Конфуций эмне дейт?
Тагдыр алда качан эле баарын маңдайга жазып койгон, эми аны толтура да албайсың, бөксөртө да албайсың.
* * *
Тагдырга текеберсинген киши адамдардын асылын да теңсинбейт.
* * *
Билген жан сүйгөн жанды, сүйгөн жан кубанган жанды түшүнбөйт.
Лао-цзы эмне дейт?
Эмне керек – даңазабы же өмүрбү? Эмне кымбат – капчыкпы же жашообу? Эмне кооптуу – тапканбы же жоготконбу? Ашкере сараңдансаң, чоң чыгымга кириптер болосуң. Жыйып-тергениң канчалык арбыса, ошончолук чачылат. Булардын чегин түшүнсөң, өкүткө кабылбайсың. Ошондо гана өмүрдүн мөөнөтү узакка барат.
* * *
Эл тааныган эстүүлүк, өзүн тааныган көсөмдүк. Элди жеңген эр жеткис, өзүн жеңген чен жеткис.
* * *
Кыйратуудан мурда жаратканга, алгандан мурда бергенге үйрөн.
* * *
Алдын карабай баскан буттан мүдүрүлөт, оозго келгенди оттогон тилден мүдүрүлөт.
* * *
Күйүт менен кубаныч бири-бирине таяныч. Күйүттө кубаныч, кубанычта күйүт бар. Экөөнү ким салмактайт? Бул экөө тең опаасыз.
* * *
Менде улуу күйүт бар, себеби өзүмдү өзүм кадырлайм. Өзүмдү өзүм кадырлабасам, анда менде күйүт да болмок эмес.
* * *
Анык азап – кас менен касташканың.
* * *
Азаптын азабы – жашооңо канаттанбагандык.
* * *
Кумарга баш-отуң менен киргенден өткөн оор күнөө жок.
* * *
Согуштун арты мүмкүн баарын өз ордуна коёр, бирок акыры бир күн кек жаратат.
* * *
Мыкты деген аскер – адам баласынын башына кайгыны гана үйөт.
* * *
Эгер кимдир бирөө сага жамандык кылса, өч алам деп жакасына жармашпай, урушкандан алыс болуп, жөн гана суу боюна барып отур, сени ыза кылган неменин өлгөн денеси жаныңан агып өткөнчө…
* * *
Башкаларды жеңгендей эле өзүңдү өзүң жеңген чыныгы эрдик.
* * *
Ажаатчыл адамдан айрылсаң аккөңүл жан табылар; аккөңүлдөн айрылсаң адилеттүү табылар; адилеттүүдөн айрылган күнү адептүүсү табылар; асти, адептүү көрүнгөн адамдын адаты адептүү көрүнгөнү менен ыйкы-тыйкынын башталышы дей бер.
* * *
Кыйшайган түзөлөт, бөксөргөн аяк толот, эскилиги жеткен жаңыланат. Аз нерсеге шүгүр келтирген көп нерсеге марыйт. Көптүн артынан кууган, жолунан адашат.