ШАКИР Олжобай: МАЛАЙДЫН АМАЛЫ КОЖОЮНДУКУНАН АШАТ

Лит жомогу
Өлгөндөй бир сараң дыйкан болуптур, жадесе өз малайларынан да ашын аячу экен. Тамак ичээр маал келгенде эле малайларына элде жок шылтоолорун айтып, күңкүлдөп-мыңкылдап баштачу экен: «Уйду торпогу эмип алыптыр, нан күйүп кетиптир».
Кошуналары түштөнүүгө отурар маалда малайына айтканычы:
– Кел, Йонас, эл тамак ичип аткан маалда биз да эс алалы. Алар да бизди түштөнүүгө отурду деп ойлошсун.
Күнүгөле ушул экен.
Карды ачкан Йонас анан сараң дыйкандын бул адатын кантип калтырышты ойлонот. Бир күнү коңшулар түштөнүүгө отурушту, эс алмай болушту. Йонас болсо чалгыны алды да, ордунан туруп:
– Отурганда эмне, андан көрө иштегенибиз оң! – деди.
Кожоюн да ысыкка карабай иштөөгө аргасыз болду. Анткени башка чалгычылары да ордуларынан туруп жөнөштү. Йонас кожоюнду алдыңкы солго салды да, чалгыны шартылдатып, артынан улам жакындайт, улам жакындайт. Аз эле жерден кожоюндун согончогун чаап салчудай жакындаганычы.
Кожоюну жалбарат:
– Йонас, шашылба, кагылайын! Согончогумду чаап саласың минтсең!
Йонастын угар түрү жок. Улам жакындайт! Артына кылчайса, Йонас чөөп чаап деле кыйратып атпаптыр. Ал тек гана чөп чапкан түр көрсөтүп, чалгы шилеп келатканын көрөт.
– Йе, айланайын, Йонас! Бу эмне кылганың? – деди жаны кашайган кожоюн.
– Эмне кылмак элем, бизди көргөндөр чөп чаап аткан экен деп ойлосун да, кожоюн, – деген экен кайран малайы.

Которгон Олжобай ШАКИР