АБЫКАЕВ Абийирбек: АБИЙРБЕК АБЫКАЕВ: КАР КҮРӨГӨНДӨГҮ ОЙЛОР

ЭССЕ

Бардык кара жумуштардан ушул аппак карды, кыштын жеңил, үлпүлдөгөн назик аппак карын күрөгөндү жакшы көрөм.

Чындыгында, өзүм кара жумушка деле жокмун. Бала кезимден, күрөк кармап жер сайсам, кетмен көтөрүп картөшкө отогону чыксам, үй ордундай огород чоңоюп, жок эле дегенде жарым гектарга айланып, кетменди беш шилтесем, беш мүнөт, он шилтесем он мүнөт кетмендин сабына жөлөнүп алып өткөн-кеткендерди карай бермей адатым ушул күнгө чейин калбай келатат.

Анан калса, кетменди көрсөм эле: илгери уккан анекдот эсиме түшөт. Апенди кетмендин сабын байкабай басып алса, сабы чекесин шак дей түшпөйбү. Анда айтат дейт:

— Ой, энеңди… ушундайыңдан көчүгүңө таяк тыгылып жүрөсүң да!

Андан ары да ойлорум биринин артынан бири чубуруп келе берет, келе берет. Кетмен, күрөгүм ушинтип тынбай иштесе эмне. Бала кезде алган тарбияданбы  же маңдайыма кара жумуш менен жан багуу жазылбагандыктанбы (жаш кезиңде алган тарбия тагдырыңды аныктайт турбайбы, анткени бала он бешке чыккыча эле анын адамдык сапаттарынын пайдубалы куюлуп, дубалдары туруп, чатыры жабылып калат дешет баарын билген илимпоздор), айтор, кокустан үй жумуштарына жумшап калышса кан ыйлап жатып, такыр аргам түгөнгөндө барам. Бала кезде апам кийиз тепкилеш десе, кежигемди келжейтип жатып араң барсам, эми кемпирим кийиз күбүшүп кой десе миң шылтоо издеп, аягында болбой калганда уруша кетип кутулам.

Тарбия демекчи, атам ыраматылык мен топ кыздын арасында жалгыз уулу болгондуктан аячубу, мени көп жумшап кыйначу эмес. “Балам, ар бир иштин ыгы болот, ыгы менен кылсаң кыйналбайсың. Атасынын оозун урайын! Оокат табылат! Дүнүйөнүн түбүнө Сталин да жеткен эмес, Гитлер да жеткен эмес! Жаныңды бекер кыйнай бербе!”— деп койчу. Ал анын жөн эле айткан сөзү эмес, өзүнүнүн жүргөн-турганы, турмушка, байлыкка мамилеси ошондой болчу.

Ал өзүнөн 14 жаш кичүү менин апама жагалданып, суусун алып, отунун жаргандан башка катуу жумуш кылганын көргөн жокмун. Өмүр бою малда жүргөндүктөн, күрөк алып жер казгандан көрө, жорго ат минсе да, кашаң ат минсе да текирең таскакка салып жүргөнүн көрчүмүн. Айылга жакын жерде болсо коюн жуушата коюп, айылдагы дүкөндүн жанындагы “досторунун” сыйын көрүп, бир заматта келип  калар эле. “Достору” демекчи, койдун тууту башталып, бир ай өткөндөн кийин эле, төрт-бештен биригип алышып, канжыгасына, атам айткандай “шнапстарын” байланып алышып кечкисин совхоздун майда активтери, мугалимдер, теңтуштары биринин артынан бири келип, элге, чоңдорго көрүнүшпөй “шыпырма” жеп кетишчү. “Шнапс” деп тергеп калганы, согушта туткунга түшүп, арак ичкенди ошол жактан үйрөнүп келиптир.

Согуш жөнүндө сурашса: “Бири атып атчу, бири өлүп атчу, анын эмнесин айтайын”, — деп төрт жылдык согушту бир сүйлөмгө сыйдырып коёр эле. Апам чыркырап: “Өкмөттүн план-милдеттемелерин аткарсак эл алган орденди биз деле албайт белек”, — десе, “Орденинин атасынын оозун урайын! Көргөм, согушта, төштөрүн орденге толтуруп алышып, чалкалап өлүп жатышчу. Элдин көңүлүн алган жакшы”,  – деп моюн берчү эмес.

Чабандардын арты да эмес, алдыда эмес жоон ортосунда жүрчү. Коюн айдап, дөңгө чыгып дүкөн жакка дүрбү салганын көрүп, тумактарын булгалап чакырып алчу ошол досторунун көбү, кийин коюн өткөзүп айылга түшкөндө, жанынан  өтүп баратса да көрмөксөнгө салып калганын көргөн атам кейичү деле эмес. “Эл деген күн карама болот”— деп тим болчу, андай учурларда. Атам билими жок болгону менен философ экен. Айылдан алыс жүргөндө башка жумуш кылгандан көрө, мал тосуп тоодо жүргөндү артык көрчү. Менин байкашымча, такай ат үстүндө, машине айдап жүргөн адамдар башка жумушка моюндары жар бербей калышат, айрым “трудоголиктерди” эсепке албаганда. Иши кылып, атам кайда жүрсө да, эмне кылса да өзү айткандай ыгы менен керек убагында жасап, шуулдап шайдоот жүрөр эле. Кашаң кишини жактырчу эмес.

