ШАКИР Олжобай: ТЕЛЕФОН АВТОМАТЫНАН ЖЕТОН КАЙРА ЧЫКСА ЭРКЕК ҮШКҮРӨТ ДА, ЖОЛУНА ТҮШӨТ. АЯЛ БАШКА НОМУРДУ ТЕРЕТ

♦ ♦ ♦

Жильбер СЕСБРОН
(1913-1979), француз жазуучусу

Акыркы сөз айтканга эмес, акыркы кадам жасаганга аракеттен.

♦ ♦ ♦

Том СТОППАРД
(1937), англис драматургу

Демократия – бул добуш берүү эмес, добуштарды саноо.

♦ ♦ ♦

Влодзимеж СЧИСЛОВСКИЙ
(1931), поляк сатириги

«Ууру!» деп кыйкырсаң, баары жалт карайт. «Адам!» деп кыйкырчы, эчким кулак түрбөйт.

* * *

Тагдыр сокур, бирок алдынан чыккандын баарын жыга чабат.

♦ ♦ ♦

Курт ТУХОЛЬСКИЙ
(1890-1935), немис жазуучусу, публицист

Көпчүлүк адам таптакыр китеп окубайт, бирок окугандай рецензиялайт.

♦ ♦ ♦

Жюльен де ФАЛКЕНАРЕ
(1898-1958), бельгиялык жазуучу

Афорист бир канча сөз менен бир китепке тете, бир китеп менен бүтүндөй китепканага тете ойду айткысы келет.

♦ ♦ ♦

Роберт ФРОСТ
(1874-1963), америкалык акын

Эне кургурдун 20 жылда эптеп киши кылган баласын, эне болор дагы бирөө 20 мүнөттө эле көзүнүн агы менен айландырат.

* * *

Эгерде күнүнө 8 саат тырышып иштесең, жетекчилик кызматка көтөрүлүшүң мүмкүн, бирок жетекчи болгондон кийин күнүнө 12 сааттан иштөөгө тийишсиң.

* * *

Мээ чынында укмуштай орган: ал ымырт таңда ойгоноруң менен иштейт. Жумушуңа жеткенче тынымсыз иштеп атып эле кеңсеге киргенден кийин иштебей калат.

* * *

Мен эчнерседен коркпойм, коркоктордон корком.

♦ ♦ ♦

Рамон Гомес де ла СЕРНА
(1888-1963), испан жазуучусу

Ойлонгон оңой, жазган кыйын.

* * *

Телефон автоматынан жетон кайра чыкса эркек үшкүрөт да, жолуна түшөт. Аял башка номурду терет.

* * *

Пейзажист жаратылышты гана жай отуруп тартат. Себеби ал окшошпой калдым дебейт.

* * *

Эмнеге кыздар кемпирдей, кемпирлер кыздай боёнот?

* * *

Бакыт деген эмне? Бактысыздар өздөрүн бактылуу сезгенинде.

* * *

Ташбака шашпаган үчүн көп жашайт.

* * *

Ово эненин Адам атага айтканын уккандан бери алманын бети кыпкызыл.

♦ ♦ ♦

Фрэнк ХАББАРД
(1868-1930), америкалык карикатурист

Адамдардын черин жазуунун жолу – айткан аңгемелерин уга бил.

* * *

Эгерде сага кимдир бирөө: «Кеп акчада эмес, абийирде» десе, кеп абийрде эмес, акчада.

* * *

Чакырылбаган меймандан өткөн бөжөңдөгөн киши жок.

* * *

Сөзүңдү бөлбөй тыңшаган жандардан абайла.

* * *

Бокс мелдешинде колгап чечпей, полдо жаткан тишиңди тергенден өткөн азап жок.

Которгон Олжобай ШАКИР