ШАКИР Олжобай: СЮН-ЦЗЫ: КИМДЕ КИМ ӨЗ ЖӨНДӨМҮН ТУУРА ПАЙДАЛАНСА, ЧОҢ ИЙГИЛИККЕ ЖЕТЕТ

Кемелине келген адам билимге каныгып, күнүгө өзүнүн жүрүм-турумун тескөөгө алганга үйрөнсө, демек, анын акылы толук жетилгени. Ал адам өзүн табат, кемчилигин жоготот.
* * *
Табиятынан даанышмандык касиетке эгедер адам да даанышмандык сапаты бар маалимдин тарбия-таалимин ээрчигенге муктаж. Анан да ал дидаары тунук адамдарды эш тутуп, жакшыларды жандаганы ийги.
* * *
Билимге жетүүдө – чын ыкласыңан даанышман устатты жандагандан өткөн ылдам жол жок.
* * *
Тоонун туу чокусуна чыкмайын, асмандын чексиз бийиктигин түшүнбөйсүң. Капчыгайдын уч-кыйрына көз чаптырганда гана кара жер кабат-кабат калың экенин аңдайсың. Ата-бабанын осуятын билмейин, илим-билимдин жолу оор экенин баалабайсың.
* * *
Иймеңдеген сөөлжандын курч тырмагы, курч тиши жок. Боюнда булчуң эт же бир сөөгү болсочу. Ошондо да ал жер үстүнөн азыгын таап жеп, жер астындагы сууну ичет. Себеби ал дайыма соймоңдогон кыймыл аракетте! Бөён болсо кыпчуурдай эки колдуу, сегиз буттуу. Сөөлжанга караганда бөёндүн жөлөп-таянчу буттары, колу бар үчүн тынчы жок. Ага караганда сөөлжан сабырдуу. Ошондуктан кайсы жандык болбосун – анын мүмкүнчүлүгү соймоңдоп жашаганында же көп аяктуу жаралып калганында эмес, кептин баары түпкүрдө катылган турмуш жөндөмүндө. Арийне, кимде ким өз жөндөмүн туура пайдаланса, чоң ийгиликке жетет.
* * *
Билимди өмүр бою алып, аны акыркы дем үзүлгөнгө чейин ула!
* * *
Билимге тийди-качты мамиле жасаганга болбойт.
* * *
Адамдын бош убактысы көп учурда, кедергиси кемийт.
* * *
Иштин маңызына – билим аркылуу терең түшүнөсүң.

Орусчадан оодарган Олжобай ШАКИР