АБЫКАЕВ Абийирбек: АБИЙРБЕК АБЫКАЕВ: КУЙРУЧУКТАЙ КУУДУЛ ЭЛЕТТИКТЕР — VII

Мир Ашыраалы уулу, (1951-2013)

Ата теги: Тагай бий-Сарбагыш-Дөөлөсбакты-Жантай-Сары-Бөрүчөк-Атабай-Мендеке-Андагул-Бердике-Адей-Мамыркан-Жылкыбай-Ашыраалы-Мир.

1986-жылдары Мир совхоздун курулуш цехинде экспедитор болуп иштеп калды.  Бир күнү совхоздун директору Кешикбаев Асылжан 2 чоң автомашина бөлүп берип,  Мирге Токмоктон тактай алып келүүнү тапшырды.  Машиналарды совхоздун кеңсесинин алдына коюп, Мир бухгалтерияга кирип, доверенность алмак болду.  Совхоздун башкы бухгалтери Мукан:

— Мурунку алган довереносторго отчет бермейинче жаңысын бербейм, — деп тырышат.  Канча жалынса да болбой койгондуктан директорго киришке туура келет.

— Мукан доверенность бербей жатат,  эмне кылайын?- десе,  совхоздун парторгу,  профкому менен сүйлөшүп отурган директор:

— Мени айтты де,  берсин, — кыска жооп берди.

Мир кайра Муканга барса:

– Директор эмес райкомго барсаң да мурунку отчетуңду бербесең бербейм, —деп  ал өз айтканын бербейт.

Мир директорго кайра кирип:

— Тигиниңиз сизди айсам да болбой атат,— дейт.   Ачуусу келген Асылжан Кешикбаев:

— Чакыр, мага кирсин, —деп бурк этти.

Мукан келип Мирдин бир айдан бери ондон ашык доверенность алып,  аларга отчет бербей жүргөнүн айтып киргенде,  Кешикбаев Мирге ачууланып:

— Ой,  сен да  бир ит экенсиң да, —деп Мирди жекире карады.

— Тегерегиңдин баары ит болсо эле мени да ит дей бересизби, —дегенде, Кешикбаев парторгду,  профкомду,  башкы бухгалтерин карап Мирдин кимдерди айтып жатканын түшүнүп,  кабинетинен кууп чыккан экен.

*   *   *

Бир жылдары 6 кишиден бригада түзүлүп,  карагай даярдоого тоого жөнөтүшөт.   Башчысы болуп Мир дайындалат.  Кыла турган жумуштарынан тышкары бригаданы тамак-аш менен камсыз кылуу да  Мирдин мойнунда.  1-1,5 ай ичинде берилген тапшырманы аякташып кайтышты.  Бир нече күндөн кийин жеген тамак-ашына отчет берип жаткан Мирге совхоздун башкы бухгалтери Мукан кыйкырып коё берди:

— Ой,  силер алтооңор карагай даярдабай эле күндө беш маал палоо жеп жүрдүңөрбү? Мынча күрүчтү каякка жибердиңер? Ашык алганыңарды төлөтөм,  түшүнүк жаз.

Чынында эле отчетто күрүч 550 кг деп жүргөн экен.  Аны 5 киши 1,5 ай ичинде жеп бүтө  албасы белгилүү го.   Көрсө, кайран Мир тооругандарга алып берген,  өздөрү ичкен арактарын дүкөнчүгө күрүч алды кылып жаздыра берип, алган «күрүчү» 500 килодон ашып кеткен экен.  Эки-үч жолу бухгалтериядагыларды да сыйлап кеткенин Мукан билет да.

— Анан чогуу ичкендерибиздин баарын жалаң нан деп жаздырсам Ала-Тоо болуп кетпейби, — деп жатып отчетту кайра түзгөн экен.   (ТЭЦ деп алышкан 600 долларга алган ат тишти укканда ошол Мир байкенин күрүчү эске түштү. – А. А.  )

*   *   *

Тээ,  жаш кезинде Мир совхоздун комсомол комитетин жетектеп жүргөн.  Ошол учурда Фрунзеден артистердин бригадасы келип калат.   Арасында кадимки төкмө акын Ашыраалы Айталиев да бар.  Аларды Көк-Ойроктогу чабандарга алып барууну директор Мирге дайындайт.  Жолдон Ашыкең:

— Ээ балам,  ат жалына казан аспайсыңбы, —деп калды дейт.

Тогуз булактан токтотуп,  чакан дасторкон жайылып отурганда,  Мир Ашыкеме өзүм тийише кеттим дейт тилим жөн турбай:

— Ашыке,  жакшылап карап көрсөңүз экөөбүздүн окшош жагыбыз көп экен,  менин фамилиям дагы Ашыралиев,  мурдум да сиздикиндей барбагай,  ырдабасам да кара сөздөн оңой менен кишиге алдырбайм, — десе:

— Ээ балам,  мен илгери жаш кезимде Чоң-Кеминде көп жүрдүм эле,  апаңдын атын айтчы, —десе болобу.

Отургандар:

— Ашыкем баласын тапты, — деп  кыраан-каткы болуп эле жатып калышты дейт.

*   *   *

Айболот,  ыраматылык Төлөн экөө Кайыңдыда канторанын бир бурчунда кабинет ачып,  тиш дарылап,  тиш салып жүрүштү.  Бир күнү өз жумуштарым менен айыл өкмөтүнө барып калсам,  Мир байке Айболоттор менен барып үйдөн тамак ичип кет деп калды.  Көрсө тиш салдырып,  ырахматын айтып коёюн деп жатыптыр.  Токтосия жеңе тамагын чыгарып, бир бөтөлкө арагын койду дасторконго.  Ичкендерден Мир менен Төлөн,  калган үчөөбүз сопубуз.  Мир бөтөлкөсүн бузуп жатып:

— Айболот, сени ичпейт деп бир эле бөтөлкө алдырдым,—деп калды жөн отурбай.   Айболот:

— Эмнеге ичпейм,  куй баарыбызга, –деп куйган  арагын ичип жиберди,  бир чети тамашага салып,  экинчиден Төлөндүн ооруп жүргөн кези эле,  ал азыраак ичсе экен деген ой менен.   Тамашалашып отуруп баягы бөтөлкө да түгөндү.  Мир:

— Тур эми кемпир,  кудай жалгап бүгүн Айболот да ичип калыптыр,  эми бир бөтөлкө алып келе кой,—дегенде,  туруп бараткан Токтосия жеңеге Айболот:

– Жеңе,  жөн эле кой,  ушул тойгонубуз эле жетет,  ырахмат, –деп токтотту.  Ичкен кишинин табити ичкен сайын ачылат эмеспи,  Мир:

— Кой кемпир,  барып алып келе кой,—деп болбойт.  Барганы камынса Айболот токтотот:

— Барбай эле кой,  кереги жок.

-Тур эми,  барып келе кой, —деп Мир шаштырат.  Ортодо кимдин сөзүн угаарын билбей Токтосия жеңе:

— Айболот барбай эле кой деп жатпайбы, барбайм,—десе,  Мир:

— Сен Айболоттун катынысыңбы же менин катынымсыңбы, —дегенде,

— Ай байке,  сага айла жок экен, —деп  Айболот күлүп отуруп калды.   Ошентип кыраан-каткы менен отуруп,  Токтосия жеңенин дагы бир бөтөлкөсүн түгөтүп,  анан  кеттик эле.