ШАКИР Олжобай: СОПУЛАРДЫН ПРИТЧА-ЖОМОКТОРУНАН

Чума

Бир курдай зыяратчы менен Чума кезигип калат.
– Кайда баратасың? – дейт Чума зыяратчыдан.
– Ыйык Мекеге сыйынганы. А сенчи?
– Мен беш миң адамдын жанын алмакка Багдатка, – дейт Чума.
Экөө эки жакка сапар улайт. Кайра бир жылдан кийин ошол эле жерден кезигип калышат.
– Сен мени алдап коюпсуң го, – дейт Чумага үңүлгөн зыяратчы. – Багдаддан беш миң адамдын жанын алам дедиң эле, элүү беш адамдын жанын алган турбайсыңбы!
– Жок, – дептир Чума, – мен айтканыман кайтканым жок. Мен Багдадда болуп, өзүм айткан беш миң адамдын жанын алдым, калгандары өлүмдөн коркуп жандары тынды.

Сен жөнүндө ким кандай дейт

Абин-Алсар жаш кезинде дервиш менен атасынын сүйлөшкөнүн угуп калган экен.
– Кылган ишиңден этиет бол. Келечек муун сен жөнүндө эмне айтарын ойлонуп иш кыл, – дейт дервиш.
– Мен өлгөн соң не опаа? Баары бүтөт. Мен жөнүндө эмне айтса айта беришсин, – дейт атасы.
Бул кепти Абин-Алсар өмүрү унутпаптыр. Өмүрү өтөр өткөнчө адамдарга чын ыкыласынан жакшылык кылып, көмөгүн көрсөтөт. Ал ошонүчүн көзү өткөндөн кийин да адамдарга кылган толгон-токой жакшылыктары менен ооздон оозго калып, өзү жашап өткөн шаарда курдурган курулуштары даңкын чыгарат.
Ал кийин өз күмбөзүнө мындай керээз чийдиртип кеткен экен: «Өлүм босогодон аттаганда кыйылган өмүр – бул курубекер өткөн өмүр».

Которгон Олжобай ШАКИР