ШАКИР Олжобай: Сойкунун афоризмдери

Нинон де ЛАНКЛО 

(1620-1706)

Бул айым өз доорунда Франциядагы адабий салондордун бирине ээлик кылган сойку болгон.  

* * *

 Аялзатка арзууңду жеткиргенге караганда көбүрөк кылыктандырсаң, ычкырын тезирек чечет.

* * *

Кудай-тааладан суранарым, мени берешен адам кылса мейли, бирок берешен катын кылбасын.

 

* * *

Ычкырын чечкенге шыр көнбөгөн аялды, төшөк тайрыйбасын көп көргөн жан деп түшүнгүлө.

* * *

Аялды же сүйүш үчүн, же ичи-койнуна кириш үчүн танда.

* * *

Сүйүү – мышыктай митайым. Аны бираз эркелетип, сылап-тарадың дегиче этиң канаганча тытып алат.

* * *

Сүйүү тобокел жасаган эле соодага окшош. Себеби көп учурда ташжалак калтырат.

* * *

Катынына ойноштук кылып кармалган эркектей бир заматта момун боло калган эркекти өмүрү көргөн эмесмин.

* * *

Эркектер үстүбүзгө чыгарда олдоксон болбогондо, биз – аялдар, дайыма эле берешен болмокпуз. Эркектер ой-максатына жетпегени ошондон.

* * *

Бирөөнүкүндө малайлыкта жүргөндө эки жүздүү анан эки ача сүйлөгөн жан болушуң керек.

* * *

Сүйүүсү сууган жандар жөн гана ээрчишип калат. Ээрчишкен жашоодон жадаганда, ойноштукка барышат.