ШАКИР Олжобай: НИККОЛО МАКИАВЕЛЛИ: АДАМДАР ӨЛКӨГӨ ЖАҢЫ БАШКАРУУЧУ КЕЛСЕ ОҢОЛОБУЗ ДЕГЕН ИШЕНИМДЕ

Ян Амос КОМЕНСКИЙ
(1592-1670), чех жазуучу

Китеп – даанышмандыктын көчөтүн отургузуучу шайман.

* * *

Алдыда туура бараткан адамды ээрчиген адашпайт.

* * *

Тарбия көрбөгөн адамды кайта тарбиялагандан өткөн түйшүк жок.

* * *

Классиктерден алган таасир күчтүү болот, андай таасир башыбыздан кирип, жан турпатыбызга, ал эмес каныбызга чейин сиңет.

♦ ♦ ♦

Пьер КОРНЕЛЬ
(1606-1684), француз драматургу

Арманын айтып алган адам жеңилдей түшөт.

* * *

Мейли башка оор күн салсын, – сынбайм, өлбөймүн,

Беделимди басынтканга бирок көнбөймүн!

* * *

Атак-даңкка баш урабыз бүтүндөй,

Аның эмне, – тез таркаган түтүндөй.

♦ ♦ ♦

Жан де ЛАБРЮЙЕР
(1645-1696), француз жазуучусу

Эчкимдин назарына илинбей жүрүп көзү өткөн укмуштай сейрек таланттар толтура! Арабызда да канчалары жүрөт, бирок андайларга келгенде дүйнө ардайым дүлөй, көр болуп калат.

* * *

Өз озуйпасын көжөлүп аткарган адамдар гана башкалардын мактоосун күтпөйт. Андай абыгерлер өз эмгегинен канаттанган үчүн сыйургаалдардын артынан куубайт, себеби аларды көкүрөктөн түртүп койчулар бар.

* * *

Эчкандай маңдай терин төкпөгөн адамдар дөгүрсүп жашайт, алар кайда болбосун өздөрүн эркин-эмин сезет, ошонүчүн андайлар миңдеп саналат.

* * *

Өлкө пайдасы үчүн башка өлкөлөрдүн аркандай бийлик башкаруусун мисалдаган адамдардын өздөрү ынанымсыз болот. Жакшысыбы, жаманыбы – андайлар кайсы үлгүнү тандашты өздөрү билбей, арсар. Аныгында эң дурусу жана ишенимдүүсү – сен кайда туулуп, кайда жашасаң, башкаруунун эң ылайыктуу үлгүсү ошол жерде. Сен ошол башкарууга гана бел байла.

* * *

Баарына сый-урматтуу акылы терең адамдын ырайы канчалык суук болсо да, анын өң-келбетине эл эчкачан көңүл бөлбөйт.

♦ ♦ ♦

ЛОПЕ ДЕ ВЕГА
(1562-1635), испан драматургу

Дайын көптөн: ким кабылбайт теңине –

Дем кошулбайт махабаттын демине.

* * *

Сүйүү – жалын, азап… бүтпөс бактысы.

Анын эч бир кулабаган тактысы.

Амирине жандын бары баш ийген.

* * *

Каргыш алгыр сүйүү себеп баарына.

Ага кимдер башын ийсе дабдырап,

Дароо эсин, эркиндигин алдырат.

* * *

Ырк кетпесе тек гана: дайыма СҮЙҮҮ.

Бир тамгасын өзгөртсөң: тозокто КҮЙҮҮ.

* * *

Сүйүү, сүйүү… бейиш ооба, бейиш бак,

Кызганычтан – тозогунда кейиш бат!

♦ ♦ ♦

Никколо МАКИАВЕЛЛИ
(1469-1527), Италия ойчулу, тарыхчы жана жазуучу

Душманың менен кармашуунун эки жолу бар: мыйзам түрүндө жана күч колдонуу. Биринчиси адамга таандык, экинчиси айбанга.

* * *

Мамлекет – же башкалардын, же өз куралы менен негизделет, же тагдыр буйругу менен, же эрдик менен.

* * *

Адамдар өлкөгө жаңы башкаруучу келсе оңолобуз деген ишеним менен эскиге каршы козголоңун баштайт, бирок көп өтпөй алданып калышканына көздөрү жетет же жаңы башкаруучу дайым эле эскиден да кокуй болуп чыга келет.

* * *

Тагдырдын ырайымына анча ишенбегендер бийлик тагында көпкө отуруп келген.

* * *

Башкарууга бекилген адамдын акылы кандай өлчөнөт? Алгач айланасына кандай адамдарды топтогонунан.

♦ ♦ ♦

Жон МИЛЬТОН
(1608-1674), англис акыны

Өз каалоосун өз эрки менен чектеп, азгырыкка алдырбай, коркунучка чалдырбай жашаган адам падышадан да күчтүү.

♦ ♦ ♦

Франческо ПЕТРАРКА
(1304-1374), Италия акыны

Мактоо – жакшыга пайдалуу, жаманга зыяндуу.

♦ ♦ ♦

Лоренцо ПИЗАНО
(1395-1470), Италия жазуучусу

Көпчүлүк алдында бет тылтыйтып билимдүүсүнгөндөн өткөн дөдөйлүк жок. Агөрөк ошончо көздүн алдында өз кемчилигиңди моюнга алууну үйрөнгөн ийги.

♦ ♦ ♦

Пабло ПИКАССО
(1881-1973), француз сүрөтчүсү

Кудай – башка сүрөтчүлөрдөй эле сүрөтчү. Акыра[1], пил, мышыкты жаратканы менен анын да өз стили жок.

* * *

Мен иштеп аткан учурда эс алам, а качан чарчайм, – конок күткөндө же бекерпоздукта.

Которгон Олжобай ШАКИР

[1] Акыра – жираф.