ШАКИР Олжобай: АҢКОО

Монгол жомогу
Качандыр бир заманда бир бурадар кудукка суу алганы барыптыр. Барганы курусун: суунун бетине чагылышкан айды көрүп, кыйкырып жибериптир:
– Кудукка ай кулап калыптыр, кудая тово!
Анан ал кендирдин учуна илгич байлап, айды сузуп чыкмай болот. Бирок илгичи кудуктун түбүндөгү ташка илинип калып, үзүлүп кетиптир. Аңкоо аласалып артына кулайт. Караса, ай шаңкайган көктө.
– Ой шайым бекерге кеткен эмес турбайбы, ай кайра өз ордуна келип калыптыр! – деп пешенесиндеги терин артынып коёт дейт.

Карашау булагы
Карачай жомогу

Алашаунун уулу Карашау Элбурс тоосунун чокусунда жашаган экен. Ал Элбурстун бел ашуусунан мөлтүрөгөн тунук суу казып чыгарыптыр. Элбурстагы өлбөстүктүн суусу деген дал ошол экен.
Карашау Элбурстун булагынын тоңгон музун майда жанчып, музду нан ордуна жеп, суусун жутчу экен. Башка жей турган ашы болбоптур. Күнү ошонтип өтчү экен.
Агер кимде-ким узакка жашаса, бүгүнкү күндө да айтышат: «Демек ал Элбурстагы өлбөстүктүн суусун ичсе керек? Ал эмес куштар да ушул күнгө дейре ошол өлбөстүктүн суусун ичкенге учуп барышат» – деп.
Арийне, адамдарга караганда канаттуулар үчүн ал чокуга учуп барган оңой да. Кыязы, узакка жашачу канаттуулар Элбурс чокусуна учуп барышканы ошондон окшобойбу.

Которгон Олжобай ШАКИР