ШАКИР Олжобай: МАХАТМА ГАНДИ: КУДАЙГА КУРУ СЫЙЫНГАН ЖОСУНДАРЫБЫЗДАН ӨЛҮП АТАБЫЗ

(1869-1948) Индиянын мамлекеттик ишмери

Мени ыйыктын ыйыгы санашат, а саясат мени эбак бузуп салган. Чынында саясат аркылуу барын түптөөгө болот: менин ыйык болуп калганым ошондон.

* * *

Биз сымаптай кылтың саясаттан, уят-сыйсыз ыракаттан, мээнетсиз байлыктан, кулк-мүнөзсүз илим-билимден, адамгерчиликсиз аалым болуудан, битибизден бизнес жасамайдан, анан кудайга куру сыйынган жосундарыбыздан өлүп атабыз.

* * *

Дайыма карама-каршылыгыбызды ачык билдиргенде гана алдыга жылабыз.

* * *

Саясый эркиндиктен мурда тазалык маселеси маанилүү.

* * *

Зергерлик мээнет болмоюн жез, күмүш, алтындын куну да сокур тыйынга татыбайт.

* * *

Көпөстөрдүн көзүн май баспасын, андале букаралардын бир көзүнөн жаш, бир көзүнөн кан агат.

* * *

Гезит – чоң күч. Анын күчү дамбаны бузган суудай баарын ойрондойт. Ээнбаш журналисттин калеми да бүлдүргөндөн башкага жарабайт. Агер гезитти ким-бирөө сырттан көзөмөлдөсө, анык кокуй ошол. Андан көрө, көзөмөлсүз болуп же көзөмөлдү сырттан эмес, ичтен кылганда гана чоң муктаждык жаратат.

* * *

Жер пенделеринин мүдөөсүн канааттандырганга аалам койну ушунчалык кенен, бирок ачкөздүгүбүзгө келгенде аалам койну тардык кылат.

* * *

Маанилүү максатка каражат өзүнөн-өзү табылат.

* * *

Балээден оңой-олтоң кутулуш үчүн бирөөнү курулай кубантып «макул» дегиче, «жок» деп кесе айткан оң.

* * *

Дүйнө канга кан менен жооп берген үчүн сокурдай карайлап отурат.

* * *

Көздөгөн жыргалчылыгына жетиш үчүн Британияга планетанын жарымын басып алууга туура келди. Индияга деле ошол өлчөмдөгү жыргалчылыкка жетиш үчүн канчалаган планета керек?

* * *

Адегенде сени эчким көзгө илбейт. Кийин шылдыңдай башташат. Андан соң сени менен кармашканга өтүшөт. Акыр аягы жеңип чыгасың.

* * *

Сөздүн түз маанисинде, цивилизацияга жетүү – каалооңду каалагандай канааттандырганда эмес, тескерисинче, ыктыярыңа жараша каалооңдун канча бирин чектөөдө.

* * *

Абийир маселесин көпчүлүктүн добушуна салган болбойт.

* * *

Өктөмдүктөн баш тартуу – суу жүрөктүк эмес, ал ардайым эрдик.

* * *

Кудайдын бир да дини жок.

* * *

Аш – ач адам үчүн Кудай.

Которгон Олжобай Шакир