ШАКИР Олжобай: О кандай шор: акылмандан акмак тукум төрөлгөн!

МУСУЛМАН САНАТТАРЫ

Абу Мухаммед Иляс Жусуп НИЗАМИ

(1141-1209), азербайжан акыны

Башыңа күн түшкөн кезде колдогон
Баарынан оор – бир да досуң болбогон.

* * *
Жүрөгүмдү тепчибесин десең күйүт жебеси,
Кайратыңды калкан кыла билсең гана жеңесиң.

 

Абу Абдаллах Жафар РУДАКИ

(860-941), тажик-перс акыны

Өзүңдөгү сараңдыктын тизгинин бек тарткының,
Ошол замат дүйнө дагы саа көрсөтөт марттыгын.

* * *
Жыланды эч эркелете көрбөгүн,
Анда дароо уусунан өлгөнүң.
Адамдын да ойронунан алыс бол,
Экөөсү тең койбойт ууну бөлгөнүн.

* * *
Адам кыла албаганды канча турмуш сабагы,
Ааламда бир маалим чыгып адам кыла алабы!

* * *
О кандай шор: акылмандан
Акмак тукум төрөлгөн;
Жакшы атадан жаман уул
Албай калса көрөңгө.

* * *
Даанышмандар жакшылыкка умтулат,
А зулумдар кан төгүүгө жулкунат.

Жалаледдин РУМИ

(1207-1273), перс акыны, дин үгүттөөчү сопу

Мээси жокту окутам деш түгөнгүр –
Какыр жерге чачкандай кеп үрөндү.
Көңдөй баштын ичи кечээ толгонсуп,
Эртең кайра чууруйт тешип койгонсуп!

* * *

Эстүү дос күт, эссиз достун азабы –
Берет бир күн куу душмандай жазаңы.

* * *
Достукка ким кылар болсо кыянат,
Анын жолун тосот бир күн кыямат.

* * *
Махабаттын кулу гана өзүмчүлдүк адаттардан оолак болот.

* * *
Кудай бизди ар бирибиздин көмөгүбүз менен Акыйкатты таануу үчүн жараткан.

* * *
Ааламга ашыкча көз артпа: жону кооз көрүнгөнү менен жыландын уусу жаман.

Абулкасым ФИРДОУСИ

(болжолу 940-1020-30), перс-тажик акыны

…Жашыруун сыр ооздон оозго токтобойт.
Сыр түйүнү эки адамга жететтир,
Үч-төрт ооздон элге тарап кетет, бил!

* * *
Опурталдуу: ойлонбой иш баштаган,
Андан көрө артык – кылбай таштаган.

* * *
Байлык, бакыт – акылга тунук жеткениң,
А жетпесең, арылбайт азап чеккениң.

* * *
Акылыңа тескеп кылсаң иш жүгүн,
Азайтасың каражандын мүшкүлүн.

* * *
Кылган ишиң кынтыгы жок бүткөнү –
Зор зоболо, мактоолорду күткөнү.

* * *
Аалам сырын аңдап күйүт тартканың –
Азап, азап, азап… Бирок кайтпагын!

* * *
Чындык кургур жеңген кезде чыркырап,
Жалган иштер кетет туш-туш быркырап.

* * *
…Турбагандар антына,
Жек көрүнөт калкына!

* * *
Бийик максатка умтулгандардын дөөлөтү – эрдик.

* * *
Бечаралар чындык издеп адатта,
Чындык дайым – беделдүүлөр тарапта!

 

Омар ХАЙЯМ

(болжолу 10481122 ж.ж.) перс акыны

Эгер акмак бал сунса, төк – тартынбай!
А даанышман уу сунса, жут – калтырбай!

* * *
Көз, тил, кулак салат десең дүрбөлөң, –
Сокур, дүлөй, дудук болуп жүргөн оң.

* * *
Ач калган оң, туш келгенин салбай оозго сыйганча.
Жалгыздык оң, жамыраган жарма жолдош жыйганча.

* * *
Изгилигиң, итчилигиң, коркоктугуң, кайратың, –
Каныңда бар, тууса сени кай жатын.

* * *
Маашырланып төрүндө куу төрөңдүн
Сый көргөнчө, сөөк мүлжүтсүн көрөр күн.

* * *
Мен айтайын, кимге кантип жагышты,
Оңго күлсөң, солго күлсөң, каражан, –
Мусулманга, христианга, жөөткө да
Жагып бирдей, өсөт бийик даражаң.

* * *
Дос менен да, кас менен да жакшы бол!
Айкөлдүктөн жаманчылык көрбөйсүң.
Дос таарынса, – эртең эле касташат,
Каска кучак жайсаң, – ишиң жөндөйсүң.

* * *
Колдо барды эгер доско бербесең,
Касың аны тартып алат кең-кесең.

* * *
Бул жашоодо адам көркү сүйүүдө,
Сүйүүсүздөр эч жан менен достошпос.
Ким сүйүүнүн мүрөк даамын татпаса,
Анык эшек, кулак эле окшошпос!

* * *
Шарап ичпе, ичсең минткен ылайык:
Шеригиң ким? – ашык ичпе тырайып.
Качан, кайда ушул шартты аткарсаң,
Эстүүлөргө эч айтылбайт сын-айып.

Аль ХАРИЗИ

(1054-1128 гг.) араб илимпозу жана акын

Сөз – гүл, иш анын мөмөсү.

* * *
Согуш – эрди, ачуу – акылманды, муктаждык – досту сынайт.

Шамседдин ХАФИЗ

(1325-1389 же 1390), перс акыны

Кулдар гана азаттыкта жашайт!

* * *
Ооздон чыга элек сөзгө кожоюн сенсиң, ооздон чыккан сөз сенин кожоюнуң.

* * *
Тиги дүйнө менен бул дүйнөдө жаным тынч болсун десең, эки эрежени тутун: досторуңа айкөл, душмандарыңа аяр бол.

* * *
Сүйүү – деңиз. Кулач жайып жаткан чексиз мейкинде,
Андан кан-жан аябагын: башка арга жок эркиңде.

* * *
Ашыглыктан туйлаган жан тынч алат деп ишенбе!
Эч дары жок дешет аны сала турар кишенге.

* * *
Сая кетти өмүрүм, көптү көксөп сабылгам!
А мезгилиң зыр койду, таш каптыбы камылгам?
Жолуккандын барына кучак жайып дос десем,
Душманыма айланды. Ушул беле табылгам!

Абу Муин НАСИР ХОСРОВ

(1004-1072), тажик-перс акыны

Досуң туура кеңеш берер учурда,
Мээрими ичте, жини мурун учунда.

* * *
Кызыл чеке талаш-тартыш маалында
Кызаңдабай тизгиндей бил жаалыңды.

* * *
Карыга жол, карыга сый керектигин,
Түшүнөр кез билинбей келет кийин.

Кыргызчалаган О.ШАКИР