Менин жездем, өзүнүн күйөө баласы шашпай жүргөн жан эле, ыраматылык. Аны: “Темпи жок, бечаранын” – деп коёр эле. Күбүнүп, шыпырынып таза болчу, кээ бир курбуларын: “Атаңдын оозун урайын! Өтүгүн чечпей ылайы менен кирет бирөөнүн үйүнө, тамакты шоркуратып ичет!”—деп жактырчу эмес. Өзү өтүктү чечкенге оңой деп, жайы-кышы чулгоо чулганбай байпак кийчү. Айылда, уруулаш иниси Төлбек байкемди жактырар эле. “Төкөм таза, кечикпей так, убадага бекем. Трактирди ак көйнөк кийип айдайт. Төкөмдөй болобу”— деп немистерден кийин эле аны көп мактачу.

Төлбек байкем чындыгында эле таза, тыкан, мактагыдай бар эле. Тракторист болуп жүрүп, мыкты иштеп – звено башчысы, бригадир аягында совхоздун бөлүм башчысына чейин жетти. Ал да бир кайталангыс жан эле. Өмүр бою кийим жырткан жок окшойт, жыйырма жыл мурда алган кара костюму, менин бир ай мурда алган костюмдай болуп турчу. Эмне иш кылса да, он беш жылдан бери жыртылбаган кол кабын кийип иштечү. Чакырган жерге кечикпей мүнөт-мүнөт барчу. Өзү: “Шаарга барчу кийимим бир илгичте, айыл ичине кийчү кийимим башка илгичте илинүү турат. Туфлимди болсо бир жакка барып келгенден кийин тазалап, майлап, ичине кагаз тыгып, коробкасына салып коём. Бардыгы дапдаяр турат. Бир жакка чыгарда силердей байпагымды бир жерден, көйнөгүмдү бир жерден издебей , шыр кийинип чыгып кетем. —деп койчу. — Мени кээ бир кездерде кечиктирген жеңеңер, биз аталарыбызды тартпай начар чыгып калбадыкпы, мына бул жерде олтургандардан кимибиз эки-үч аял алыптырбыз, аталарыбыздын арты эки, асты төрт-бештен аял алышкан, биз бир аялдын көзүн карап олтурабыз”, — деп тамашалап койчу биздей инилери менен чогуу олтуруп калганда.

Гаражына кирсең, дүкөндөй болуп, ар тетиги сорттолуп, таптаза болуп турганын көрөсүң. Баары ордунда, издегенин биздей болуп бир саат издебей, илгиртпей койгон жеринен таап алат. Байгеге алган Нивасын кырк жыл зыңкыйтып, бир жеринде чийини жок, дөңгөлөгүн которуп коюп эле айдап жүрдү өлөр-өлгөнчө. Адамдарды мыкты билчү, кимдин болсо да тилин тапчу. Айылда, тууган ичинде, дегеле кайда жүрсө да  туура сүйлөп, туура жүрчү. Талаш чыгып, маселе пайда болсо бир ооз сөз менен бүтүрүп коё турган. Улуулары Төкөм билет, ошол айтсын десе кичүүлөрү байкем эмне дейт деп турчубуз. Төгөрөгү төп келишпесе да, айылда чоң салмагы бар, таасирлүү адам эле. Ал быйыл каза болду.  Өкүнгөндүргөнү – андай адамдар азырынча арабызда жок калды. Таянар тообуз кулагандай эле болду, биз үчүн.

Эх, жашоо Алыкул акын айткандай кандай кыска, кандай ылдам. Кыштын кычыраган суугунда, жер бетин аппак кар баскан декабрь айында туулуптурмун. Кар күрөгөндү жакшы көргөнүм балким ошондон болуп жүрбөсүн? Андан бери алтымыш эки кар басып, мына, алтымыш үчтүн карын күрөп жүрөм. 15 жашымда кайыктын калагына окшогон, Казакбай байкем чаап берген күрөк менен күрөп баштагам, бүгүн кытайдын жеңил, эптүү кызыл пластмасс күрөгү колумда. Ошондон бери канча тонна кар күрөдүм экен? Назик карды шилеген сайын, аппак кардын бетинен аппак экрандан көргөнсүп, өткөн күндөрүмдү, өткөн жакын адамдарымды көрөм.

Абийрбек Абыкаев

Бул дүйнөдөгү тааныш-билиштеримден тиги дүйнөдөгү тааныштарым көбөйүп кеткендей. 63 жашка келсем да бүтпөгөн кыялдар, тентек ойлор ээлеп алат, кыялымда күтүлбөгөн жаңы ачылыштарды жасайм. Ал ойлорум, ачылыштарым күрөлгөн кар менен сыртта калып жок болот. Атаңдын көрү, балакеттин баарын чыгарып жатышкан япондор менен кытайлар ойлогон ойлоруңду түз эле компьютерге жиберген аппарат ойлоп тапса гана!.. Карды күрөп бүтүп, күбүнүп үйгө кирдим. Үйгө киргиче эле жоголгон ойлорумду кийинки кар күрөгөндө таба аламынбы? Ай, кайдан… Мейли, өмүрүңдөй узун-кыска ойлор өлмөйүнчө түгөнмөк беле…

Айылда туулуп-өсүп, шаардык болуп кеткендер кар күрөгөндү сагынат болду бекен?