ШАКИР Олжобай: Эркек менен аялдын айырмасы

Оскар УАЙЛЬД

(1854-1900), англис жазуучусу

Байкасаңар, өңү серт аялдар күйөөлөрүн өлүп-талып кызганат, а ажарлуулар антпейт. Себеби, ажарлуулар башкалардын күйөөсүн башкалардан кызганат.

* * *

Эгер аял  өз кызынан он жашка жаш көрүнөрүнө көзү жетсе, ага мындан өткөн кубаныч жок.

* * *

Эркек ойлонот. Аял ойлонуп атам деп ойлойт.

* * *

Аялдарга ишеним артса болот, себеби алар маанилүү нерселерди эстерине түйө албайт.

* * *

Аял эркектен эч нерсесин аянбайт. Бирок бергендерин сөзсүз кайрып алат. Алганда да майдалап-майдалап отуруп алат.

* * *

Адам баласы кудайга сыйынгандай эле аялдар эркектерге сыйынат. Сыйынат да, ар нерсени тиленип, тажатып жиберишет.

* * *

Аялдар илимге ушунчалык жетти, андыктан аларды бактылуу никеден башка эчнерсе таңгалтырбай калды.

 

 

* * *

 

Өзүнүн жаш-курагы канчада экенин жашырбаган аялга сырыңды айтпа. Андайлар көрүнгөн жерде оозуна келгенди оттойт.

* * *

Эркек дайыма аялдын биринчи сүйгөнү болгусу келет. Аялдын жөнү бираз башка: ал дайыма эркектин эң акыркы сүйүүсү болсом дейт.

* * *

Сени абдан жакшы түшүнгөн зайыпка жолуккандан өтөр коркунуч жок. Кашайып, үйлөнөлү деп чыгат.

* * *

Азыркы аялдар күйөөсүнөн башка баардык балээге түшүнөт.

* * *

Эркек кандай аялга туш келсе да бактылуу. А сүйгөнүнө туш келсе, шору катат.

* * *

Азыркы заман ушуга келди: эл көзүнчө аялына үйрүлүп өзгөчө көңүл бөлгөн эркек башкаларга өтө шектүү көрүнөт. Баары аны «эл жок жерден аялынын катыгын колуна берген эргул болсо керек» деп ойлойт.

* * *

Үйбүлөлөр көп учурда башкадан эмес, эркектин туура ой жүгүртүүсүнөн чатакташып ажырашат. Эркектин адам сыягындай бактылуу жашагысы келгенин аял түшүнбөгөн үчүн экөөнүн жашоосу жашоодой уланууга мүмкүн болбой калат.

* * *

Үйлөнгөндөн караманча баш тарткан эркек көрүнгөн азгырыкка башы оома болуп бүтөт.

* * *

Чындыкты айтаарсың, бирок эртеби-кечпи, калп менен өзүң да жарга такаласың.