Франсуа де ЛАРОШФУКО
(1613-1680) француз жазуучусу
Жарык дүйнөдө карылыктын карылыктай үлгүсүн көрсөткөн карылар эң эле аз.
* * *
Акылсыздыгың улам карыган сайын оркоюп турат.
* * *
Бирөөгө кылган марттыгың үчүн мартабаң көкөлөгөнү – барып-келип тартууңдун баасынан ашып түшөт.
* * *
«Мен кылдым!» деп көпчүлүк көзүнчө төш койгулаганың эмес, көмүскөдө бекинип жасаган ишиң чоң эрдик.
* * *
Калыбы, өзүбүздү өзүбүз мактабаганда, өзгөлөрдүн кошоматчылык үчүн айткан мактоосунан бузулбайт элек.
* * *
Чыныгы сүйүү көрүнчүгө окшош. Ал жөнүндө баарыле сөз кылат, бирок көргөндөр чанда.
* * *
Ойноштор бири-биринен узакка чейин жадабаган себеби, өздөрү жөнүндө көп камсанашат.
* * *
Баатырдын башкалардан айырмасы – атак-даңкы эле.
* * *
Бирөөгө жамандык кылганыбыздан да, ашкере жакшылык кылганыбыз опурталдуу.
* * *
Ачылган абийрин жабыш үчүн куулук-шумдукка барган шумпайга караганда, болгонун болгондой моюнга алгандын айыбы кечиримдүү.
* * *
Чындыкты жашыргандарга таарынгандын кажети жок. Себеби баарыбыз эле чындыкты жашырабыз.
* * *
Жакшылыкты билбегенге жакшылык кылгандан да, акмакка кызмат кылгандан өткөн акмакчылык жок.
* * *
Баарынан акылдуу көрүнгүсү келген кишиден өткөн байкуш жок.
* * *
Күн менен өлүмгө тике караган эчким жок.
* * *
Баарыле унутчаактыгына шылтайт. А бирөө да эс-акылына шылтагысы келбейт.
* * *
Баарыле бирөөнүн сырын билгиси бар, бирок эчким өзүнүн сырын бирөөлөр билишин каалабайт.
* * *
Көпчүлүктүн жаагы жап болуп турган жерде топ жарып сүйлөш кыйын.
* * *
Кээде көз жашыбызды төгүп атып, ага башкалар менен өзүбүз да ишенип алабыз.
* * *
Өзүбүздүкүнөн да өзгөлөрдүн ишине эс-акыл менен караганга кыйынбыз.
* * *
Эгерде коом бири-бирин мурундан сүйрөп жүрбөгөндө, адам сыягынан айрылып калмак.
* * *
Пендечилик чыр-чатактардын узактан бери уланып келаткан себеби, дайыма эки тарапта тең күнөө бар.
* * *
Биздин булчуң этибизден да мээбиз жалкоо.
* * *
Коколой баштуулар көп, көзкарандысыз адамдар аз.
* * *
Эгерде күнөө бир эле жакта болсо, пендечилик чыр-чатактар узакка созулмак эмес.
* * *
Бирөөгө туура кеңеш бергенибиз менен аны аткаруунун туура жүрүм-турум жолун көргөзө албайбыз.
* * *
Жанталашкан түр көрсөтүп, башкаларды ишке шаштырмай айдатма жалкоолордун гана колунан келет.
* * *
Сөөлөттүү көрүнөм деп сөөлөтүнөн айрылгандар толтура.
* * *
Айрымдардын кемчилиги өздөрүнө куп жарашат. А нарктуу көрүнгүсү келгендерди карап отурсаң, Кемчонтойдон айырмасы жок.
* * *
Өзүмчүлдөр баарынын тилин табат. Бардык ролду катырат. Ал эмес эч кызыкчылык көздөбөгөн дидары таптаза инсандын ролун дагы.
* * *
Акылы чолоктун акылы куру көкүрөктө.
* * *
Кара жанды карч уруп иштесең, жан кайгыны билбейсиң. Мээнеткечтер ошонүчүн бактылуу.
* * *
Мансаптан алыс жүргөн адам даражалуу кызматка татыктуу талапкердей көрүнө берет.
* * *
Аял десе жантыгынан жата калган эркектин көбү аялзатын жеккөрөт.
Кыргызчалаган О.ШАКИР