл айылга жеткиче катуу жаан келди.  Айылда «Баягы Оңолбек этти сууга салган жылы» деген сөз  дагы эле айтылып калат.

*   *   *

Оңолбек совхоздун конторуна барса бухгалтерлер Асылбек,  Арнаалы,  Турганбек,  Ишембектер чотту оңду-солду кагышып,  иштеп отурушкан экен.

— Ассалоом алейкум,  кайран сынган бугуларым,  отурган экенсиңер тизилип,—дегенде тигилер адегенде түшүнбөй калышат,  андан кийин бири-бирин карап күлүшүп:

— Ай байке,  таппаганың жок,  эми бул сөзүңдү ушул жерге таштап кет, — дешип,  Оңолбекти «сыйлап» узатышыптыр.

Көрсө, тиги төртөө тең убагында ар кай чарбаларда Башкы бухгалтер болуп иштешип,  кызматынан ылдыйлап «сынып» келишкен тура.

*   *   *

Жаш кездеринде теңтушу Үсөнкан экөө бир отурушта минтип тамашалашып айтышкан экен:

Үсөнкан:  

Караңгыда мен барсам,

Каңкылдап итиң үрөт ко.

Каңгып жүргөн бул ким деп,

Каапыр Корчу билет ко.

Анда Оңолбек:  

Түн катып барсам үйүңө,

Түрсүлдөп итиң үрөт ко.

Түн менен келген бул  ким деп,

Түгөнгүр Айша билет ко.

(Корчу Оңолбектин атасы,  Айша Үсөнкандын апасы).

*   *   *

Оңолбек үйүндө отурса,  жеңил машина келип токтоп ичинен 3-4 киши чыгып:

— Оңолбектин үйү ушулбу?

-Ооба,  Оңолбек менмин,  келгиле.

— Кудай кошкон куда болот,  кулдугубуз бар куда,  кызыңарды уурдап алып,  күнөөлүү болуп,  алдыңыздан өткөнү келдик эле.

— Кулдугуңар мага эмес кудайга, киргиле үйгө, —деп  тигилерди үйгө киргизип,  ары жактан жүгүрүп келген баласына:

— Бар батыраак барып «кош оозду» таап кел, –деп жүгүрттү.

Келген кудалар: «Кош ооз мылтыгын алып бизди кубалаганы калды окшойт» деп  үрөйлөрү уча түштү.  Чынында,  илгери атка учкаштырып келатса ат үркүп,  аялынын мурдун жалпайта тепкен эле.  Таноолору өйдө карап калгандыктан бир чети эркелетип,  бир чети чычалатып «кош ооз» деп ат коюп алган эле.

Оңолбек баласына апаңды таап кел деп жатканын тигилер кайдан түшүнсүн.   Кудалары кийин эстеген сайын айтып күлүп жүрүштү.

*   *   *

Жакын чоң атасы Айманбай 90дон ашык жашка чыгып каза болуп,  сөөгү коюгандан кийин, Үсөнкан элге кайрылып:

— Оо,  эл-журт! Айманбай кандай киши эле?— деп кайрылса,  элден мурун озунган Оңолбек:

— Сенден жакшы болчу, —деп бакылдап жатпайбы.