ШАКИР Олжобай: Дүйнө уктап жатканда

 

Памела Дункан Эдвардс Британияда туулган, бирок чейрек кылымдан ашык убакыт АКШда жашаган балдар жазуучусу. Учурда китеби эң көп сатылган авторлордон. Ал Британия жана Кошмо Штаттарда басылып чыккан балдар үчүн жазылган 40тан ашуун сүрөттүү китептердин автору. Биз сунуш кылып жаткан«Дүйнө уктап жатканда»китепчеси обол 2010-жылы сатыкка чыккан.

Памела Дункан Эдвардс

Кичинекей уйкучу, кел жаныма ыктагын.
Бак башында уямды таштап коюп учкамын.
Көрөлү бир керемет бу дүйнөнүн бүт жагын:
Дүйнө уктап жатканда.

 

Ачып коюп терезең, кучак жайып күткүнүң,
Канатыма отуруп, буттарыңды бүккүнүң,
Түнү бою экөөбүз кыдырабыз бүттүгүн.
Дүйнө уктап жатканда.

Чатырлардын үстүнөн бийиктикте учабыз,
Капчыгайлар, жылгалар калат бизден бүт алыс,bugu
Күмүш нуру төгүлгөн айды көздөй сызабыз,
дүйнө уктап жатканда.

Карап койчу тигинде көк шиберди жайкалган,
Бугу, марал жайылып, мүйүздөрү аркайган,
Музоолору секирип оюн салып аңкайган.
Дүйнө уктап жатканда.

Балык сүзөт бултуңдап жону жалт-жулт күмүштөй,lisa
Адыраңдап ашыккан дайра менен күргүштөй,
Алар качан деңизге жетет терең күргүштөй,
Дүйнө уктап жатканда.

Эпчил түлкү жем издеп желип-жортуп жүргөнүн,
Семиз чымчык болсо деп жээй турган күрмөгүм,
Кулагында эшитип короочунун үргөнүн,
Дүйнө уктап жатканда.

Таңгак чөптү айланып ойноп далай коёнек,2ondatra1grekovpavel
Таңгак чөпкө тойсо да эч оюнга тоёлек,
Жыргап ойноор аларга үрүл таң да бололек,
Дүйнө уктап жатканда.

Эки кемчет[1] орсоюп, жылтыратып жүндөрүн,
Дарыянын агымын бууп дамба үйгөнүн,
Биримдикте иш кылып бир жан болуп жүргөнүн…
Дүйнө уктап жатканда.zhutkor

Шыбырттатып чүткөрлөр[2] ийнелерин камыштай,
Карагайды тытмалап тырбалаңдап алышмай,
Меники деп жаңгакты талашканы талашмай.
Дүйнө уктап жатканда.

Эне чычкан акылдуу тынчыталбай балдарын,
Чыйпылыктайт: “Душмандар укпасын” деп жан жагын,
Сойлоп жүргөн жыландар тийбес бекен жарбагыр.
Дүйнө уктап жатканда.enot

Шойком көзү ойноктоп сулуу енот жойлосун,
Түнү жасап машыккан көнүгүүсүн койбосун,
Таштандыдан таап жеген акыр-чикир олжосун.
Дүйнө уктап жатканда.

Арык, узун келемиш уурдап баарын алчудай…
Көрүнбөстөн бекинет мышык чыга калчудай.
Чимирилет жарганат тиришумдук дарчыдай[3],
Дүйнө уктап жатканда.

mysh

Караңгылап жер бети көктө нур жалт-жулт этип.
Баш эс алсын: үйүңө дабышы жок шырп этип,
Барып уктаар учуруң төшөгүңө култ этип.
Дүйнө уктап жатканда.

Короз эми эскертип өз азанын чакырат,
Караңгыны качырып кайрадан таң чакыйат.
Маалын күтүп өзүнүн күндүн көзү акыйат.
Дүйнө уктап бүттү эми.

Англис тилинен которгон Амирбек Азам уулу

Кыргызча ыргакка салган Олжобай ШАКИР

[1] Кемчет – бобр.

[2] Чүткөр – дикобраз.

[3] Дарчы – акробат

P.S. «Коом жана Мен» сайты Кыргызстан аймагынан алыста жүргөн мекендештерибиздин кыргыз тилине түпнускадан которулган көркөм текст, көркөм чыгармаларын үзгүлтүксүз жарыялап турарын эскертет. Кыргыз адабиятынын тарыхында буга чейин дүйнө элдеринин көркөм мурастарын орус тили аркылуу гана окуп келсек, бүгүнкү күндө дүйнөнүн кай бурчунда болбосун, англис, кытай, араб, немис, француз, испан, түрк ж.б., ж.б… тилдерин мыкты өздөштүргөн жаңы генерациядагы кыргыз тукуму дүйнө баалуулуктарын тааныган заманда котормо жанрында эмгектенген мекендештерибиз менен кызматташууга даярбыз.

Нектар ташыган аары сымал котормочулук мээнет аркылуу кыргыз адабиятын көркөм мурастар менен байытууну каалагандар өз эмгектерин oljobai.shakir@mail.ru дарегине жөнөтө аласыздар… 

Буга чейинки кыргызча которулган төмөндөгү көркөм чыгармалар менен да тааныша аласыздар: 

Назым Хикмет: Мен сенден мурда өлүштү каалайм

Оливье ТАЛЛЕК: Койлордун падышасы Луис I

Патрисия Маклахлан, Эмилия Маклахлан Чарест: Сен келгенден мурда