ШАКИР Олжобай: Эл чыныгы журт башысыз жок болуп кетет

Тимур ЗУЛФИКАРОВ

(1936-ж), москвалык тажик акыны

ОЙ СЕРП

Төбөл болуп туулуш керек. Бул жазуучулук же пайгамбарлык касиеттей эле сейрек касиет. Мен дайыма кайталайм, кайсы бир убакытка чейин эл чоң жазуучусуз деле жансактай берет, а чыныгы журт башысыз жок болуп кетет.

* * *

Адам жашоосун экономика гана эмес, СӨЗ да аныктайт. СӨЗ ириде империяны жаратса, кайра анын ташталканын да чыгарат. Бийликтер Кудай-таала СӨЗ жаратуу касиетин берген адамдар менен баарлашып турууга тийиш. Чыныгы төбөлдөр чоң таланттар менен тыгыз байланышта болгон. Иосиф Сталинди кол жолу бош болгон деп ким айтат, бирок ал Михаил Шолохов менен ондогон жолугушууларга убакыт тапкан.

 

* * *

Иран президенти Батышта чабандын баласы эчкачан бийликке келалбай турган система курулган дейт, эң жаманы ушул. Чынында бүгүн Батышта ким бийликке келерин карагылачы, ал адамдар философия, тарых, элдин даанышмандыгы жана чыныгы дин эмне экенинен түшүнүгү жоктор. А Чыгышты карасаң, Аятолла Хомейни, Махатма Ганди, Дэн Сяопин өңдүү улуу философтор бийликте болгон.

* * *

Баарыбыз эле аткаминерлерди жек көрөбүз, бирок ошолор болгон үчүн да жашоо улантып жүрөбүз.

* * *

Менин тилегеним, Тажикстандын өз Дэн Сяопини чыгып, жети миллион калкы токчулукка жетип, Москвада асман тиреген кабат үйлөрдү курганы тентип жүргөн сомодой жигиттер куурабаса…

* * *

Чыгармаларым дүйнөнүн он беш тилине которулду, бирок эң жаман жери – бирөөсү да өз эне тилиме оодарыла элек. А мен Мекениме барып, жердештеримдин мактоосун укканда, өз эне тилимде жазалбаганым үчүн жерге кирип кетейин дейм.

* * *

Чыныгы адабият өлүп атат дечүлөр арбыды. Жок, адабият өлүшү мүмкүн эмес, антип чуу салып жер сабагандар чыныгы адабиятты өздөрү жараталбагандар. А нарктуу адабиятты түптөгөндөр качан болсо үндөбөйт. Мисалга, жалаң чоң темаларга жамынып чайкоочулук жасап көнгөн Паоло Коэльо деген жеткен шүмшүк бар. Артында чоң акча, чоң реклама, чоң көзбоёмочулуктар тургандыктан, азыр керек болсо акыл-эстүү адамдарга чейин Коэльонун чыгармалары укмуштуу көрүнүп жүрөт. Тек гана азыр жижиң калемгерлердин (графомандардын) заманы келип туру…

* * *

Апакем легендарлуу профессор Людмила Успенскаянын тагдыры Тажикстан менен чырмалышкандыктан, менин Мекеним төөнүн эки өркөчүндөй: бири – Тажикстан, бири – Россия. А мен эки өркөчтүн ортосунда отурам. Бирок ошол кош өркөчтөй Мекенимдин экөөсү тең жакыр тургандыктан, жакырчылыкта жашоого өзүм да көнүп калгам. Себеби элиң жакыр болсо, ошол элдин кайнаган турмушун жонтериңен сезиш үчүн өзүң да жакыр болушуң керек.

* * *

Мухаммед пайгамбардын улуу хадисинде адам картайганда анын сараңдыгы (бирок өзүм итке минип жүрсөм, эмнеме сараң болоюн!) жана куру кыялы жашарат дегени ырас бейм, азыркы куру куялым эмне, – өкмөт үй берсе, жети томдугумду чыгарууга көмөктөшсө. Мына, хадистеги жөнсүз куру кыял башыма келгени…

* * *

“Аллах кайрым кылган адамга адамдар кайрым кылбайт” деген өз накылым бар. Мында ачуу чындык жатат. Тирүү адам болгондон кийин мээнетиңдин дөөлөтүн да көргүң келбей койбойт. Өзүмө таңгалганым: чыгармачылыгымдын чыйрын Рудакинин “Карылыкка болгон нааразылык” (“Шикоят аз пири”) дегенин которгондон баштаптырмын. Анда Рудаки “…өмүрүмдө кимге канча бердим, а мага ким канчасын кайтарды?..” деп бүтүрөт. Анын сыңарындай карылыгыма болгон нааразылыкты азыр өзүм жазсам, мен кимге канча бердим, алар мага канчасын кайрыды, – эсептечү болсом, башкалардын болор болбосту бергенинен өзүм уялмакмын…

* * *

Мени 1991-жылы Нобель сыйлыгына көрсөтүштү. Аныгында Нобелдик сыйлыкты Томас Манн, бизден Бунин, Шолохов, Пастернак өңдүү залкарлар алып келген. Бирок акыркы ондогон жылдарда Нобелди саясый негизге байланыштуу берип жүрүшөт. Мен деле саясат менен алектенимиш этем, керек болсо абдан кеңири масштабдагы саясат менен. Мисалы Хожо Насреддин менен президент Клинтон, Ельцин жана Путинге жолдогон ачык катымды бүтүндөй Россия окуду деп коркпой айталам. Негизинен Нобелге жүткүнгөндөрдү колдогон кожолор кандайдыр бир ири таасирдеги коомдук күчтөр болууга тийиш, айталы албан-субандай европалык басылмалар, банктар жана католиктик уюмдар. Маселен, Шолоховдун колдоочусу Совет мамлекети болду, а меникин “Неофольклор”, модерно-архаика же байыркы даанышмандыкты жаңыча притчаларга жуурулуштурган адабият деп жүрүшөт. Ооба, менин фольклор каарманым Хожо Насреддин таптакыр жаңы нуктагы, мурда болуп көрбөгөн адабий жөрөлгө. Аны азыркы адабияттын алкагынан караган адистер Нобель сыйлыгын алууга менин мүмкүнчүлүгүм чоң экенин айтышат, дүйнөдө мындай адабият жок деп да жүрүшөт. Албетте, бул өзүмдү өзүм мактагандык эмес, бирок кудай-тааланын акыйкаттыгы болгондо Нобелди алда качан алышым керек болчу.

Кыргызчалаган О.ШАКИР