ШАКИР Олжобай: Акылдуу аялдын табигый душманы – миллиондогон зөөкүр эркектер

КЕРЕГЕ КЕП

Мария ЭБНЕР-ЭШЕНБАХ

(1830-1916), австралиялык жазуучу

 Бирөөгө бирдеңке уурдаткан авторлор күйүнбөй, сүйүнгүлө. Токойдо деле отун кыйчулар уурулук кылып турбаса, токойдун эмнеси токой?

* * *

Узун ойдун кыскасы – афоризм.

* * *

Талаш-тартыш жараткан кишиден эмес, талаш-тартыштан четтеген кишиден корк.

 

* * *

Төөдөй жандыктан чычкандай жандык туулган шумдуктан да, чычкандай жандыктан төөдөй жандык туулганын талап кылчулар бар.

* * *

Жаш кезде окуганыңды, карыганда түшүнөсүң.

* * *

Баары айлана-чөйрөгө жараша: асмандагы күнгө караганда жертөлөдөгү шам өзүн-өзү укмуш санайт.

* * *

Өзүңдүн пайдалуу адам экениңди көргөз, бирок ордумду эчким алмаштыра албайт деп ойлобо.

* * *

Асманга фейерверк атылган кезде жылдыздарга караган эчбир адамды көрбөйсүң.

* * *

Эчнерсе билбеген адам баардык нерсеге ишене берет.

* * *

Ачкарын эмес, аша тоюнган адамга жардам берген кыйын.

* * *

Эстүү адамдар гана башкалар менен кошо өз жөндөмдүүлүгүн туйганга зирек болот.

* * *

Кыялыңа жетпей калганыңа өксүбө, анткенге өмүрүндө кыялданбагандар гана акылуу.

* * *

Кимди көбүрөк сыйласаң, анан көбүрөк жактырсаң, ошол адамга каршы сүйлөгөнгө оозуң барбайт.

* * *

Башкалардын иши эмнеге оңолбой атканына акылыбыз жетет да, өзүбүздүн иш эмнеге оңолбой атканына акылыбыз жетпейт.

* * *

Жеткиликтүү түшүнгөндөр чанда, көптү билем деген адамдар толтура.

* * *

Кемчилигин дароо моюнга алган адам кемчилигин тез оңойт.

* * *

Балалыгы эсинде жоктордон жакшы тарбиячы чыкпайт.

* * *

Тарбиялуу адамдар чөйрөгө чыкканда аба ырайы менен дин тууралу кеп козгобойт.

* * *

Кудайды таанууга биз канчалык жакындайлы десек, ал бизден ошончолук алыстайт.

* * *

Жакшы чөйрөнүн арасына кириш үчүн үстү-башың аземдүү көрүнгөндөй болсун.

* * *

Акылдуу аялдын табигый душманы – миллиондогон зөөкүр эркектер.

Кыргызчалаган О.ШАКИР