ШАКИР Олжобай: Сүйүү алдамчынын алдамчысын да алдайт

Маргарита НАВАРРСКАЯ

(1492-1549), «Гептамерон» сүйүү новеллаларын жазган Наварра королевасыmarguerite-de-navarre01

Көрүнгөн аялга чөгөлөп сыйынганча бир эле аялдын кадырына жетип ал.

* * *

Аялдар сараң келет. Бирок атак-даңкы чыккандары сараңдыгын жеңе баштайт.

* * *

Сыдыргыга тарткандай жакшы тарбиялуу аялга канча жүгүнүп сый кылсаң да туруш-турпатынан жазбайт.

 

* * *

Кызганыч сүйүүдөн чыгат дешет. Андай эмес. Сүйүүдөн чыккан күндө деле ал кудум оттун күлү сымал. Отту оттон чыккан күл, сүйүүнү сүйүүдөн чыккан кызганыч өчүрөт.

* * *

Аялзаты өзүн-өзү өтө жогору баалайт. Алар ошонүчүн эчкачан бир эле эркекке каниеттенбейт. Ал эмес пакизасы да бир учурда жандилинен үч эркекти көзүнүн агы менен айлантып турганды каалайт. Биринчиси сый-урмат көрсөтүп, экинчиси байлыкка чулгап, үчүнчүсү ыракат тартуулап туруусу абзел. Бул учурда тиги үчөө өздөрүнчө эмнени ойлойт? «Мени сүйөт» деп. Жо-ок. Чынында сый-урмат кылганы да, байлыкка чулгап жүргөнү да, ыракат тартуулап жүргөн шылуунчалык кадыр-баркка жетпейт.

* * *

Бир поптун кызматчы кызы менен болгон мамилесин ириткенге караганда, миң түгөйдүн ак никесин чириткен оңой.

* * *

Жок жерден чатак чыгаргандын өзү кудайга күнөө кылгандан да оор.

* * *

Сүйүү алдамчынын алдамчысын да алдайт.

* * *

Эркекти эркектей тарбиялаганга эркек, аялга аял керек. Агер эркекти аял тарбиялайм десе, аялдын жумшактыгы; аялды эркек тарбиялайм десе, эркектин катуулугу жолтоо.

Маркиз ГАЛИФАКСd3e_xl

(1633-1695) англис жазуучусу 

 Жылкы уурдаган адамды жылкы уурдаганы үчүн асышпайт, башкалар ууру кылбасын үчүн асышат.

* * *

Дин жөнүндө кер-мур айтыштын көбү эки эркек ортосундагы ойсеке катынды талашкандай кеп.

* * *

Биздин заманда жашаган ким бирөө жөнүндө: «Ой, ал кыйын» дегендин өзү – «ал жеткен шылуун» деген эле кеп.

* * *

Эң укмуш деген партияң деле улуттун кайсы бир бөлүгүнө каршы жең ичинен күрөш жүргүзгөндөр.

* * *

Жашында шоктордун акылы карылык алка жакадан алганда жетилет.

* * *

Болору болуп, боёсу канганда эсиңе келбей, көзүңдү алдынала ач.

* * *

Чындык биз тарапта болбой калса эле, ал жеткен жийиркеничтүүдөй туюлат.

* * *

Мыкты эстутум – пайгамбарчылыкка жеткирер айкын жол.

Кыргызчалаган О.ШАКИР