ШАКИР Олжобай: МУСУЛМАН САНАТТАРЫНАН: ИЧИ ТАРЛАР ЭМНЕ ҮЧҮН ДАЙЫМА НААРАЗЫ? СЕБЕБИ…

АБУ-ЛЬ-ФАРАЖ
(1226-1286), Сирия жазуучусу жана илимпоз

Эси жоктор өзүнөн башкалардын изги сапаттарын эмес, бир гана кемчилигин байкайт. Алар кудум денедеги кызарган жаратты көрө койгон чымындан айырмасы жок.

* * *

Акылга төнбөгөн жан – өлүк. Эгер аны окутуп-чокутса, тирилет. Тирилгени – какыраган жерге жамгыр жаагандай кеп.

* * *

Эси бар ар бир адам жосунсуз жоруктарга ырайымдуу болууга тийиш.

* * *

Сабырдуу адам болор болбоско уялып, өзүн-өзү ичинен жебейт.

* * *

Адамдын төрт сапатын эң мыкты аныктаган күч – шарапта. Кээси аны ичип, «чү» дегенде жайылып-керилип, канаттуу кушча талпынат. Анан маймылга айланып, мойнуңан кучактап, көрүнгөндүн мазасын алат. Анан барып, менменсинген күчтүү арстан мүнөз күтүп, каалаганын качырган ишенимге жетет. Аягында чочко сыяктанып, чылага оонайт.

* * *

Ичи тарлар эмне үчүн дайыма нааразы? Себеби, алардын ичин өздөрүнүн иши жүрүшпөгөндөн мурда, башкалардын ийгилиги көбүрөк ачыштырат.

* * *

Адам табияты таңгаларлык: байлыгын жоготсо, мүңкүрөй түшөт. А байлыктан кымбат өмүрдүн ар бир күнү сая кеткенине камаарабайт.

* * *

Денсоолук деле жаратылышты ашыкча коромжулагандай кеп. Андыктан, ичип-жегендин, кыймыл-аракет жасоонун, ал эмес сүйүп-күйгөндүн да чеги болот.

* * *

Көп учурда оозуман чыгып кеткен кеп үчүн кейийм, а ооз ачпаганыма кейигеним чанда.

* * *

Чыдамкайлык мыкты касиет, бирок аттиң, чыдай берүүгө өмүр кыска!

* * *

Өзүңө теңебеген адамдарга тоотпостук кылба, сенин жогорулашыңа жардамдашар ошолор.

* * *

Душманыңдан жашырган кепти досуңа да угузба, түбөлүк деген достукка да кепилдик жок.

* * *

Мен алган билимдин бөксө жерлери да бар, анын себеби – менден даражасы төмөн көрүнгөн адамдардан билбегенимди сурагандан тартынчумун. Андыктан өз шакирттериме айтарым: билбегениңерди даражасы төмөн көрүнгөн адамдардан уялбай сурагыла. Терең билим алууга текеберчилигиңер тоскоол болбосун.

* * *

Билимсиз адам билимге умтулбаганы коркунучтуу. Бул анын эки бирдей душманы.

* * *

Көп учурда тамакка ашыкча тоюнуп жүргөнгө караганда, ачкалык пайдалуу.

* * *

Ашыкча сугат үрөнгө залалын тийгизгендей, ченеми жок тамактануу да саламаттыгыбызга зыян.

* * *

Ашказаның сиңире албаган тамак сени жей баштайт, андыктан тамак-ашка ашыкча умсунба.

* * *

Баардык жамандыктын башаты – ичкилик.

Орусчадан оодарган Олжобай ШАКИР