ШАКИР Олжобай: МАРК ТВЕН: ТАМЕКИНИ ТАШТАГАНДАН ЖЕҢИЛ НЕРСЕ ЖОК, МЕН АНЫ ОТУЗ ЖОЛУ ТАШТАДЫМ

Марк ТВЕН
(1835-1910), америкалык жазуучу

Көпөстөр өздөрүнөн башкага кам көрбөйт. Жардылар гана жардыны түшүнүп, биринен-бири жардамын аябайт.
* * *
Кудайга сыйынгандан көрө ашатып-ашатып сөгүп алсаң жеңилдей түшөсүң.
* * *
Жападан жалгыз бир христианин болсо, адамдар аны да жыгачка керип өлтүргөн.
* * *
Баардык саясый партиялар акыр аягы өздөрүнүн калпына өздөрү көмүлүп тынат.
* * *
Бир жыл мурда изги жан элем: нью-йорктуктардын ыйманы менен камыр-жумур аралашкандан баштап миллионерлерден өткөн уят-сыйытсыз адамга айландым.
* * *
Келгиле, ынтымакта жашайлы! Биз өлсөк, табытыбызды жасаган киши да мүңкүрөгөндөй болсун.
* * *
Колунда бийлик турган адам бирөөгө жакшылык кылыш үчүн сөзсүз ким бирөөгө зыян кылат.
* * *
«Чындык балдардын, анан мээси бөксөлөрдүн оозунан чыгат» деген эски даанышман ой бар. Байкасаң, акылдуулар менен чоң кишилер чындыкты көп оозанбайт, чын айтамбы?
* * *
Дайыма чындык деп чыркыраган адам менен жашаганга эчким чыдабайт. Баарыбызды калпычы кылып койгон кудайдын ушунусуна шүгүр.
* * *
Эмне айтаарыңды билбесең, чыныңды айт.
* * *
Чындыктын кадырына жетпегендерге чындыкты айтпа.
* * *
Достук деген дайыма таттуу, бекем, ыйык сезим. Аны өмүр бою сактаса болот. Бир гана жаман жери – дос достон карыз албаса.
* * *
Сага акча керекпи, бөлөк-бөтөн кишиге бар. Агер акыл-кеңеш керекпи, досторго бар, а эчнерсенин кереги жок болсочу?.. Тууган-туушкандарыңа жөнө.
* * *
Чыныгы дос – сен туура эмес иш кылсаң да жаныңда. А сен туура иш кылган кезде, ким болбосун курчооңдо жүрөт.
* * *
Ким-бирөө менен мамилеңди бузгуң келсе, анын бир жолу бар: ал айткан анекдотту «жок, андай эмес, мындай» деп өзүң билгендей айтып сал, бүттү тырчыят.
* * *
Денсоолукту сакташтын жалгыз эле жолу бар: көңүлүң каалаганды эмес, каалабаганды жеп-ичип, көңүлүң каалабаган ишти жаса.
* * *
Эгер ачууң келип турса, төрткө чейин сана. Ага да болбойбу, өкүрүп-бакырып ал.
* * *
Айрым мыйзам чыгаруучу органдар болот. Аларың сатылса, дүйнөдөгү кудайдын кунундай пулга сатылат.
* * *
Патентсиз сатыла турган товар – шайлоо бюллетени.
* * *
Бүтүндөй тарыхты карасаң, кыйратып эчнерсе кылбагандар менен түркөй адамдардын гана ити чөп жейт. А билими, дарамети күчтүүлөр дайыма түркөйлөр менен колунан кокон келбегендерге өз ыктыяры менен жол бошотуп турат.
* * *
«Классика» деп таанылган китептерди баары жанталашып топтойт, бирок бир да киши толук окуп чыкпайт.
* * *
14 жашымда атам мага акылынан айныгандай көрүнчүү. Айткандарына куйкам курушчу. А бирок мен 21ге келгенде, 7 жыл ичинде картайган атамдын акылына кайдагы акыл келип кошулганына оозум ачылган.
* * *
Бир жолу ысык мештин үстүнө отурган мышык экинчи жолу ысык мешти кой, муздак мешке жолобойт.
* * *
Күмөнсанаганыңды билдирип бирдеңке сурагандан көрө, тилиңди тишке катып, келесоо көрүнгөндөн өтөрү жок.
* * *
Адамдар Айга окшошпуз: аркимибиздин башкалардан жашырган дагы бир бетибиз бар.
* * *
Тамекини таштагандан жеңил нерсе жок, мен аны отуз жолу таштадым.
* * *
Кудай эң биринчи эркекти, анан аялды, андан кийин эркек бечараны аяганынан тамекини жараткан.
* * *
Бүрсүгүнү бүтчү ишти эртеңкиге да калтырба.
* * *
Кудай Италияны Микаланжелонун шыгы менен жараткан.
* * *
Атак-даңкың деле сокур тыйын. Римге келгенде Микаланжелонун өлүп калганына бир жагынан өкүнүп, бир жагынан айайсың. Анткени ал бечара өз колунан жасалган бул шаарга суктанып, өзү ыракат алган эмес.
* * *
Адегенде кашкайган далилди таап ал, анан аны каалаганыңдай калчайсың.
* * *
Көнгөн адат калбайт. Аны күч менен чыгарып салам дебей, аракечти алдап-соолагандай тепкичтен тепкичке акырын түшүрүп барып узатып жибер.
* * *
Жазуучунун көңүл кушун жаңылып-жазбай көкөлөтө турган үч ыкма бар: 1) Кайсы бир китебин окуганыңды айт; 2) Бир да китебин калтырбай окуганыңды айт; 3) Жарыкка чыга турган китебинин тупнускасын сура.
* * *
Калптын үч түрү бар: жөн калп, уятсыз калп, анан статистика.
* * *
Мээмдин кампасы толтура болсо керек: кээде анын ичи тазаланганча бир апта кетет.
* * *
Жакшы тарбия көргөн адам өз бийиктигин да, маектешинин пастыгын да эч билдирбейт.
* * *
Динге башурган адам өзүн кандай жакшы көрсө, жакындарын да ошондой көрөт. Кокус жакындарынын бири кудайды келекелеп койгон болсо, аны мууздап салгандан кайра тартпайт.
* * *
Бир жумуртка тууса, бир планетаны туугансып какылдаган тооктой ызы-чуу салганың далил эмес.
* * *
Тамаша кеп – иштебеген мээни ордунан козгойт.
Которгон Олжобай ШАКИР