ШАКИР Олжобай: ЧЖУАН-ЦЗЫ: КАКЫЛДАП-КАКШАГАН МИҢ ООЗ КЕБИҢ ЖЕЛГЕ СИҢЕТ, А ООЗ АЧПАЙ ЖҮРҮП АЙТКАН БИР ООЗ КЕБИҢ ЭЛГЕ СИҢЕТ

ДИЛАЗЫК

Баарын билгиси келген адам эле даанышман болуп чыкпайт.
* * *
Кыйшык темирди түз темир менен урсаң, түз темирди да майыштырасың. Эгер далилденген ишти далилсиз жүйө менен далилдейм десең, экөөнүн тең ишбалдасы чыгат. Билимсиз кара күчкө салат, а билимдүү дайыма ар нерсенин өзөгү менен тамырын табат.
* * *
Билими терең – токтоо, салмактуу. А билими чала кайда барып мурдумду тыксам деп убара.
* * *
Биздин өмүр чектелүү, а билимдин чеги жок. Чама-чаркың чектелүү туруп, чексиздиктин артынан кууган – опурталдуу. Чектелүү билим менен чексиздиктин артынан кууган – анык кыйроого кабылат.
* * *
Акылман көп үндөбөгөнүнүн себеби – тил учунан өрт тутанып кетерин билет.
* * *
Пайдалуу нерсенин пайдасын баары билет, а пайдасыз нерсенин пайдалуулугун билгиси келген жан жок.
* * *
Өмүр бою какылдап-какшаган миң ооз кебиң желге сиңет, а өмүр бою ооз ачпай жүрүп айткандагы бир ооз кебиң элге сиңет.
* * *
Көзү көр адамга сулуунун өң-келбетин, жашыл түстүү үлбүрөгөн жибек көйнөктү мактап, музоо кирпигинен тартып, келишимдүү ажарына чейин сүрөттөп бергениңден майнап чыкпай.
* * *
Адамдын баардык жөндөмүн туураса болот, асмандын кудуретин тууроо мүмкүн эмес.
Которгон Олжобай ШАКИР