ШАКИР Олжобай: О`МАЛЛИ: «САЯСАТТЫ САЯСАТЧЫЛАР ЫЛЖЫГАН МАСТАЙ БУЛГАЙТ…»

Баардык саясый режимдин сойкулары – парламенттегилер. Демократия алдындагы сойкулар – өзүбүз.

* * *

Саясатчылар карапайым элге көңүл бурсун, макулмун. Бирок муну алардын айкөлдүгү катары кароого болбойт, ит деле денесиндеги битке көңүл бурат.

Патрик О`РУРК
(1947), америкалык жазуучу  

Башкаруучу болуш оңой, башчы болуш кыйын.

Иоганн Вольфганг ГЕТЕ
(1749-1832), немис акыны

 

Шүмшүктөрдүн жападан жалгыз сыйынары – патриотизм.

Сэмюэл ЖОНСОН
(1709-1784), англис жазуучусу

Бир гана адамдын журтбашылыгына ишенген калктын жонунан камчы кетпейт.

* * *

Элдин жарымы эс-акылсыз, жарымы аң-сезимсиз болгону – зөөкүр акимдер үчүн оңбогондой чоң бакыт.

Иоганн ЗЕЙМЕ
(1763-1810), немис публицисти

Мамлекетти кармап турган акчалуулар асылган моюнду кармап турган арканга окшош.

Шарль МОНТЕСКЬЕ
(1689-1755), француз философу  

Саясатты саясатчылар ылжыган мастай булгайт. Алардын кусундудай саясатын биз тазалайбыз.

Остин О`МАЛЛИ
(1858-1932), америкалык жазуучу

Коомдук бирикме, партия, диний уюмду сагаалагандардын баары дөөпүрөстөр менен фанаттар.

* * *

Көпчүлүк сагаалаган партиянын убайымын ар дайым азчылык көрөт.

* * *

Мыкты өкмөт башчыга көп аткаминердин кереги жок.

Александр ПОП
(1668-1744), англис акыны  

Өкмөт эл ишенимин актаган учурлар тарыхта чанда бир болот.

Антуан де РИВАРОЛЬ
(1757-1801), француз жазуучусу

Саясатта жүргөн калпычылардын башка калпычылардан чоң айырмасы – бүгүн айткандарын эртең унутушат.

Жонатан СВИФТ
(1667-1745), англис жазуучусу

Начар өкмөттүн кемчилиги суу үстүндөгү акыр-чикирдей калкып турат.

Бенжамин ФРАНКЛИН
(1706-1790), америкалык окумуштуу жана саясатчы

Өлкөсүнөн эшек менен чыгып кеткендерди кайра ат минип келет деп күтпөгүлө.

* * *

Мансабын сатып алгандар сот адилеттигин да соодага айлантат.

Томас ФУЛЛЕР
(1654-1734), англис адабиятчысы

Өз партиясына эмес, өзүнө таянган министрди эл баалайт.

Филип ЧЕЧТЕРФИЛД
(1694-1773), англист дипломаты, жазуучу

Кандай бийлик болбосун жашыруун кеби бүтпөйт.

* * *

Өкмөт эчкачан күнөөсүн моюнга албагандай, эркек да жалаага моюн бергиси келбейт.

Оноре де БАЛЬЗАК
(1799-1850), француз жазуучусу

Эгерде жаратылыш мыйзамдары мамлекеттин мыйзамдарындай толтура болгондо, анча мыйзамды аткарууга Теңирдин да кудурети жетмек эмес.

* * *

Министрдин кызматтан кулаганы – колуңдагы бутербродду жерге түшүргөндөй кеп. Бирок кудай жалгап, таза жерге куласа десең.

* * *

Бийлик көп учурда өз эрки менен иш жүргүзбөйт. Ишти элден коркконунан теңирден тескери жасайт.

* * *

Начар иштеген өкмөттү мыкты иштетиш үчүн чексиз бийлигин чектеш керек.

Людвик БЕРНЕ
(1786-1837), немис публицисти  

Кыргызчалаган Олжобай ШАКИР