ШАКИР Олжобай: МАМАЛАК БАККАН ТҮЛКҮ

Фин жомогу

Аю өзүнүн мамалактарын бактырмакка «нянька» издеп жөнөйт. Токойду аралап жүрүп, карышкырга кезигет.

– Кайда жөнөдүң, Аюке? – дейт кашабаң.

– Мамалактарымды карай турган бирөөнү табыш керек эле, – дейт күрпөң аю.

– Мени деле «нянька» кылып алың, – дейт карышкыр күнк-мыңк.

– А сен ырдаганды билесиңби? – аю кызыга түшөт.

– Албетте, ырдайм, – карышкыр ошол замат уңулдайт: – У-у-у! У-у-у!

– Эй койчу, сеники жарабайт, үнүң ачуу экен, – аю андан ары жолун улайт.

Алдынан коён жолугат.

– Кайда жөнөдүң Аюке?

– Мамалактарымды карай турган бирөөнү табыш керек эле.

– Мага бактырбайсыңбы мамалактарыңды.

– А сен ырдаганды билесиңби?

– Пу-пу, пу-пу, пу-пу – ырдаганы ушул болду коёндун.

– Эй, сен да кыйратыпсың, ырдаганың жарабайт, – аю коёнду да жактырбай жолуна түшөт.

Түлкү кезигет алдынан.

– Кайда жөнөдүң Аюке?

– Мамалактарыма «нянька» издеп жүрдүм эле.

– Мага бактырбайсыңбы аларды.

– Ырдаганды билесиңби анан?

– Билбегендечи. Сонун бир ырым бар, – түлкү мактанды да, үнүн созолонтту:

– Укта бөбөк ойгонбой
Ырдап берем торгойдой:
Аваз үнмүн ой-вой-вой,
ой-вой-вой, вай-вай-вай!

– Йеп, бали! Үн эмес бекен! Кеттик! – аю жетиналбай турду. Күрпөңдөп түлкүнү үйгө ээрчитип жөнөдү.

Эртеси аю ууга жөнөп кетти. Түлкү болсо эч иш кылгысы келбеди, мамалактарды да тойгузбады, бок-сагын да тазалабады.

Аю кечинде келип сурады:

– Мамалактарымды жакшылап карадыңбы?

– Аларга керээлдин кечке ырдап бердим, – деди жанын жегир түлкү.

Чарчап келген аю башка эч нерсе сурабады. Тырп этип уктап калды.

Эртең менен туруп, ууга кетти. А түлкүгө эмне – ачка мамалактарды кароосуз таштады.

Аю кечинде келгенде мамалактары курсактары ачканын даттанып, уңулдай баштады. Аюнун жини кайнады.

– Жанагы жарыбагыр «нянька» деген немеңер кайда жүрөт?

Муну уккан түлкү карап турабы, зып койду, куйругун булаңдатып токойго кире качты.

Которгон Олжобай ШАКИР