ШАКИР Олжобай: Ооган жомогу: Ата, бала жана эски кумура

Ооган жомогу

Өспүрүм бала бир күнү ичинде суу куюлган кумураны шыкаалап, өз сөлөкөтүн көрөт. Тилин чыгарса, тили да көрүнөт кумура ичинен. Башын чайкаса, тиги да башын чайкайт. Бала коркконунан атасына тызылдап жетип, көргөн шумдугун айтып берет.
Атасы уулун ишенип-ишенбей аңырайып тиктейт.
– Жүрүчү, көрөлү. – Уулун жетелеп барып кумуранын ичине үңүлөт. Кумура ичиндеги сакалчан кишини көрөрү менен аңырайып таңгалат! Мына анан, кумураны алат да, өйдө көтөрүп туруп жерге чаап салат. Кумура быркырап талкалангандан кийин атасы айтат дейт:
– И-и, сооп болот сага! Сакалын сапсыйтып өстүрүп алып, балдарды коркутканын көр, чунак десе!

Короз неге бир буттап турат?

Ооган жомогу

– Йе, Адам-хан, Адам-хан дейм! Короз неге бир буттап турат?
– Эгерде бутун көтөрүп ийсе, жерге кулап жыгылат да.

Которгон Олжобай ШАКИР