ШАКИР Олжобай: Улукмандан улуу кеп

Ибн Сина АВИЦЕННА (УЛУКМАН)

(980-1037), перс даанышманы, дарыгер, математик жана акын

Бакытын баалай албагандын шору арылбайт.

* * *

Эгерде жакын досум душманымдын босогосун шыңаарлап жүрсө, аны экинчи жаныма жуутпайм. Андай дос шербетке аралаш уу же бүксүгөн тарпка конгон чымын сыяктуу коркунучтуу жан.

 

* * *

Кыймылсыз жандан чүчкүрүк кетпейт. Жамбаштап жатканды сүйгөндөр борпоң, мажүрөө келет.

* * *

Жаштыгы менен коштошкон жалын менен бийлей албайт.

* * *

Дайыма мас болуп жүрүүдөн боор менен мээ жабырлайт. Ичкилик нерв ооруларын алсыздандырып, күтүүсүздөн жаныңды алып тынат.

* * *

Дене кыймылын үзгүлтүксүз улантып жүргөн адам дартына дабаа дары-дармектерге эч качан муктаж болбой жашайт.

* * *

Дарыгерге бүркүттөй көрөгөчтүк, жыландай акылдуулук, арстандай айбаттуулук керек, колдору гана кыздардыкындай назик болууга тийиш.

* * *

Осуятым биринчи – тоё жебе тамакты,

Осуятым экинчиси – опсуз ичпе шарапты.