ШАКИР Олжобай: МУСУЛМАН САНАТТАРЫНАН: СОПУЧУЛДУК

Жүрөктөн чыккан сөз жүрөккө жетет, агер ооздон гана чыкса, ал куйма кулакка да сиңбейт.
Ал-Сухраварди

Сопу – бул күнгө табынсыз күн, ай менен жылдызга да табынбаган түн. Ал – барга көппөс, жокко чөкпөс.
Абу ‘л-Хассан ‘Али ал-Харакани

Сопу Кудайдын кылганынын баарына ток пейил, Кудай да сопунун кылгандарынын баарына ыраазы.
Абу Сайд ибн Аби-л-Хэйр

Сопулар какыр-чикирдин баары ташталса да кереметтин баарын өстүргөн жерге окшош.
Жунайд

Байыса да кедей кейиптенип жүргөндүк нукура сопулуктун белгиси. Ал бийликке жеткен күнү булуттуу көктүн астында, атакка жеткен күнү мууңду чөптүн үстүндө жашайт.
Кушайри

Сопу — бул эчкимди эчнерсеге, эчнерсени эчкимге байлабаган жан.
Нури

Биздин учурдагы сопучулдук – бул артында реалдуу эчнерсе турбаган ысым, ал качандыр бир убакта ысымы жок реалдуулук болчу.
Абу ал-Хасан Фушанджа

Өзүңдү бу дүйнөгө келген үстү-башы чаң жолоочу же саякатчы сана. Кээде дарак түбүнө көлөкөлөп, кээде чөлдү кесесиң. А сен өмүр бою жолоочусуң, анткени бу дүйнө үйүң эмес.
Хадис

«Дервиш» — бул касиет. Бул термин «азыктан азган кедей эмес, табияты каалоодон ажыраган кедей» экенин түшүндүрөт.
Хужвири

Ажылык маалында эки дервиш жолугуп калып, бири сураптыр:

— Эмне үчүн бу жерге келип калганыбызды билесиңби?

— Күнөөгө батканыбыз үчүн, — деп ыйлап жибериптир экинчиси.
Сопулардын накылынан

Эгер жүрөгүң жибектей жумшак, жибектей жылуу болсо, сен – сопусуң.
Салттуу санаттан

Сопучулдук — бул кубаласа да кетпестен, сүйгөнүңдүн босогосунда калуу.
Рудбари

Сопулар – Кудайдын тизесине алып отурган балдары.
Шибли

Адамзаада — бу дүйнөнүн балдары. Анан кантип өз энекесин сүйбөй калышсын?
Али

Сопу болуу – демек, тынчыңды алган нерсенин баарына кол шилтөө. Сени бейпайга салган өзүңдөн башка балээ жок. Сен өзүң менен өзүң болгон учурда Кудайдан обочолойсуң. Кудайга жакындатчу жол бир эле кадам, ал кадам өзүңдөн башталат.
Абу Сайд ибн Аби-л-Хэйр

Сопу өзү үчүн камсанабайт, бирок ал Кудайдын көз кырында.
Худжвири

Адам сопулук окуу жөнүндө билип, аны турмушуна колдоно баштаган кезде – жүрөгүнө акылмандык уйуйт. Аны уккан адамдар пайда табат, зыян таппайт. Агер адам сопулук окууга көңүл буруп, бирок аны турмушуна колдоно билбесе, кур чеченге айланат. Колдонулбаган билим тез унутулат.
Ал-Сухраварди

Даанышман Жафар ал-Садикини бирөө катуу келекелейт. Убакыт өткөрүп, бир күнү Жафар ошол адамдын үйүнө барып, минтет:

— Баягында сенин мага карата айткандарыңа үндөгөн эмес элем. Агер менде чын эле сен айткан сапаттар болсо, күнөөмдү мойнума алып, ошол сапаттардан таптакыр арылууга алдыңда сөз берем. Агер менде ошол сен айткан кемчиликтер болбосо, анда мен Кудайга жалынып, сенин күнөөлөрүң үчүн кечирим суранайын. А мен сени эмне айтсаң да кечирдим, анүчүн сени эчкачан токо наалатка да албай турганымды билдиргени келдим.

Анын бул айкөлдүгү катуу таасир этип, тиги да даанышмандын алдына тизелеп жыгылып, башын койгулаган экен.
Шейх Музаффер

Сопу болгондор Кудайдан башканын алдында таазим кылбайт.
Салттуу санаттан

Бахлул аттуу апендиге Харун ал-Рашид деген өкүмдар жолугуп сураган экен:

– Кайдан келатасың, Бахлул?

– Тозоктон, – дейт тиги шар эле.

– Сага ал жакта бышырып коюппу? – десе Бахлулдун жооп берип турганы:

– От керек болуп сурап баргамын, береби деп. Бирок тозоктун оозун тоскон бирөөсү:

– Биз бу жерге келгендерге от бербейбиз дегенинен, «мунуңар кандай?» – десем:

– Бул жерде кылайган от жок дедим го, отту ар ким өзү тиги дүйнөдөн ала келет, – дейт.
Музаффер шейх

Бир курдай Омор халиф бекерчиликтен эч нерсе кылбай отурган адамдарды көрүп, собол узатат:

– Силер ким болосуңар?

– Биз Алланын кудуретине ишенип, Алладан үмүт үзбөй отурган адамдарбыз, – дейт баары.

– Жок, силер адашкан пендесиңер, – дейт Омор халиф. – Силер белен ашты аңдыган эле бекерпозсуңар. Кудайга үмүт арткан адамдар жерге дандын үрөнүн сээп, андан соң гана Кудайдын кудуретине үмүт артат! – деген экен.
Ибн Араби

Эгер Кудайга жакындоого ак эткенден так этсең, Кудайды адамдардын жүрөгүнөн изде.
Абу Саид Аби-л-Хэйр

Которгон Олжобай ШАКИР