ШАКИР Олжобай: Кудайдын бир да дини жок

Махатма ГАНДИ

(1869-1948) Индиянын мамлекеттик ишмери

Мени ыйыктын ыйыгы санашат, а саясат мени эбак бузуп салган. Чынында саясат аркылуу барын түптөөгө болот: менин ыйык болуп калганым ошондон.

* * *

Биз сымаптай кылтың саясаттан, уят-сыйсыз ырахаттан, мээнетсиз байлыктан, кулк-мүнөзсүз илим-билимден, адамгерчиликсиз аалым болуудан, битибизден бизнес жасамайдан, анан кудайга куру сыйынган жосундарыбыздан өлүп атабыз.

* * *

Дайыма карама-каршылыгыбызды ачык билдиргенде гана алдыга жылабыз.

 

* * *

Саясый эркиндиктен мурда тазалык маселеси маанилүү.

* * *

Зергерлик мээнет болмоюн жез, күмүш, алтындын куну да сокур тыйынга татыбайт.

* * *

Көпөстөрдүн көзүн май баспасын, андале букаралардын бир көзүнөн жаш, бир көзүнөн кан агат.

* * *

Гезит – чоң күч. Анын күчү байлоону бузган суудай баарын ойрондойт. Ээнбаш журналисттин калеми да бүлдүргөндөн башкага жарабайт. Эгер гезитти ким бирөө сырттан көзөмөлдөсө, анык кокуй ошол. Андан көрө, көзөмөлсүз болуп же көзөмөлдү сырттан эмес, ичтен кылганда гана чоң муктаждыкты жаратат.

* * *

Жер пенделеринин мүдөөсүн канааттандырганга аалам койну ушунчалык кенен, бирок ачкөздүгүбүзгө келгенде аалам койну тардык кылат.

* * *

Маанилүү максатка каражат өзүнөн-өзү табылат.

* * *

Балээден оңой-олтоң кутулуш үчүн бирөөнү курулай кубантып, «макул» дегиче, «жок» деп кесе айткан оң.

* * *

Дүйнө канга кан менен жооп берген үчүн сокурдай карайлап отурат.

* * *

Көздөгөн жыргалчылыгына жетиш үчүн Британияга планетанын жарымын басып алууга туура келди. Индияга деле ошол өлчөмдөгү жыргалчылыкка жетиш үчүн канчалаган планета керек?

* * *

Адегенде сени эчким көзгө илбейт. Кийин шылдыңдай башташат. Андан соң сени менен кармашканга өтүшөт. Акыр аягы жеңип чыгасың.

* * *

Сөздүн түз маанисинде, цивилизацияга жетүү – каалооңду каалагандай канааттандырганда эмес, тескерисинче, ыктыярыңа жараша каалооңдун канча бирин чектөөдө.

* * *

Абийир маселесин көпчүлүктүн добушуна салган болбойт.

* * *

Өктөмдүктөн баш тартуу – суу жүрөктүк эмес, ал ардайым эрдик.

* * *

Кудайдын бир да дини жок.

* * *

Аш – ач адам үчүн Кудай.

Кыргызчалаган О.ШАКИР