ШАКИР Олжобай: Зиң, зиң, зиң – Гармония!

Ллойд Мосс(1927-2013)trombone

Созуп үнүн жибектей, онтоп арыз армандуу,
Өзү менен ТРОМБОН артта жалгыз калганбы?
Чойсоң, тартсаң кысылып – бийик нота басаңдап
Тромбон ойнойт жылбышып СОЛО добуш салган бу.

free-shipping-pocket-trumpet-pocket-trumpet-hand-no-western-musical-instrumentsТРАМПЕТ келсе кезеги – жалгыз аспап ал дагы,
Сыздап-боздоп жан тербеп укмуш ыргак салганы.
Ага тромбон кошулса: демек ДУЭТ деш керек
Жалгыз-жалкы ЭКӨӨ тең шерик болуп калганы.

 

Баскычынын ар бири май шыбанып келгенсийт,valtorna
Жаркылдап кооз тимеле сары алтындай менменсийт.
Бүт денеси ийилген шакек сымал ВАЛТОРНА
Кошулганда бул ҮЧӨӨ – ТРИО болуп эрдемсийт.

violenЧыга келди ВИОЛОНЧЕЛЬ «эсенсиңби» деп көнгөн,
Созгон мойну ийилип, таазим кылса эп келген.
Өйдө тирээр астында шиш бар аны таяган,
ТӨРТ аспап бул – КВАРТЕТ төгөрөгү төп келген.

Боз торгойдой безенип бийик созуп ырларын,200px-german_maple_violin
Чуркайт тез-тез чыбыгы сылап-сыйпап кылдарын.
СКРИПКА: Зың! Зың! Зың! Ичке белдүү мукамдуу
КВИНТЕТ деп айтабыз бул БЕШӨӨНҮН ыргагын.

wpidКүмүш түтүк ФЛЕЙТА үнү коп-кооз кубулат,
Тал чыбыктан чыккан үн жүрөгүңө урунат.
Ал да келип кошулса музыканттар сабына
АЛТОО аваз созгондо СЕКСТЕТ шаң угулат.

Баскычтары болоттон топчу-топчу бөлүнөт,img_bb1152e5-clarnet
Шаңдуу-шайыр нотасы кара түндөй өрүлөт.
Өңү кара КЛАРНЕТ жылмаланган жыгачтан
ЖЕТИНЧИСИ болгондо СЕПТЕТ добуш төгүлөт.

goboiМаарап-мөөрөп, боздоп да, куунак үндү салышка
Бапылдатсаң бапылдайт кош кабаттуу камыштай.
ГОБОЙ кошул, садага келчи артта кыйылбай
ОКТЕТ анда түзүлөт, сен СЕГИЗ бол калышпай.

Маскарапоз, жалкоонун бузук чыкса обону,fagot
Чоң ФАГОТтун фальшына биз күлөбүз оболу.
Сен андыктан ЫЗАКОР, катардан тап ордуңду
ТОГУЗ санга кошулсаң – НОНЕТ курам бололу.

female-1299074_960_720Көктөн түшкөн канатчан АРФА өзү периште,
Ыргак салса кылдары – сыйкырдуу бир бейиштей.
Кошулганда арфага музыканттар баарысы
Карагыла, жыйналат ОН өнөрпоз келишкен!

Залды беттеп келатат бүт ОРКЕСТР жамырап,glenn-miller-orchestra
Чыгып алар сахнага орундары табылат.
АРФА, КЛАРНЕТ, ВИОЛОНЧЕЛЬ, ТРАМПЕТ чыгат анан да
Мурда баарын көргөнбүз, эми оркестр жаңырат!

zagadki-pro-notyГОБОЙ, ФЛЕЙТА, чоң ФАГОТ баары турат даярдай,
Башталат деп жакында кезек күтүп аярлай.
ТРАМБОН менен ВАЛТОРНА жана дагы СКРИПКА
Угуучулар келишкен убактысын аянбай!

КЫЛДАР учуп кыялдуу, ЧООР жол баштап жаңырат,wind-instrument
Нота жайнап ар жерде ЖЕЗ ТҮТҮКТӨР чаңырат.
Музыканы баарыбыз жандил менен сүйөбүз,
Ошон үчүн концертке биз барабыз дабырап.

5259835-hands-palm-applause-success-text-bravoТез-тез учуп мүнөттөр, бүтүп калат музыка,
Жаңы достор «кош» дейбиз, кумар канбай кызыкка.
Таазим кылып сахнадан кетишкенде жүгүнүп –
Балким кайра чыгышат: биз кол чапсак кызыта!

Баарыбызга тартуулап ыракат берди сүйүнөр,
Биз айтканча кеч болду: «Бейпил болсун түнүңөр»!

Англис тилинен которгон Амирбек АЗАМ уулу
Кыргызча ыргакка салган Олжобай ШАКИР