ШАКИР Олжобай: Өлкөнү дөөпүрөс падыша башкарса, эл аны жек көргөнгө чейин жетет

Лао-Цзы

(VI-V к.к.), кытай даанышманы

Өзүн өзү олуя санаган өлкө башчысы капталдан кеп-кеңеш айтаар акылдуу бирөө пайда болушун каалабайт. Ал курчоосунда дайыма жымжырт болуп турганда гана өз жанын жай алып жүрөт.

* * *

Даанышман падыша башкарган өлкөнүн элине падышанын бар-жогу билинбейт. Акылсыз падыша башкарган өлкөнүн эли падышага жуукур, кошоматчыга айланат. Акылы чолок падыша башкарган өлкөнүн эли падышасынан коркот. Эгерде өлкөнү дөөпүрөс падыша башкарса, эл аны жек көргөнгө чейин жетет.

 

* * *

Дао – чексиз; асман менен жер чексиз; алардан соң падыша бийлиги чексиз. Ааламда ушул төртөөнөн ашкан чексиздик жок.

* * *

Мамлекет салган салык элдин чама-чаркынан ашып кеткен күнү элдин карды ач болот.

* * *

Өз бийлигинин чегин билбеген төрөдөн өткөн шордуу жок.

Канкорлор менен күчтүүлөр өз ажалынан өлбөйт.

* * *

Анык азап – кас менен касташканың.

* * *

Азаптын азабы – жашооңо канааттанбагандык.

* * *

Кумарга баш-отуң менен киргенден өткөн оор күнөө жок.

* * *

Согуштун арты мүмкүн баарын өз ордуна коёр, бирок акыры бир күн кек жаратат.

* * *

Мыкты деген аскер – адам баласынын башына кайгы гана үйөт.

* * *

Адам баласы үлбүрөк, алсыз туулуп, а өлөрүндө сөңгөктөй катыйт. Бардык жандуулар менен өсүмдүктөр да жарыкка үлбүрөк, алсыз жаралып, жашоодон ажырарда кургайт, соолуйт. Катыгандар – жашоо соңуна жеткендер, а үлбүрөгөн алсыздар – жашоосун улантчулар. Аскер кошууну менен дарак деле күчтөн ажырайт. Алдуулар менен кубаттуулар үлбүрөк, алсыздардай шыбагага ээ эмес.

* * *

Туулмак бар, өлмөк бар. Он адамдын үчөөсү баш көтөрүп узак жашайт, үчөөсү ажалга эртеле моюн сунат. Дагы үчөөсү өз өлүмүнө себепчи. Эмнеге дегенде, баарысы жашагысы келген. Айтымга караганда: жашоо маңызын билген адам арстанбы, керикпи, тике качырып, айбан бетиндеги түктөн да айбыкпайт. Андай адамды кериктин мүйүзү, арстандын азуусу, жаагердин кылычы да сүрдүктүрө албайт. Сыры эмнеде? Тек гана өлүмдөн коркпогондукта.

* * *

Жер үстүндө бардыгы өсөт, гүлдөйт жана тамырга кайтып барат. Тамырга кайтканы – жаратылышка моюн сунганы. Жаратылышка моюн сунгандык демек, түбөлүктүүлүк. Ошондуктан картайган дене эч кандай чочулоо дегенди билбейт.

* * *

Энесин аңдасаң, балдарын түшүнөсүң. Балдарын аңдап, энесин кайта эсте: ошондо чочулоосуз жашайсың. Каалооңду чектеп, өмүр бою кумардан качсаң, чарчоону билбейсиң. Кумар кууган көзбоёмочулуктан таяныч издебе. Майдага маани берүү – көрөгөчтүк. Күчкө умтулбоо – кубаттуулук. Жарык маанисине түшүнүш үчүн аны жакындан тиктебе. Жамандыкка жакындабаган – айкын жолду көрөт.

* * *

Адамга өлүм билинбей келген себеби, ага ашкере умтулгандыгында.

* * *

Өз өмүрүн барк албагандарга – өмүрдүн да кусуру тиет.

* * *

Элди сүйүп, эл башкаргысы келген адамдын дайыма колу-жолу бош болсун.

* * *

Акылдуу адамдын көлөкөсү көлөкөдө турса деле жарык. Ал өзү жөнүндө мактанбагандыктан кадыры бийик. Өзүн даңктабагандыктан – даңкы даңк, өзүн көкөлөтпөгөндүктөн көпчүлүктүн арасында улуудай урматтуу.

* * *

Ишти жетээр чегине жеткирген адамдын колунан келбей турган эч нерсе жок.

* * *

Баарынан жөндөмдүү, баарынан көптү билгенсип күпүлдөгөндөрдүн колунан кокон келбейт.

* * *

Кептин баары – дайра менен арыктын суусу тоолордон жапыз болгон үчүн канчалаган чокулардын суусу дайра менен арыкка кошулат. Дайра менен арык ошонүчүн тоодон ылдый сел болуп каптаган суунун баарын боюна батырууга кудуреттүү. Даанышман да дайра менен арык сыяктуу: элден бийик болуш үчүн элден жапыз болууга аракеттенет. Ошондуктан элдин эркечи болуш үчүн алдыга жүткүнбөй, дайыма элдин артында жүрөт. Өз орду элден бийик экенин билсе да, мейли,  эл анын төбөсүнө чыгып алсын, барыбир ал айкөл да, көтөрүмдүү. Өзүнүн орду элдин астында экенин билсе да, ал эч качан элдин артында калганын акыйкатсыздык деп эсептебейт.

* * *

Акылдуулар илимдүү болбойт, илимдүүлөр акылдуу болбойт.

* * *

Акылман чектен чыккан бардык жорук-жосундан четтей алат.

* * *

Башкаларды жеңгендей эле өзүңдү өзүң жеңсең, анык эрсиң.

* * *

Баардык илим-билимдин жолун өздөштүргөн адамдын жаны эчбир дартка кабылбайт.

* * *

Билимим жетпесе, билбегенимди билбейм деп айтам.

* * *

Дүйнөдө суудай назик, суудай жумшак эчнерсе болбогону менен суу бирок эң катуу заттын да ташталканын чыгарууга кудуреттүү.

* * *

Эгер кимдир бирөө сага жамандык кылса, өч алам деп жакасына жармашпай, урушкандан алыс бол да, жөн гана суу боюна барып отур, сени ыза кылган неменин өлгөн денеси жаныңан агып өткүчө…

* * *

Ажаатчыл адамдан айрылсаң, аккөңүл жан табылар; аккөңүлдөн айрылсаң, адилеттүү табылар; адилеттүүдөн айрылган күнү адептүүсү табылар; асти, адептүү көрүнгөн адамдын адаты адептүү көрүнгөнү менен ыйкы-тыйкынын башталышы дей бер.

* * *

О, бакыт! Бакыт бакытка гана жөлөк. О, бакыт! Бакыттын өзүндө бактысыздык бар. Экөөнүн аралыгы канча, ким билет? Булардын экөөсү тең туруксуз.

Кыргызчалаган О.ШАКИР