ШАКИР Олжобай: МАССАЛЫК АДАБИЯТ МЕНЕН СОЙКУЛАРГА ЖАСАГАН МАМИЛЕБИЗ БИРДЕЙ, БИРОК…

ДОН-АМИНАДО (Аминад Петрович Шполянский)
(1888-1957), орус акыны

Башкы маселеге келгенде бирикпегендер кийин болор-болбос иш үчүн ажырашат.
* * *
Эркек жөн эле алдайт, аял алдаса – көзүнө жаш айланып турат.
* * *
Сокур ичегиден бир заматта кутуласың, туугандардан бир заматта кутулуш кайда.
* * *
Үч рюмка коньяктан кийин француз минералдык сууга өтсө, орусуң «сен» дегенге өтөт.
* * *
Шык-дарамети күчтүү тубасалардын жөндөмү орто билим алгандан эмес, Кудайдан.
* * *
Башкалардын аялы баш оорусуздай көрүнө берет.
* * *
Чынчыл балдар «ата-апа, силерди эмес, балмуздакты жакшы көрөм» деп буйтаңдатпай сүйлөйт.

Кароль ИЖИКОВСКИЙ
(1873-1944), поляк жазуучусу жана сынчы

Массалык адабият менен сойкуларга жасаган мамилебиз бирдей, экөөнү тең ашатабыз, бирок пайдаланабыз.
* * *
Саясатчылар поэзияны турмуштан өтө эле алыс деп эсептешет. Акындар деле саясатчылардын саясатын турмуштан алыс десе болот эле го.
* * *
Акын – бул элдин кенчи.
* * *
Кенедей бир өз чындыгына жеткен акмак чоң коркунучту жаратат.
* * *
Тагдырдагы тилегиңден үмүт үзсөң, дал ошондо ак эткенден так эткен тилегиңе жетесиң.
* * *
Өмүр деген эмне? Түбүндө чамасынан башка нерсе калбаган чыныбы? Же бүтпөгөн узундугун үзүп салчу арканбы?
Которгон Олжобай ШАКИР