ШАКИР Олжобай: МУСУЛМАН САНАТЫ: ӨЗҮҢДҮ ЖЕҢҮҮ

Узак убакыттар бою карандай калп менен пайдасыз нерселерге кулак түрүү жүрөктү ууктуруп тынат. Кимде ким бүтүндөй өмүрүн майнапсыз жашагысы келбесе, жүрөгүн уу кептерге чылабасын.
Абдулла ибн Хубайк

Кудайга болгон мамиледе кимдин жүрөгү таза болсо ошол – сопу.
Бишр ибн ал-Харис ал-Хафи

Эгер адамга төөнүн кыгынан шорпо кылба десең, тескерисинче так ошону кылат. Анткени төөнүн кыгында жакшы бир нерсе болбогондо тыюу салмак эмес деп ойлойт.
Пайгамбар сөзү 

Какшыган чөлдөгү зергерлердин арасында жашаган бир арапка кезиксем, ошол адам мага: «Бир курдай чөлдө адашып калдым, – дейт. – Жанымда болгон оокатым түгөгөн. Анан ачкадан өлөр көздөнүп калдым. Чөл кезип жүрө бердим, бир убакта кездемеден токулган кап жатат. Оюмда – ичи толо шыкалган дан экен деп, чечекейим чеч болуп сүйүнгөнүмдөн басып жыгылдым. Бирок ал дан эмес, бермет шуруларга шыкалган кап экенин көргөндө шаабайым сууп күйүнгөнүмдү өмүрү унутпастырмын», – деген эле.
Саади

Жунайга бирөө айтат: «Биздин заманда чыныгы тилектештер азайды. Мен Кудайга барчу жолдо санаалаш адамды кантип таба алам?»

Жунай жооп бериптир: «Эгерде жүгүңдү көтөрүшүүгө кол кабыш кылар адамды издеген болсоң, андайлар сейрек кездешет. Арийне сапарда жүгүн көтөрүшүп, кайгысына тең орток болом десең, санааңды бөлүшөр адамдарды чекеден таап берем».
Ал-Газали

Бир курдай Ибраим пайгамбар бейтааныш адамды тамакка чакырып алып, бирок анын дини башка экенин угары менен алдыга жайылган тамагын бербестен кубалап чыгарса, кулагына ошол замат Кудайдын үнү жаңырат: «Тиги адамдын дини башка болгону үчүн сен андан бир күндүк тамагыңды аядың. А мен анын дини бөлөк экенине карабай жетимиш жыл бою тамактандырып келдим».
Ал-Газали

Напси дегенибиз ар дайым өз чегин билбей алга жүткүнүп, качан болсо умсунганы умсунган. Шойкомдуулугунан – шамдын жарыгына ыраазы болбогон шайтан көпөлөктөн бетер кызарган жалынды көрсө өлөрүн билбей, өрттү айланып куйкаланат.
Канча жолу арка мойну алдында калбасын, напсинин тизгини тартылбайт. Анын өз моокумун кандырмакка алга умтулуп жулкунганы күчөнүп турат. Напси деген балакеттин азгырыгын сопулук жана топуктук гана тизгиндей алат.
Кашани

Напси эч кандай туруктуулукту билбейт. Өзүнүн шашкалактыгынан ар дайым пикирге, ишаратка жараша куйкасы курушуп турат. Анын аракети оюна келгендей оома. Алаңгазарлыгынан өз каалоосун шашылыш түрдө ишке ашырууга маш. Арийне, акылмандардын кээси напсинин туруксуздугун жар кырында калтылдаган тоголок шарга салыштырып жүрүшөт.
Напсини тыйып турууга сабырдуулук гана арачы боло алат.
Кашани

Напси тигил же бул затты тез чанат. Анын адашуусу – өз учурундагы каалоосун заматта чанып, жаны жай табыш үчүн башкасына умсунуу. Ошонун айынан урунуп-беринип жүргөнүн напси өзү билбейт.
Көп учурда көздөгөн муратына жетерин жетет, бирок каалоосу канаттандырылбайт. Агер напси кокусунан эмнени каалап, ошонусуна жетсе, ал баарыбир топук кылбайт. Напси туруктуулукка көнбөгөн үчүн өз шорун өзү кайнатып жашайт.
Кашани

Бир сопу түш көрөт. Түшүндө падыша бейишке чыгып, календер тозокко түшүп калган болот. Ошондо ал өзүнө өзү собол узатат: «Эмнеге эл күткөндөй болбой, тозокко кабылчу адам бейишке, бейишке чыкчу адам тозокко кабылып калды?»
Кулагына шыбыраган үн: «Падыша бейишке чыкканынын себеби, ага дайыма дервиштер жакын болгон, а календериң падышанын жанынан чыкчу эмес» дептир.
Саади

Ар дайым Кудайды унутпай жашагандын өзү напсинин ачылган алкымын тыйып турат.
Жавад Нурбахш

Бир Иисус апостолу чакан калаага барып калса, адамдар андан: «Сен да өлгөн адамды Иисус сыяктуу тирилтип, бизге бир керемет көрсөтчү» дешет.
Топтолгон адамдардын баары ээрчишип, мүрзөгө келип токтошот. Апостол Кудайга сыйынып кайрылары менен өлгөн адам ордунан кооп, эки жагына элеңдеп кыйкыра баштайт: «Менин эшегим кана, эшегимди көрдүңөрбү?!» Көрсө ал тирүүсүндө эшегинен башка карманары жок кембагал болгон экен.
Бул сага да, мага да тиешелүү кеп. Арийне, биз тирүү кезибизде эмнени аздектесек, тиги дүйнөгө барганда да ошондон ажырай албайт турбайбызбы.
Шейх Музаффар

Таман алдынан жалын тутанса, пенде дегениң кызык: кулагына Алланын үнү да угулбай калат.
Элмалы Хамди Йазыр

Адамдын Кудай-Тааланы унутпаганы – Жараткан күчкө жакындагандык. Буга ишенбегендик – аркы дүйнөдөн күмөнсүгөндөй кеп.
Сейда Мухаммад Коневи

Аллах сага чырактай көз берип жараткан, андыктан эмне үчүн көркоодой карайлашың керек? Кудай-таала сага берген көз менен гүлдүн кереметине суктан, айланаңды аңдап тааны.
Мухаммад Икбал

Жүрөгүнөн жарык чачар адам напсини тыйып, ыймансыздардан оолак болууга тийиш.
Имам Шафии

Эгер жүрөгүм жумшарсын десең, орозо тут, ага жумшарбаса, ибадатты үзбө, анда да болбосо, кайыр сура, ага да болбосо, жетимдин маңдайынан сыла.
Зу-Нун ал Мисри

Ата тегинин басып өткөн жолунан кабардар болгон адам өзүнүн терс сапаттарын тааныйт.
Абу Салах Хамдун Кассари

Кыргызчалаган Олжобай ШАКИР